Сузак районунун Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасында болгон окуя, ошондой эле Ноокен районундагы аялына өчөшүп, кызын чыбык менен сабаган атанын жоругу чоң талкуу жаратты. “Мындай окуялардан кандай сабак алышыбыз керек?”, – деген суроо менен адистерге кайрылып көрдүк.
Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча жыл сайын болжол менен 1 млрд. бала физикалык, сексуалдык же психологиялык зомбулукка дуушар болот. Бул – дүйнө жүзүндөгү ар бир экинчи бала зомбулукка кабылат деген сөз. Демек, бардык өлкөлөрдө эле балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо боюнча стратегияларды ишке ашыруу натыйжасыз жүргүзүлүп жатканынан кабар берет. Тилекке каршы биздеги абал да кубантарлык эмес.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынын тескөөчүсү Асель НИЯЗОВА атасы кызын сабаган окуя боюнча кылмышка шектүү катары Ноокен районунун 1983-жылы туулган К.Т. аттуу жараны кармалып, Ноокен райондук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилгендигин, ал эми жаш өспүрүм кызга карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалгандыгын билдирди.
Бул окуя боюнча Акыйкатчы институту кабардарбы? Секелек кыздан кабар алыштыбы, кыздын коопсуздугу жана укуктары кандай корголуп жатат деп Акыйкатчы Жамиля ЖАМАНБАЕВАга кайрылганыбызда кыздын апасы тосмо арыз жазганын билдирди: “Жалал-Абад облусундагы өкүлүбүз бул жүрөк өйүткөн окуя боюнча маалыматтарды топтоп, көзөмөл жүргүзүп жатат. Кызды апасы Ноокенден Майлы-Суу шаарына алып кеткен. Секелек кыз Ош шаарында психологиялык экспертизадан өтөрү каралууда. Бирок, кыздын апасы тосмо арыз жазганы маалымдалды. Мындай учурлар бизде көп кездешет. Кандай болгон күндө да баланын укуктарын мамлекет коргоого алып, күнөөкөр адам жоопкерчиликке тартылышы керек.
Акыйкатчы Институту Балдар, аялдар жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнө 2024-жылдын 9 айында балдардын, аялдардын укуктарынын бузулуусуна байланыштуу 96 арыз боюнча иш жүргүзгөн. Анын ичинен 27 окуя боюнча иш жеке көзөмөлүмдө турат. Эң биринчиден келип түшкөн арыздар дыкаттык менен каралып чыгып, телефон аркылуу консультация берилет же жеке кабыл алуу жүргүзүлөт. Ошондой эле, массалык маалымат каражаттарына чыккан зордук-зомбулук боюнча окуялар дароо көзөмөлгө алынат.
Зордук-зомбулуктун кайсы гана түрү болбосун балада терең эмоционалдык жана психологиялык жаракаттарды калтырат. Зордук-зомбулук көрүп чоңойгон бала муну нормалдуу нерсе катары кабылдап кийин конфликттерди чечүүдө өзү да башкаларга зомбулук көрсөтүшү мүмкүн экенин үй-бүлөлүк психолог Нургуль БАРПИЕВА эскертет:
“Зордук-зомбулук көргөн бала чоңойгондо бир топ көйгөйлөргө тушугат. Айталы, өтө агрессивдүү же тескерисинче, тартынчаак болуп калышы ыктымал. Өзүнө болгон ишенимсиздик жана өзүн-өзү төмөн баалоо калыптанат. Коомдук мамилелерден качат же өзүнүн көйгөйлөрүн зордук-зомбулук аркылуу чечүүгө умтулат.
Негизи эле бала тарбиялоодо физикалык жазанын орду жок. Балдар – биздин келечегибиз, алардын эмоционалдык жана моралдык коопсуздугуна кам көрүү – жалпы коомдун жоопкерчилиги. Ата-энелердин жана тарбиячылардын эмоционалдык сабаттуулугу, зордук-зомбулуктун алдын алуу чараларын киргизүү жана балдарга болгон сүйүү толгон мамиле гана алардын бактылуу жана ийгиликтүү инсан болуп калыптанышына шарт түзөт”.
Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга карата 1832 кылмыш иши катталган. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында эле балдарга карата 52 зордук-зомбулук учуру катталган. Алардын ичинен 34 учуру боюнча тергөө жүргүзүлсө, 6 учуру кыскарып кеткен, ал эми 12 учуру сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.
Тилекке каршы, жалпыга маалымдоо каражаттары балдар темасына зордук-зомбулук же кандайдыр бир кырсык болгон учурларда эле кайрылышат. Анан калса балдар темасын чагылдырууда журналисттер журналисттик этикалык кодекстерди сактабай иш алып барып жатканы да кейиштүү маселе. Бул боюнча журналист Айбек МУСАЕВ өз пикирин билдирип, бала тарбиялоонун маңызы улуттук идеологиянын өзөгүнө кирерин баса белгиледи:
“Негизи балдар темасы өтө чоң, опурталдуу темалардын бири. Мен өзүм дээрлик 8 жыл балдар менен иштедим. Бүгүнкү күндө журналисттердин өздөрү балдар менен иштөөнүн формасын, алардын психологиясын билбейт. Балдардын эмне тарбия көрүп, эмне менен алектенип жатканы менен ата-эненин да, мугалимдин да иши жок. Балдары кантип мектепке барып, келип жатканын билбеген үй-бүлөлөр бар. Ошондуктан бала тарбиясы эң биринчи үй-бүлөдөн башталышы керек.
Ал эми кароосуз калган, тоголок, жарым жетимдер тарбияланып жаткан балдар үйлөрүндө, интернаттарда иштеген тарбиячылардын педагогикалык тажрыйбасы мыкты болушу керек. Муну айтканым, азыркы доордогу ийгиликтүү адамдардын көпчүлүгү советтик мезгилде жетимдер болгон. Алар кезинде аталык, энелик мээрим берүүнүн, тарбия берүүнүн эң мыкты ыкмалары менен тарбияланышкан. Андай ыкмалардын баарын талкалап салгандыктан азыркы жаштардын арасында агрессивдүүлүк өтө күчтүү. Азыркы ата-эне балдарын “Сени бирөө сөксө сөк, чапса чап, урса ур” деп тарбиялап жатат. Эстетикалык, адамдык тарбия деген ата-энелердин өздөрүндө жокко эсе. 30 жылдык экономикалык кыйынчылыктын кесепетинен баарына кайдыгер карай берип бала тарбиясы четте калып калды. Ал аз болгонсуп биз журналисттер, блогерлер көп нерселерди ачыктоого аракет кылып жатабыз. Сенсация кууп зордукталган кызды, кош бойлуу болуп калган кыздарды, сабалган балдарды ачык чыгарып жатабыз. А бул ошол балдардын аң-сезимине тескери таасир этерин ойлогон жокпуз.
Эмнеге биз балдарды тарбиялоодо Санкт-Петербургдан алынып келинген 150 чакты баланы тарбиялаган, аларга мээрим төккөн Токтокан Абдинасырованы үлгү тутпайбыз? Кыскасы, бизде педагогика деген формалдуу илимге айланды. Балдардын психологиясын иликтеген эч ким жок. Бейөкмөт уюмдар ар кайсы жерде семинар өткөрүмүш болуп, ошону менен жашап калышты. Журналисттер ошол семинарларды элге жайылтуу менен чектелип калдык. А чынында бала тарбиялоонун маңызы улуттук идеологиянын өзөгүнө кирип, бала тарбиясы деген атайын бөлүм болушу керек. Улуттук идеологияда, этнопедагогикада каралган өзөктүү тарбиянын формасын иштеп чыгышыбыз керек”.
Бала бакчада болгон окуя дагы өзү менен кошо бир топ көйгөйлөрдү көтөргөнү ырас.Үй-бүлөлүк психолог Нургуль Барпиева бала бакчадагы балдардын сабалышын – кесиптик жана адамгерчилик нормалардын одоно бузулушу катары эсептейт. Мындай көйгөйдүн келип чыгышына тарбиячылардын билиминин жетишсиздиги, эмоционалдык чыңалуу жана көзөмөлдүн жоктугу себеп болорун айтат:
“Психолог катары, 16 жылдан ашуун убакыттан бери үй-бүлөлөр жана балдар менен иштөөдө байкаганым, балдарга болгон мындай мамиле алардын инсандык өнүгүүсүнө чоң тоскоолдук жаратат. Балдарга туура тарбия берүү үчүн чоңдордун билими жана эмоционалдык маданияты жогору болушу керек”, – дейт ал.
Аталган окуядан кийин Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен, Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева баш болгон психологдор тобу Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы “Кенжетай-1” мектепке чейинки билим берүү уюмуна барып, жабыркаган тарбиячылар, балдар жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, аларга жакындан жардам беришкен. Аны менен катар билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова өлкө боюнча бардык бала бакчаларга видеокамера орнотуу иштери каралып жатканын билдирди.
Ал эми бала бакчада болгон окуя боюнча «Лига защитников прав ребенка» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл ТУРДУБЕКОВА бала бакчаларда видеокамераларды орнотуу менен көйгөйдү чечүү мүмкүн эместигин айтат.
“Бала бакчанын тарбиячыларын кызматка алуудан мурда аларды атайын балдар менен иштөө боюнча окутуулардан өткөрүү зарыл. Андан сырткары ар бир бала бакчада онлайн камералар коюлуп, ата-энелер балдарын көзөмөлдөп туруусу кажет. Анткен менен видеокамералар деле белгилүү бир мөөнөткө чейин эле жазат. Андан кийин ал видеолор автоматтык түрдө өчөт же аны өчүрүүгө туура келет. Ошондуктан ата-энелер сөзсүз түрдө мониторинг кылып турушу зарыл.
Ал эми атасы кызын сабаган окуя боюнча жергиликтүү социалдык коргоо кызматкерлери жакшы иштеген эмес. Бул үй-бүлөдө мурунтадан эле чыр-чатак болуп келиптир. Мындай адамдар сот тарабынан пробацияга чыга турган болсо аларды атайын психологдор, тийиштүү адистер окутуп, мындан ары балдарына кол көтөрбөөсүн жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алышы зарыл”, – деди Назгүл Турдубекова.
Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”