13-декабрда балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда «Бул ырчылар мурда кайда эле?» тобунун 10 жылдыгына арналган чоң программадагы отчеттук концерти өтөт.
Жети дубандан чыккан тубаса таланттуу ырчылардын башын бириктирген бул “Бул ырчылар мурда кайда эле?” тобу улуттук өнөрдү жайылтууга өз салымдарын кошуп келишет. Өзгөчөлүктөрү ар кыл теманы камтыган ырларды жандуу ырдоо менен, ырчыларды фонограммасыз ырдоого шыктандыргандыгында.
Баса, топтун түзүлүшүнө фонограмма маселеси себеп болгон. Соңку 30 жылда концерттик программаларда болобу, же аш-тойлордо болобу, фонограмма басымдуулук кылып, сахна жылдызына айланган ырчылар менен аткаруучулар жандуу үн менен ырдабай калышкан. Бул коомчулуктун кызуу талкуусуна алынганы эсибизде чыгар. 2013-жылы фонограммага тыюу салуу боюнча аябай чоң талкуу жүргөн. Бирок, сөз сөз боюнча калып, андан он жылдан кийин гана, 2023-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда мамлекеттик жана ири иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салган чечим чыгарган.
Ошол 2013-жылы фонограммага тыюу салуу демилгесин колдоого алып, акын, журналист, Кыргыз Республикасынын мадания-тына эмгек сиңирген ишмери Гүлжамила Шакированын демилгеси менен “Бул ырчылар мурда кайда эле?” тобу түзүлгөн. Учурда бул топту белгилүү ырчы, УТРКнын жана маданияттын мыкты кызматкери Рая Нургазиева жетектейт.
Аталган топ 10 жыл аралыгында репертуарындагы ырларын (клип, фильм-концерт) тарттырып жана облустарга барып өнөрлөрүн көрсөтүп, өлкөбүздүн маданиятын өнүктүрүп келет. Үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарында жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында ийгиликтүү концерттерин беришти. Кайрымдуулук концерттерге жана обончу-композиторлордун мааракелерине активдүү катышып, өнөрлөрүн тартуулашты. Быйылкы чыгармачылык сапардагы эң маанилүү концерт Сузак районундагы Октябрь айылында жайгашкан карылар үйүндөгү концерт болду.
“Бул ырчылар мурда кайда эле?” тобунда көп кырдуу талант, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Төлөбек Итигулов бар. Ал өнөр секисине келгенден баштап, ондогон ырчылардын ырларын коштоп музыкант болуп эмгектенүү менен бирге, жаратман катары ата мекен, эл, жер тууралуу жана лирикалуу маанайдагы бир нече обондуу ырларды жаратты. Анын ырларын Майрам Дүйшөкеева, Майрамбек Осмонов, Айбек Касымов, Анапия, Дилбар, Лира Райымбекова өңдүү белгилүү ырчылар аткарып келет.
Топтун мүчөлөрү Ратбү Асыранова, Асылкан Исаева, Мамбет Жантелиев, Айгүл Жумакунова, Гүлмира Стамкулова, Базарбү Мырзалиева дайыма жандуу үн менен ырдап, калкыбыздын жан дүйнөсүн байытып, жандуу ырларды жалпы журтубузга жайылтып келишет.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”