Бүгүн, 6-декабрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.
Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Баарлашуу учурунда мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.