Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Даун синдромуна чалдыккандар көбөйүүдө

3-декабрда майыптардын эл аралык күнү белгиленип, анда өлкө боюнча Даун синдромуна, аутизм оорусуна чалдыккан балдардын саны жыл сайын өсүп жатканы айтылды.

Даун синдрому менен балдар бардык эле кылымдарда төрөлүп келген. Бирок бул синдром тууралуу англиялык дарыгер Джон Лэнгдон Даун 1866-жылы   биринчилерден болуп так маалымат берген. Ошонун натыйжасында аталган синдром Даундун фамилиясында  аталып калган.

Даун синдрому – генетикалык жактан анамалиялуу дарт болуп саналат. Бул түшүнүксүз процесс эмнеге байланыштуу пайда болору тууралуу  окумуштуулар али күнгө чейин так жооп табыша элек. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоонун статистикасы боюнча дүйнөдө жылына ар бир 700-800-наристе «Даун синдрому» менен төрөлөт.  Бул катыш ар башка мамлекетте, климаттык зоналарда жана социалдык катмарларда бирдей эле деңгээлде. Карындагы баланын генетикалык жактан бузулушу анын ата-энесинин жашоо турмушунан, саламаттыгынан, адаттарынан жана билиминен көз каранды болбойт.

Ошондуктан дарыгерлер «наристенин денесиндеги ашыкча хромосом үчүн эч кимдин, анын ичинде ата-энесинин да күнөөсү жок» деп эсептешет. Кыздарда да, эркектерде да мындай аномалия бирдей жыштыкта кездешет. Даундун чыныгы себептери аныктала элек. Бирок, сырткы чөйрөнүн мутагендин факторлору да таасир этиши мүмкүн.

Даун синдромундагы  балдардын айрымдарынын баш сөөгүнүн формасы туура эмес болуп, мойну  кадимки балдардыкынан айырмаланып, кыска жана жоон болот. Наристенин мойнунун арт жагындагы жана эки капталындагы бүктөм ашык терилер, акырындык менен жазылып, бара-бара жоголуп кетет. Бет түзүлүш бир аз майдараак болот. Тактап айтканда, оозу кичине, ал эми тили чоңураак болгондуктан тили көпчүлүк учурларда  сыртка чыгып турат. Бирок, бала мезгил өткөн сайын улуулардын жетекчилиги менен өзүн-өзү башкарганга үйрөнүп, мындай кемчиликтери жоголо баштайт. Таңдайы башка балдардыкына салыштырмалуу кууш, терең болот.

Айрымдарынын кулактары бир аз ордунан төмөнүрөөк жайгашат. Бакырайган көздөрү  кыйшык жайгашып, кеңил тараптан  кабагы кошумча бүктөмдөргө ээ болуп турат. Мындай форма эпикант деп аталат. Бул белги 12-13 жашка чейин даана байкалып, бирок акырындык менен жоголуп кетет.

Көпчүлүк балдардын көзүнүн карек алдындагы челинде  ак тактар болот. Бул өзгөчө ачык түстөгү каректүү балдарда даана байкалат. Көзүнүн сырткы өзгөчөлүктөрү көрүүсүнүн бузулушу менен эч кандай байланышта эмес, бирок Даун синдромундагы балдар  көз айнектин жардамы менен көрүүсүн жөнгө салууга муктаж болот. Даун синдромундагы балдардын чачы суюк болуп, жумшак жана тегиз формага ээ, тиштери майда болуп, кечирээк өсүп чыгат да, стоматологиялык дарылоону тез-тез талап кылып турат.

Даун синдромундагы балдардын бардыгынын булчуң эттери бош болуп, медицинада  ал гипотония деп аталат.

Булчуңдары бошоң болгондуктан мындай балдардын кыймылдашы да оор болот. Кыймыл-аракеттерин өнүктүрүүнү стимулдаштыруучу иш-чаралардын тынымсыз колдонулушу менен бул гипотония акырындап жоголо баштайт. Мындан сырткары, Даун илдетиндеги балдардын муун байланыштары  өтө ийилчээк болгондуктан, муундары өзгөчө кыймылдуу болуп турат. Даун илдетиндеги баланын буттары кадимки балдардыкына салыштырмалуу кыска болот.

Колдорунун да, буттарынын да манжалары кыска  болуп, бутунун баш бармагы менен башка манжаларынын ортосундагы аралык кененирээк жайгашкан. Алардын мындай өзгөчөлүгү кийген бут кийиминин таманында  калган сызыктардан да байкалып турат. Алакандары жазы  болуп, туурасынан кеткен бырыштар жайгашкан. Чыпалагы бир аз ийрейип турат. Бирок, бул белгилер баланын жалпы абалына эч кандай таасир этпейт. Даун синдрому менен төрөлгөн наристе кадимки наристеге салыштырмалуу кичирээк келип, денеси кыйшыгыраак болот.

«Күн балдарынын» медициналык терапиясын үзгүлтүккө учуратпай, алардын жөндөмдүүлүгүн убактысынан кечиктирбей өнүктүрүү керек. Логопед, дефектолог, физиотерапия, атка мингизүү, түрдүү өнүктүрүүчү ийримдер баланын өнүгүүсүнө жардам бере алат. Бирок, мунун баары каражатты талап кылары белгилүү.

Ошондой эле Бишкектен сырткаркы региондордо, адистердин же реабилитациялык борбордун жоктугу ата-энелерге машакат жаратат. Тагыраак айтканда, өзгөчө балдар үчүн атайын реабилитациялык борбор Кыргызстан боюнча бирөө эле. Бул “Келечек” реабилитациялык борбору. Анда болгону 100 балага орун бар.

Даун синдрому аныкталган балдардын расмий статистикасы жок. Бирок, “Сантерра” коомдук фондунун 2023-жылдагы маалыматына ылайык, өлкөдө «күн балдарынын» саны 474 болгон. Мамлекет тараптан аларга ай сайын сегиз миң сомдон жөлөк пул берилет.

А.АКИМБАЕВА

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар