Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Бишкекте мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселеси боюнча кеңешме өттү

3-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселесине байланышкан кеңешме өткөрдү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышты.

Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселеси кеңири коомчулуктун катышуусунда өтүшү керектигин белгилеп: “Кыргызда “Кеңешип кескен бармак оорубайт” – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, аталган маселеге бардык жарандар катышып, текстин жана обонун сунуштоого эч кимге чектөө коюлбашы керек. Эл акыны же тажрыйбалуу композиторлор эле эмес, бардык чыгармачылыкка кызыккан жарандар өз вариантын сунуштай алгыдай мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл. Алардын ичинен өлкөбүздү даңазалап, элибизди алдыга сүрөп, демине дем кошо турган мыкты гимнди атайын комиссия тандап, Жогорку Кеңешке киргизиши шарт”, – деди төрага.

Муну менен катар төрага кийинки жумада тиешелүү комиссиялар түзүлүп, эң кеч дегенде келе жаткан жылдын апрель айына чейин жаңы гимн кабыл алынышы керектигин белгиледи. Тагыраагы, аталган убакытка чейин кеңири талкуулар уюштурулуп, сынактар өткөрүлүп бүтүшү зарыл деген оюн айтты.

Эгемендүүлүгүбүздүн эң негизги символдорунун бири саналган гимн жаңы багытта, жаңы көз карашта жазылышы керектиги белгиленди.

Алсак, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөдөгү жаңыланууларга, жакшы өзгөрүүлөргө жана реформаларга ылайык жаңы мамлекеттик гимн жазылышы зарыл экенин жүйө келтирип: “Кыргызстаныбыз азыр өнүгүү жолуна түшүп, бардык тармактарда алгылыктуу иштер аткарылууда. Мамлекетибиз үчүн маанилүү болгон ири долбоорлор ыкчам ишке ашып, калктын келечекке болгон ишеними артууда. Андыктан, жаңы багытыбызга, жаңы кадамыбызга шайкеш келген гимнди тандап алышыбыз керек”, – деди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар