29-ноябрда борборубуз Бишкекте Президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Журналисттер бирикмесинин жаңы кеңсеси ачылып, анын ачылуу иш-чарасына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, аксакал журналисттер Эсенбай Нурушев, Мелис Айдаркулов, Нарын Айып, Нышанбек Кочкоров, Курманбек Раматов, Абдыкадыр Султанбаев, Мырзакат Тыналиев, УТРКнын баш директору Болотбек Тиллебаев, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков жана башкалар катышышты. Иш-чарага чогулган журналисттер, бул кесиптин ардагерлери кыргыз журналистикасынын учурдагы абалы, өткөнү жана келечеги, маалымат каражаттары менен алардын кызматкерлерине байланыштуу көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдорун талкуулашып, эркин баарлашышты.
Журналисттерге ипотекага үйлөр берилет
Аталган иш-чараны Журналисттер бирикмесинин төрагасы, 7-канал телеканалынын жетекчиси Ильяз Балташев ачып, бирикменин алдыга койгон максаттарына токтолду. “Биздин бул жаңы кеңсебизде журналисттер үчүн тренингдер, семинарлар өтүп турат. Бул жер ЖМК өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр менен диалог жүргүзүү үчүн ыңгайлуу аянтча болуп берет. Бул жаңы кеңсе сиздердин колдооңуздар менен чоң-чоң жетишкендиктердин башаты болуп берет деп ишенем. Журналисттер союзунун негизги милдеттери ЖМК өкүлдөрүнүн укугун коргоп, коопсуздугун камсыздоо, региондордогу журналисттерди колдоо жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ЖМКлар аркылуу коомдук прогресске салым кошкон идеяларды ишке ашыруу. Жалпысынан бул кеңсе ар бир журналист үчүн дайыма ачык жана бул жерден күчтүү демилгелер, жаңы идеялар, келечекке карай бекем кадамдар жаралат деп терең ишенем”, – деди И. Балташев. Буга улай бирикменин төрагасы Журналисттер бирикмесинин 50 мүчөсүнө Мамлекеттик ипотекалык компания курулуп жаткан үйлөрдөн 50 батир бөлүп бере турганын кошумчалады.
Каалоо-тилектер менен бирге көйгөйлөр да айтылды
Өмүр бою журналистиканын аркасында жан багып келе жатканын баса белгилеген аксакал журналист Эсенбай Нурушев жалпы калемдештерди жаңы кеңсе менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Андан кийин сөз алган Журналисттер бирикмесинин мурдагы төрагасы Абдыкадыр Султанбаев Журналисттер бирикмесинин жаңы төрагасы Ильяз Балташевдин кыска аралыкта жакшы иштерди жасаганын баса белгилеп, буга чейин бирикмени “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн редакциясы канатына калкалап келгенин айтты. “Өткөндөгү жолугушууда Журналисттер бирикмесинин 15 адамдан турган кеңеши түзүлгөн. Бирикменин этика комиссиясын түзүү, журналисттер арасындагы ынтымакты чыңдоо максаттары, келерки жылга карата бардык пландары бар. Буюрса анын баары ушул жаңы кеңсебизде ишке ашат деп ойлойм”, – деди А.Султанбаев.
Экс-төрагадан соң сөздү аксакал журналист Курманбек Раматов алып, КРнын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун бирикменин иш-чараларына үзбөй катышып жатканына ыраазычылыгын билдирди. “Бизде күчтүү журналисттер, саясий, экономикалык баяндамачылар бар үчүн мамлекетибиз өсүп-өнүгүп келди. Азыр да мыкты журналисттер чыгып жатат. Минтип өлкө жетекчилигинин мамлекеттик маалымат саясатын колго алуу боюнча аракети бизди кубандырат. Анан учурдан пайдаланып айта кетейин, азыр райондук, облустук гезиттер чыкпай калды. Элеттик эл баары бир гезит окуйт, ушуга мамлекет көңүл бурушу керек. Экинчиден, “Учкун” имараты курулганда анын каршысындагы имарат жалаң редакциялар үчүн курулган. Ошол учурда “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”), “Слово Кыргызстана” өңдүү чоң редакцияларга эки кабаттан, калган аялдар, “Кырчын”, “Байчечекей” сыяктуу балдар журналдарына бир кабаттан бөлүнгөн. Бул боюнча атайын документтер да бар. Кийин ар кандай себептер менен бул имараттар акционерлештирилип кеткен. Эми Президент Садыр Жапаров чечкиндүү чараларды көрүп, туура эмес менчиктештирилип, сатылып кеткен жерлерди кайра мамлекетке алып жатат. Азыр улуттук биринчи басылмабыз “Кыргыз Туусу” гезити турган 50 жыл мурун салынган имарат араң эле турат. Ушул жагын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы эске алса жакшы болот эле”, – деди. К.Раматов.
Буга улай аксакал журналист мамлекеттик гезиттерге маани берилбей, алардын нускасы аз болгондуктан сырттан ар кандай, гезит-журналдар келип кыргыз маалымат айдыңын ээлеп жатканын баса белгиледи.
Имаратка жараша ишибиз дагы жакшы болсун
Иш-чарада мурдагы “Адилет” программасынын негиздөөчүсү Нышанбек Кочкоровго сөз берилип, ал Журналисттер бирикмесинин жаңы кеңселүү болушуна УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин салымы чоң экенин билдирди. “Бизде жазуучу журналисттер жана телевидение, радио, жана башка маалымат булактарынын журналисттери болуп экиге бөлүнүү көптөн бери келе жатат. Бүгүн жазган журналисттер, радиочусу, телевидениечиси, интернетчилери дагы келип журналисттик кесиптин мазмунун, маанисин арттыралы деген тыянакка келип отурабыз. Журналистика бир топ татаалданды, мезгил ыргагы өзгөрдү. Дүйнө жүзүндө былк эткен нерсени ошол замат элге жеткирип жатышат. Мындай кесиптештерге да тан беришибиз керек. Ошону менен бирге эле журналистиканын “ж” тамгасын билбегендер дагы журналист терисин жамынып алып жаман иштерди жасап, журналисттердин наамын булгап коюп жатат. А биз журналистика деген кесипти окуганбыз, ушул кесип менен өмүр бою жашадык жана журналист боюнча калабыз, Кудай буюрса. Андыктан ушул жакшынакай имараттагы жайыбыз тренинг, семинарларды өткөргөн эле жер эмес, каалаган кезде келип чайлашып, ак менен караны, ачуу менен ширинди, өткөн менен кеткенди таразалай турган жер болсун деп тилейм. Өткөндү эңсей бербей эми кесиптештер, биз да өзгөрөлү. Принциптерибиз мындан дагы бийик болсун”, – деди Н.Кочкоров.
Кийинки болуп сөз алган белгилүү журналист Нарын Айып бул кеңсе жаш, улуу журналисттер тажрыйба ала турган, баарлаша турган куттуу жай болушун каалап кетти. “Паркинсондун “Канчалык кеңсе жакшы болсо иш ошончолук жаман болот” деген мыйзамы бар. Жертөлөдө иштегендер ушундан чыгып кетейин деп абдан жакшы иштешет, а чоң килем төшөлгөн жерге баргандар ыкшоо тартып, каадаланып калышат. Ошондой болбой бул бирикменин имаратына жараша иши да жакшы болсун”,-деди ал.
Иш-чарада сөз берилген белгилүү журналист Мелис Айдаркулов аксакал журналисттер 33 жыл бою Журналисттер бирикмесинин процесстеринен четке сүрүлүп калганын жашырган жок. “Биз менен эч ким эсептешип, кеңешкен, акылдашкан, чогулткан да эмес. Андыктан бүгүнкү чогулуубуз, кеңсебиз кут болсун. Менимче, Журналисттер бирикмесинин алдында аксакалдар кеңешиби же бирикмесиби, айтор, бир уюм түзүш керек окшойт. Албетте, биз баягыдай журналистикага активдүү катыша албасак дагы айтар кебибиз, кеңешибиз, тажрыйбабыз бар. Анан айтарым, азыр кесипкөй журналистиканы блогерлер тебелеп кетип, кесипкөй журналистика экинчи планга сүрүлүп калды. Журналистикалык бирикменин негизги милдети кесипкөй журналистиканы кайра ордуна келтирүү болуш керек. Эгер кесипкөй мыкты журналисттер чыкса блогерлер эч убакта аларга теңтайлаша албайт. Ошондуктан бирикме ушул маселени көзөмөлгө алышы керек. Керек болсо азыр мамлекеттик, жеке редакцияларда иштеп жаткан кесипкөй журналисттердин акыбалын сурап, камкордук кылган эч ким жок. Жазуучулар союзу көптөгөн конкурстарды уюштуруп, акча таап, “Алтын калем” сыйлыгын тапшырып жатат. Ушундай иштердин башында Журналисттер бирикмеси турушу керек – деди М. Айдаркулов.
Журналистика байыркы кесип
Кызматынан “кыянатчылык менен пайдаланбай”, өзүн ишке алган аксакалдарга сөз берген Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго сөз тизгини тийгенде ал жерде отурган чыгаан журналисттер менен бир кезде катар басууну кыялданганын ортого салды. Буга улай ал союз доорунда журналисттердин кадыр-баркы абдан бийик болгонун айтты. “Журналисттерди төртүнчү бийлик деп бекеринен айткан эмес. Төртүнчү бийлик деген сөз 1968-жылдан 1979-жылга чейин абдан күчүнө келген. Себеби, ЦК Компартиянын 27-съездинде “Журналист – это четвёртая власть” деп кескин түрдө айтылып, журналисттин орду, акыбалы, кадыр-баркы, коомдогу орду жана анын юридикалык статусу съезддин чечимдерине кирип калган. Ар бир республика “Журналисттерге бул шарттарды түзүп берсек булар бизди жеп койбойбу” деп корккон. Ошол себептен журналисттерди ошол кезде чилдей таратып бөлүп турушкан. А чындап келсе журналисттердин күчү, биримдиги дүйнөнү аңтарып салат. Байыркы доорду алып карасак деле адам баласы тили чыкканга чейин эле аскаларга сүрөттөр аркылуу маалыматтарды калтырышкан. Өздөрүнүн жашоосун, мергенчилигин, аракетин, сүйүүсүн таштарга чеккен. Дүйнөдөгү 16 миң таш эстеликтин 9 миңин биздин окумуштуулар чечмелеп окуп чыгышты. Эң таң калтырганы анын баары ошол доорлордон калган маалымат. Ошондуктан тамашалап тил чыккандан мурун журналистика кесиби чыккан тура деп калабыз. Андыктан сиздердин кесип чынында эң эле байыркы кесип. 7,5 млн. элдин ичинен көп болсо миңге жетпеген адамга ушул кесип, жазуучулук касиет, күч берилип жатат. Ошон үчүн бүгүн ушинтип чогулуп жатканыбыз жакшы жөрөлгө, – деди Мамлекеттик катчы.
Журналисттер бирикмесинде жаш мүчөлөр
Мамлекеттик катчыдан соң кеңсенин ачылышына келген белгилүү журналисттер Гүлмира Кулумбаева, Мырзакат Тыналиев, Гаарба Орозматов, Кабыл Макешов, Элнура Алканова, Нурдин Дүйшөнбеков, Чынара Капарова омоктуу ойлорун ортого салышып, айрымдары Журналисттер бирикмесинин жаңы кеңсесине белек-бечкектерин тапшырышты. Журналисттер союзунун төрагасы Ильяз Балташевдин өтүнүчү менен Сүйүнбек Касмамбетов ырым катары “Ала-Тоо-24” каналынын кабарчысы Элиза Нурматовага, 7-каналдын кабарчылары Илимбек кызы Сезимге, Жаныбек кызы Мимозага бирикменин күбөлүгүн тапшырды.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”