whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСи Цзиньпин Садыр Жапаровду Кытайга келип кетүүгө чакырды

Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кытайга келип кетүүгө чакырды

Кыргызстандын президентин туулган күнү менен куттуктаган Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кытайга келип кетүүгө чакырды.

Си Цзиньпин кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берерин айтып, Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан менен түзүлгөн жакшы мамилелерди жана жеке достукту жогору баалаганын баса белгилеп, келерки жылы эки тарапка тең ыңгайлуу убакта Кытайга келип кетүүгө чакырган.

“Үстүбүздөгү жылдын июль айында Шанхай кызматташтык уюмунун Астана саммитинде биз кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча жолугушуу өткөрдүк жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы доордогу багыттарын аныктоо менен жогорку сапаттуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашууга жетиштик», — деп айтылат Кытайдын төрагасынын билдирүүсүндө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар