whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.11.2025
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКүз-кыш мезгилиндеги өрт коопсуздугу

Күз-кыш мезгилиндеги өрт коопсуздугу

Күндүн суукташы менен турак жайларда өрт чыгуу ыктымалдыгы жогорулайт, бул электр жана жылытуу приборлорунун тез-тез иштешине байланыштуу.

Кырсыкты болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу иш-чараларды көрүү керек:

– жылытуучу электр приборлорду, мештерди пардалардан жана эмеректерден алыс коюу керек, отко чыдамдуу таянычтарда жакшы абалда кармоо;

– кубаттуу электр приборлорун бир тармакка кошууга жол бербөө, бул электр тармагында ашыкча жүктөөгө алып келет;

– колго жасалган электр жылыткычтарын колдонбоңуз;

– үйдөн чыгуунун алдында газ жана электр жабдуулары өчүрүлгөндүгүн текшериңиз;

– балдарга дайым көңүл буруңуз, ымыркайларды кароосуз калтырбаңыз;

Жылытуу мештери иштетилген үй чарбаларынын жашоочулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

– жылытуу мештерин, эгерде бар болсо, өз убагында оңдоого;

– морлорду көөдөн тазалоо;

– мештин дубалынын жана мордун жаракаларын кум-чопо эритмеси, гипс жана актоочу мештер менен жабуу.

Негизги коопсуздук эрежелерин сактоо сизди жана досторуңузду кыйынчылыктан сактап калаарын унутпаңыз!

  1. Тепкичтер жана коридорлор коюу түтүнгө толсо, батирде калыңыз.
  2. Эң аз түтүн полго жакын экенин, ал эми жабык жана нымдалган эшик 20 мүнөткө чейинки убакытка жалын жана күйүү продуктуларынан коргой турганын унутпаңыз.
  3. Өрт өчүрүүчүлөр сиздин жайгашкан жериңизди билиши үчүн, терезеге барыңыз, көңүл бурдуруңуз.

Мураталы уулу Р.
Бишкек шаардык Свердлов району боюнча  өзгөчө кырдаалдар  бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери, капитан

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар