Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Дүйнөлүк форум – илимге ишенимди чыңдоо чакырыгы

Илимге болгон ишенимди глобалдык деңгээлде чыңдоо зарыл. Будапешт шаарында 20-23-ноябрда өткөн Дүйнөлүк илимий форум эл аралык коомчулукка мына ушундай чакырык жасоо менен аяктады. Форумда фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү каржылоону улантуунун маанилүүлүгү да белгиленди. Кесиптешибиз Улан ЭШМАТОВдун бул темадагы макаласын окурмандарыбызга сунуштайбыз.

Дүйнөлүк илимий форум (WSF) Венгриянын дээрлик 200 жылдык тарыхы бар Улуттук илимдер академиясы, ЮНЕСКО жана Эл аралык илимий кеңеш (ISC) биргелешип уюштурган талкуу аянтчасы. Быйылкы 11-форум “Илим менен саясаттын глобалдык трансформациялар учурундагы карым-катышы” деген тема астында өткөрүлдү. Эки жылда бир чогулуучу форумга дүйнөнүн 122 өлкөсүнөн 1200гө чамалуу делегат, көбүнесе илимпоздор катышты. Алардын арасында Кыргызстандан жалгыз окумуштуу – Улуттук университеттин профессору Батыйгүл Баячорова да болду.

Бул ирет форумдун жыйынтыгы менен кабыл алынган декларацияда “дүйнө тездик менен трансформацияланууда жана белгисиз келечекке туш болууда. Адаттан тыш илимий жана технологиялык жетишкендиктер, климаттын өзгөрүү проблемасын чечүүдө прогресстин аздыгы, Туруктуу өнүгүү максаттарынын (БУУнун программасы) көбүнүн аткарылбай жатышы, теңсиздиктин күчөшү, ыкчам өнүккөн жана кыйратуучу технологиялардын пайда болушу менен карама-каршы кетип жатат. Биз тез арада илимий түшүнүктү кеңейтип, илимге негизделген, адаптацияланган, узак мөөнөттүү ой жүгүртүүгө жана чечим кабыл алууга көмөктөшүүбүз керек”, – деп айтылды.

Форумдун декларациясында илим менен саясаттын эффективдүү, ишенимдүү жана креативдүү карым-катышы ар убак чечүүчү мааниге ээ болгондугу, азыркы глобалдык трансформациялардын учурунда мунун мааниси мурдагыдан да жогорулаганы, илимге болгон ишенимди атайылап кетирүүнүн коркунучу бардыгы да кошумчаланды.

Илимге ишенимдин басаңдоо себептери

Будапештте чогулган илимпоздор коңгуроо каккандай, илимге болгон ишеним дүйнөдө эмне үчүн басаңдап кетти?

Эл аралык Илимий кеңеш (International Science Council) деген бирикменин президенти, Жаңы Зеландиянын биомедицина боюнча илимпозу Питер Глюкман технологиялык тез жылыштардын шартында илимге карата коомдук ишенимдин ылдыйлап кетишинин себебин COVID-19 пандемиясынын мисалы менен түшүндүрөт.

Дүйнөлүк ысымы бар бул илимпоз форумдун интернет баракчасында жарыяланган комментарийинде айткандай, пандемия, илим, коом жана саясат менен кантип карым-катнаш жасарындагы алсыз жерлерди ачыкка чыгарды. “Пандемия учурунда илим вакцинаны жана дарылоонун ыкмаларын болуп көрбөгөндөй тездикте бергени менен ал негизинен эпидемиология жана вирусология жагына гана көңүл бурду, бул өз кезегинде ишенимсиздик жаратып, социалдык биримдикке жана популизмдин өсүшүнө алып барды. Бул көрүнүш толугу менен илимдин эле жаңылыштыгы эмес. Бул көбүнесе илим менен саясаттын карым-катышынын жеткиликтүү эместигинен, проблемага илимий жооп тар багытта гана жүргөнүнөн улам болду”, – дейт Эл аралык Илимий кеңештин президенти Питер Глюкман.

Анын көз карашында, илим өзү универсалдуу тил болгону менен окумуштуулар “ар бир өкмөт, ар бир жамаат чечим кабыл алууда эске алган башка нерселер: каржылык жана идеологиялык маселелер, коомдук пикир, демократиялык өлкөлөрдө электорат менен шайлоо келишимдери бардыгын моюнга алышы керек”.

Ал эми Европанын Изилдөө кеңеши уюмунун (European Research Council) президенти, Германиянын биология жана иммунология боюнча окумуштуусу Мария Лептиндин айтымында, “башкалар сыяктуу эле окумуштуулар да ката кетиришет, бирок илимдин жакшы жери – бул каталар оңдолот. Бирок, илимий коомчулук бул белгисиздиктер жана илимий методдун кайталанма мүнөзү жөнүндө ачык-айкын болушу керек”.

Европанын Изилдөө кеңешинин президенти мойнуна алгандай, илимий коомчулук өз ишинин чоо-жайын элге жеткирүү жагынан дайыма эле жакшы иштерди жасай бербейт.

Нидерландиянын 410 жылдык тарыхы бар Гронинген университетинин профессору Лиза Герцог форумдагы сөзүндө илим карапайым адамдарга караганда каржылык элитага көбүрөөк кызмат кылат деген түшүнүктүн жаралышын адамдар кабылган социалдык-экономикалык көйгөйлөр менен байланыштырды. Ал ошондой эле илимий коммуникациянын буга чейин өкүм сүргөн салттуу ыкмасын өзгөртүп, илимпоздорду лекцияларын университеттер менен илимий борборлордо гана окубастан, коомчулукка түз чыгып, карым-катнаш орнотууну сунуш кылды. Форумдун декларациясында болсо илимий коомчулук илимдин потенциалы жана чектөөлөрү тууралуу жалпы коомго маалымат берүүнү жакшыртууну өз миссиясынын чечүүчү багыттарынын бирине айлантуусу керектиги көргөзүлөт.

Бразилиянын 108 жылдык тарыхы бар Илимдер академиясынын  президенти, биомедицина профессору Хелена Надер дүйнөдө илимге карата ишенимдин азырынча бирдиктүү глобалдык концепциясы жоктугун, бул түшүнүк ар кайсы жергиликтүү жамааттарда өкүм сүргөн көз-караштар менен баалуулуктарга байланыштуу экенин, илим тынымсыздыкта барып куруларын, тынымсыз үйрөнүүнүн жана далил жыйноо-нун динамикалуу процессинен турарын, көп адамдар буга көнбөгөндүгүн белгиледи.

Профессор Надер аймактык артыкчылыктарга карабай бирдиктүү глобалдык ыкмаларды, координацияланган эл аралык стратегияны талап кылган универсалдуу илимий проблемалар жаралганын да айтып өттү.

“Мисалы, жасалма интеллект тынчсыздануунун маанилүү проблемасына айланды. Азыр бүткүл дүйнө боюнча изилдөөчүлөр жасалма интеллектке технологиялык көзөмөлдүн жана аны колдонуунун этикалык жагы кандай болот деген маселеге кабылууда”, – деди бразилиялык илимпоз.

Дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 85%на ээлик кылган Чоң жыйырманын өлкөлөрүнүн улуттук илимдер академиялары тарабынан илим менен технологиялар чөйрөсүндөгү карым-катнаш, илимий коомчулук менен саясатчылар ортосунда диалог орнотуу үчүн “Илим 20” (S20) деген топ түзүлгөн. Мына ушул топтун сунушу менен Чоң жыйырманын жакында Бразилияда өткөн саммитинин жыйынтык билдирүүсүнө жасалма интеллектин маселеси да кошулду. Анда “азыр жасалма интеллект ири технологиялык компаниялар тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Биз алар менен атаандаштыкка чыгабызбы же мамлекеттер катары бир нерсе жасай алабызбы”, – деп айтылган. Илимпоздор жасалма интеллекти белгилүү бир орток эрежелерсиз өнүктүрө берүүнүн тобокелчиликтери көптүгүн эскертип келишет.

Чоң жыйырманын “Илим 20” тобу ошондой эле санариптик медиада илимге каршы жалган маалыматтар коомго терс таасир тийгизүүсүнө жол бербөөнү, бул үчүн илимий жана жарандык коомдун катышуусу менен улуттук, аймактык жана глобалдык стратегияларды иштеп чыгууну да сунуш кылган.

Фундаменталдык илимге инвестицияны көбөйтүү

Будапешттеги форумдун жүрүшүндөгү талкуулардын биринде илимге болгон глобалдык инвестиция, кирешеси төмөнкү деңгээлдеги өлкөлөрдө да көбөйүшү керектигине бекем аргументтер айтылды. Илимий прогресс үчүн эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгү да белгиленди.

БУУнун 2015-жылы кабыл алынган – Туруктуу өнүгүүнүн максаттары программасынын алкагында уюмга мүчө 193 өлкө программадагы 17 максаттын бири катары 2030-жылга чейин изилдөөчүлөрдүн санын өстүрүү менен катар изилдөөгө жана өнүгүүгө жумшалган мамлекеттик жана жеке сектордун каражатынын көлөмүн көбөйтүүгө да милдеттеме алышкан.

ЮНЕСКОнун алдындагы Статистика институтунун эсебине караганда, изилдөө иштерине бөлүнгөн бир жылдык глобалдык чыгым азыр 1,7 триллион долларга жакындап калды. Бирок, бул каражаттын 80% он эле мамлекет чыгарууда.

Албетте, илим изилдөөгө сарпталган акчанын жалпы көлөмү жагынан алдыңкы эки орунда АКШ менен Кытай турат. Ал эми улуттук дүң өндүрүштөрүнүн үлүшүнөн алып караганда, алдыңкы эки орунда Израиль менен Түштүк Корея. Алардын илимге жана изилдөөгө бөлгөн акчасы улуттук дүң өндүрүшүнүн 5%на жакын.

Глобалдык орточо сарптоо дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 1,7%ын түзсө, АКШ жана Батыш мамлекеттеринде 2,5%, Борбор Азия аймагында 0,2%.

Бразилиянын Илимдер академиясынын президенти, профессор Хелена Надер форумдагы сөзүндө азыркы технологиялык тез өзгөрүүлөрдүн шартында фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү жээрип, ыкчам жыйынтыкты көздөгөн инновацияларга эле артыкчылык берип, каражаттын көбүн ошол жакка буруу жаңылыштык болоруна да токтолду. “Инновацияларга гана көңүл бурган каржылоо механизмдери илимий идеялардын жетишсиздигине алып келет. Бул жаатта боштук жаралат, себеби инновациялардын биринчи ингредиенти фундаменталдык илимге көз каранды. Эгер илим менен азыр алектенбесек, мунун таасири 20 жылдан кийин сезилет”, – деди бразилиялык окумуштуу илимий саясатты кыска мөөнөттүү ченем менен жүргүзүүнүн кесепетин эскертип.

Нидерландиянын Гронинген университетинин профессору Лиза Герцог фундаменталдык изилдөөлөрдү колдоонун маанилүүлүгүн кээде эң маанилүү ачылыштар күтүүсүздөн болуп жатканы менен түшүндүрдү. Бул илимпоз келтирген аргументке караганда, “илимди мамлекеттик каржылоо – илимий иш бүтүндөй коомдук суроо-талапка гана багытталышы зарыл дегенди билдирбейт. Кайра жаралуучу энергия сыяктуу айрым изилдөө тармактарына артыкчылык берүү акылга сыярлык болсо да, илимий процесске өзүнүн логикасын карманууга уруксат берүү керек”.

Илимдеги узак мөөнөттүү жетишкендиктин соңку далили катары адамзатты ковид пандемиясынан алып чыккан вакцинанын пайдубалын түптөгөн ачылыш 2005-жылы жасалганы менен анын баштапкы изилдөөлөрү 1980-жылдардын ичи жүргүзүлгөнү айтылды.

Өзү узак мерчемде жыйынтык берүүчү жана илимий бурулуш күтүлгөн фундаменталдык изилдөөлөр көбүнесе мамлекет тарабынан каржыланып, ал университеттерде жана академиялык институттарда аткарылат. Азыр эл аралык илимий коомчулукта, бир катар себептерден улам, дал ушул фундаменталдык илимдин өнүгүү ыргагы акыркы он жылдыктарда басаңдап, ири ачылыштар жаралбай калды деген көз караштар да бар.

Улан ЭШМАТОВ,
журналист

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар