Нурсултан Жайлообай уулу таланттардын мекени болгон Кетмен-Төбөнүн кулуну. Поэзия дүйнөсүнө аралашып, ыр жазып келатканына 20 жылга чамалап калды. «Мыкты мугалим», «Ыйык тил», «Көркөм сөз чебери» төш белгилери менен сыйланган.
Жакшылар жашайт жүрөктө
Жакшыдан жашыл бак калат,
Жамандан өчпөс так калат.
Жамандар өтсө унутулуп,
Жакшылар чексиз даңкталат.
Жаманды үйгө түнөтпө,
Жакшыны сыйла жүдөтпө.
Жамандар өтсө эстелбейт,
Жакшылар жашайт жүрөктө.
Катардан чийилгенде
Текеберлик тулпарын минет окшойм,
Терс каармандын кийимин кийет окшойм.
Асыл сезип өздөрүн кууланышкан,
Адамдарды катардан чиет окшойм.
Бара-бара бүт баарын билет окшойм,
Бир сөз менен жүрөгүн тилет окшойм.
Доор сүрүп акыры сатып кеткен,
Досторумду катардан чиет окшойм.
Жакшыларга башымды ийгим келди,
Жаркып күндөй аларга тийгим келди.
Жакшылыкты түшүнбөй ушак кылган,
Жамандарды катардан чийгим келди.
Чын жүзүңөр уялдым билингенде,
Чыксаңар да эч түшпөс бийик жерге.
Түбөлүктүү эл менен жүрө албай,
Түшүнөсүң катардан чийилгенде.
Өзүңдү өзүң камчыла
Суурулуп элден өзгөчө,
Суу болуп чөлгө тамчыла.
Өзгөдөн күтпөй жардамды,
Өзүңдү өзүң камчыла.
Жаратман болуп жаса иш,
Жалындуу жаштык куракта.
Өзгөдөн күтпөй жылуу кеп,
Өзүңдү өзүң кубатта.
Ачсаң да кабак, кашыңды,
Ачпагын эч сыр сөзүңдү.
Камкордук күтпөй эч кимден,
Камчылап жаша өзүңдү.
Калсаң да муңда, азапта,
Карабайт эч ким көзүңдү.
Кудайга гана ишенип,
Кубаттап жаша өзүңдү.
Бар
Үмүтүңө үмүт кошуп сүйдүргөн бар.
Күйүтүңө күйүт кошуп күйдүргөн бар.
Капалыкты айдап чыгып жан дүйнөңдөн,
Маңдай жара сүйүнтүп, күлдүргөн бар.
Жанды койбой какшатып, куураткан бар,
Ажаат ачып күтүүсүздөн кубанткан бар.
Улуулардын учугун улап чындап,
Келечектүү кызмат жолун уланткан бар.
Далай нерсе көксөп, бирок жетпеген бар,
Байкап көрсөм өзүн араң эптеген бар.
Канат жая чын дилинен кол сунса да,
Бир тууганын душман көрүп жектеген бар.
Бар бакытты байлык жактан издеген бар,
Бакыт эмне экенин да билбеген бар.
Ашып-ташып турса дагы өз билимиң,
Акчалуулар бийик сүйлөп ким деген бар.
Ата-энем бай болсун – деп жүргөндөр бар,
Ата-энем бар болсун – деп сүйгөндөр бар.
Башкалар эмне көксөйт айта албаймын,
Бул өмүрдү мендей эркин сүргөндөр бар.
Элим
Күндөр болсун алга карай теминген,
Күндөр болсун ырыс-бакыт себилген.
Колдоп мени бийиктикке үндөшөөр,
Колду жайып, бата сурайм элимден.
Элиң барда, аска-зоодой бийиксиң,
Элиң жокто, жалгыз калган кийиксиң.
Бата берип, колдоп турса жалпы журт,
Багынтасың бийиктерин бийиктин.
Колдоо менен, жетебиз го баарына,
Кордоо менен, жакпайбыз го калкыма.
Бирин-бири көтөрмөлөп турган эл,
Бийик болуп таанылышат жалпыга.
Элим жокто жалгыз өзүм эл болбойм,
Элим жокто мен эч кимге тең болбойм.
Эркин куштай канат керем себеби,
Элим барда эч нерседен кем болбойм.
Кантип табасың
Кырчын кез сонун экен – деп,
Кызыкка далай батасың.
Сүрдөнүп жүрсөң, уялып,
Сүйүүнү кантип табасың?
Ийгилик качан келет – деп,
Иштебей дайым жатасың.
Баш сайып күндө иштебей,
Байлыкты кантип табасың?
Теңиңди туура издебей,
Тезирек бол – деп шашасың.
Баш кошпой эле, бой жүрүп,
Бакытты кантип табасың?
Өткөндө жашың билинбей,
Өкүнүч күүсүн чаласың.
Өткөрүп алсаң кокустан,
Өмүрдү кантип табасың?
Жазгы сүйүүм
Жазым келип сүйүү багы бүрдөгөн,
Жагымдуу миң ирмемдер бар түрлөгөн.
Ашыктыктын асыл сөзүн айта албай,
А мен акын сенден кыйла сүрдөгөн.
Жазым мага алып келип сүйүүнү,
Жыргоодомун күчөп улам сүйүнүү.
Таттуу делген махабаттын баарысы,
Талап кылат тура аттиң күтүүнү.
Бүгүн мага күткөн сүйүүм келди – деп,
Бир өзүңдү ак сүйүүм – деп белгилеп.
Мендик болчу мен да сендик болоюн,
Мен өзүңдү алайынчы энчилеп.