Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Шакыйым кармабасын десең…

Күнүмдүк режимдин бузулушу, кеч уктоо, ызы-чуунун таасири адамдын баш оорусу — шакыйды күчөтө турган факторлордун бири.

Дарыгерлердин айтымында, шакый – бул коркунучтуу баш оору, бул оору өтүшүп кетсе, кан тамырлар кысылып, көздүн көрүүсү, кулактын угуусу начарлап инсультка чейин алып келиши мүмкүн. Кээ бир адамдар шакый менен өспүрүм кезден жабыркашат жана бул оору менен көбүнчө аялдар оорушат.

Шакыйды же баш ооруну күчөтө турган факторлордун бири тамак-ашка да байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы, сырдын, шоколаддын, жаңгактардын жана кызыл винонун курамындагы айрым химиялык заттар, көбүрөөк жеген учурда шакыйы бар адамдардын баш оорусун күчөтүшү мүмкүн.

Шакыйы бар адам ушул ооруну күчөтүүчү факторлорду жокко чыгарса, баш ооруну азайтууга болот.

Шакый оорусунун негизги белгилерине токтолсок, баштын жарымы, көз кошо ооруп, жүрөк айланып, кусканда жеңилдик келиши мүмкүн. Мында ачык жарыкка жана ызы-чууга адам өтө сезимтал болуп, өзгөчө ызы-чууну сүйбөй калат. Бирок, шакыйды толук айыктыруу мүмкүн эмес, бир гана ооруну күчөтүүчү факторлорду азайтуу керек.

Эгер баш катуу ооруса, ооруну баса турган 2, 3 дарынын ичинен эң жеңилинен баштап ичүү керек, ал жардам бербесе гана кийинки этабына өтүү дарыгерлер тарабынан сунушталат. Бирок, дарыгердин дайындоосу жок, өз алдынча дарыларды кабыл алуу ден соолукка кооптуу.

Дарыгерге барып көрүнгөнгө убактысы, мүмкүнчүлүгү жок болуп, баш ооруну дарылар менен убактылуу басып жүрө берген учурлар бизде абдан көп кездешет. Баш ооруган учурларда ооруну басуучу кеңири колдонулган тримол менен цитрамон сыяктуу дарыларды ичип жүрө берүү ден соолукка өтө кооптуу.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар