Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Ислам МАМАТСАБИРОВ: “Долбоорлордун алкагында иш алып баруудабыз”

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Ислам МАМАТСАБИРОВ менен маек.

Айыл аймактын потенциалын жогорулатуучу негизги тармактар: өнөр жай, туризм, инвестиция тартуу, айыл чарбасын өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү багытындагы иштерди жандандыруу болуп эсептелинет.

Долбоорлордун алкагында инвестиция тартуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жергиликтүү аймактын абалын жакшыртуу жана жумуш орундарын түзүү багытында Барпы айыл өкмөтүндө аткарылып жаткан иштерди окурмандарга сунуштайбыз.

Социалдык объекттерди куруу

Барпы айыл өкмөтү өткөн жылы Жалал-Абад жана Сузак райондук өнүктүрүү фондуна бир нече долбоорлорду сунуштаган. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан Төөлөс айылына муниципалдык менчиктеги 40 орундуу бала бакча куруу долбоору колдоого алынган. Долбоордун сметалык баасы 21794,4 сомду түзгөн. Анын 20704,4 сому облустук өнүктүрүү фондунан жана 1089,7 сому өздүк салымдан каржыланып, учурда курулуш иштери башталган. Райондук өнүктүрүү фондунун жана өздүк салымдын каржылоосу менен турмуш тиричилик калдыктарын ташуучу техника (мусоровоз) сатылып алынып, тазалык ишканасы жаңы техника менен камсыз болгон.

Барпы айыл аймагына караштуу Миң-Өрүк айылындагы Н.Алыкулов мектебинин жаңы имараты республикалык бюджеттен каржыланып, 750 орундуу заманбап типтеги мектеп курулуп жатат. Ошондой эле республикалык бюджеттин каржылоосу менен Т.Темирбаев мектеби капиталдык ремонттон өтүп, жаңы окуу жылында пайдаланууга берилди. Капиталдык ремонттон өткөн мектепке эмеректерди сатып алуу райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, мектеп жаңы эмеректер менен камсыз болгон. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектептин ички жасалгалоосуна акча каражаты бөлүнүп берилген.

Эл аралык уюмдардын колдоосу

Каңды, Таштак айылдарындагы жумушсуз аялдарды тигүүчүлүк курсуна окутуу долбоорунун алкагында 20 аял тигүүчүлүк курсунан өтүп, сертификат алуу менен бирге жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Окутууну алып барган мугалимге жергиликтүү бюджеттен 30,0 миң сом төлөнүп берилип, курстун катышуучулары БУУ ДАТП тарабынан азык-түлүк менен камсыздалды. Күмүш-Азиз, Жар-Кыштак айылдарында 1 км арыкка лоток орнотуу долбоордук сунушу БУУ ДАТП тарабынан колдоого алынган.

Ошондой эле өндүрүштүк ишканаларды колдоо багытында жүндү кайра иштетүү боюнча керектүү жабдуулар АРИС аркылуу сатылып алынды. 2024-жылы апрель айында АРИС уюмунун каржылоосу менен Таш-Акур айылына 4 чакырым жерге жарыктандыруу орнотулду.

Мектептерде балдарга ысык тамак уюштуруу программасынын алкагында Маркай айылындагы О.Садырбаев мектебинин ашканасын МЕРСИКО уюмунун талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоор колдоого алынып, учурда тиешелүү жумуштар аягына чыкты.

Спорт зал куруу. Таза суу менен камсыздоо

Барпы айыл аймагына караштуу Акматалы атындагы спорт комплексинин курулушунун жалпы сметалык баасы – 29432,5 миң сомду түзүп, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддору тарабынан каржыланды. Ал эми №75 Улугбек орто мектебинин спорт залы жергиликтүү тургундардын демилгеси менен демөөрчүлөр тарабынан курулуп баштады, жумуштарды толук бүтүрүү үчүн керектелүүчү акча каражатынын калган бөлүгүн каржылоого Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна долбоор сунушталды.

Барпы айыл өкмөтү тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына азык-түлүк багытында эки долбоор жөнөтүлүп, колдоого алынды. Алар: Ырыс, Күмүш-Азиз, Тотия айылдарына лоток орнотуу. Долбоордун алкагында 28 адам убактылуу жумуш менен камсыз болду. Лоток сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 2400,0 сом бөлүнүп  берилди.

Мындан тышкары Чокмор айылынын Т.Байзаков көчөсүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500 метр аралыктан таза суу түтүкчөлөрү  тартылды.

Оңдолгон жолдор

Барпы айыл аймагына караштуу Курук-Көл айылынын Х.Юлдашев көчөсүндөгү 750 м жол Сузак өнүктүрүү фонду, жергиликтүү бюджет жана элдик салымдын негизинде оңдолуп, пайдаланууга берилди. Жар-Кыштак айылынын А.Абдукаримов көчөсүнүн 200 м, Алимкулов көчөсүнүн 525 м, Номуна көчөсүнүн 207 м жолу жергиликтүү бюджеттин, стим гранттын эсебинен асфальтталды.

Чокмор айылынын Т.Байзаков көчөсүнүн жолу кеңейтилип, асфальт төшөлдү. Жар-Кыштак айылындагы Д.Чойбеков жана Р.Абдырахманов көчөлөрүн асфальттоо жумуштары башталгандыгына байланыштуу, жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлдү. Жолду кеңейтүү үчүн тоскоол болгон дарактар кесилип, атайын техниканын жардамы менен тазаланды.

Кайнар айылында суу кампасына тосмо орнотулду. Жаңы-Айыл, Боз-Чычкан айылдарындагы көчөлөр демөөрчүлөр тарабынан кеңейтилип, асфальтталды. Асфальт төшөөдөн мурун таза суу түтүктөрүн жаңылоо зарылчылыгы келип чыккандыктан райондук өнүктүрүү фондуна атайын долбоор даярдалып, сунушталды.

Беш-Мойнок айылындагы Р.Абды­рах­манов көчөсүндөгү 521 метр жолду асфальттоо боюнча долбоордун сметалык баасы – 3348,8 сомду түзүп, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынып, тиешелүү жумуштар  аткарылды.

Миң-Өрүк айылындагы Д.Кочкор­баев көчөсүнүн 580 метр жолу ас-фальтталды. Күмүш-Азиз айылындагы Холис-Ата көчөсүндө 700 метр аралыкка асфальт басуунун биринчи этабы өнүктүрүү фондунун колдоосу менен соңуна чыкты.

Субсидиялоонун алкагындагы долбоорлор

Барпы айыл өкмөтү регионду өнүктүрүүдө фонддор менен биргеликте иш алып барып, белгиленген тартипте жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында 2025-жылга төмөнкү долбоорлорду сунуштады.

Алар: Тотия айылындагы Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнө 667 метр асфальт басуу; Түрк-Абад айылындагы М.Сарыков орто мектебинин мурунку имаратын бала бакча катары пайдалануу үчүн капиталдык ремонттон өткөрүү; Чангет-Сай айылы А.Исмаилов көчөсүнө 300 метр аралыкка асфальт басуу, лоток орнотуу; Комсомол айылындагы Насос участкасына сел тосмо куруу; Комсомол айылындагы 6500 метр аралыкка таза суу түтүкчөлөрүн жаңылоо; Тотия айылына 1000 метр аралыкка таза суу түтүкчөлөрүн тартуу.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар