Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Ширин КОСТЮК: «Биз жаңылануулардан коркпошубуз керек» 

Учурда “Кыргыз Туусу” (“Эркин Тоо”) гезитинин 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүдө. 1924-жылдын 7-ноябрында “Эркин Тоо” гезитинин жарык көрүшү менен кыргыз журналистикасы да түптөлгөн. Ошондуктан бул күн Маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин, тагыраак айтканда Кыргыз журналистикасынын майрамы катары белгиленип келет. Жалпы алганда бир кылымдык тарыхы бар кыргыз журналистикасы өлкөбүздүн ар тараптан өсүп өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп келди. Бирок, ар бир мезгилдин өзүнүн талабы болот экен, бул кесиптин да өксүгү, бөксөсү, ойлоно турган, жаңырта турган жактары көп экени көрүнүүдө. Ушул маселенин айланасында белгилүү тележурналист, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин КОСТЮК менен баарлаштык.

– Ширин Аалиевна, 5-ноябрдагы журналисттердин жолугушуусунда азыр кесиптик журналистиканы өнүктүрүү учур талабы болуп турганын айттыңыз эле…

– Журналистика негизи мезгил менен ийиндеш, катарлаш жүргөн кесип. Азыр мезгил ыкчам, кескин өзгөрүп жатат. Албетте, журналистиканын ар түрдүү жанрларын, багыттарын үйрөткөн, ЖМКнын укук маселелерин, этикасын окуткан жалпы журналистика дагы керек. Бирок, ушул тапта кыргыз журналистикасына тармактык – спорттук, экономикалык, экологиялык, юридикалык, саясий, медициналык, аскердик журналистика, керек болсо балдардын жана өспүрүмдөрдүн журналистикасы керек болуп турат.

Тармактык журналистика дегенде биз жалпы журналистиканы айтабыз, түшүнөбүз, бирок, тармактык журналистика адистерин даярдабайбыз. Алсак, ошол эле экономиканы абдан мыкты түшүнгөн, билген, Кыргызстандын экономикасы кантип, кандай өнүгүп жатканын, өлкө бюджетин эмне калыптандырарын, жеңил, оор өнөр жайы, салык тууралуу жазган, анализ кылган журналисттерибиз аз.

Салык тууралуу жазсак ишкана ачылды, салык төлөнүп жатат менен эле чектелебиз. А мезгил салык төлөө маданиятын калыптандырууну талап кылып жатат. Салык төлөө – бул садака берүү эмес, салык төлөө менен ар бир жаран мамлекеттин өнүгүүсүнө, жол курууга, бала-бакча, мектеп курууга, пенсионерлердин пенсиясын, бюджеттик мекеме кызматкерлеринин айлыгын жогорулатууга, билим берүүнү жакшыртууга, аскерди багып, коопсуздукту камсыз кылууга салым кошуп жатат деген аң-сезимди туура калыптандыра турган саясатты жүргүзүүбүз керек. Журналисттер өзүбүз эч нерсе түшүнбөй турсак коомдун аң-сезимин кантип калыптандырабыз?

– Сиз жетектеген Журналистика жана коммуникация институту бул багытта кандай иштерди жасап жатат?

– Биздин Журналистика жана коммуникация институту тармактык журналистиканын концепциясын, стратегиясын даярдап жатабыз. Буюрса, эмдиги жылы институтубузда тармактык журналистика кафедрасын ачалы деген максат бар. Жакында Спорт федерациясы менен сүйлөшүп тармактык кафедрада спорттук бөлүм ачалы, сабак бере турган, спорттук журналистика адистерин тарбиялай турган мыкты адистерден сунуштагыла дедик. Ошондой эле медицина багытында Улуттук фтизиатрия борбору менен келишим түзүп, биздин студенттер “Кургак учукту жеңебиз” деген долбоордун негизинде кызматташып жатышат. Мындан сырткары, экология, экономика боюнча институтубузда жакшы өзгөрүүлөр бар. Быйыл Плеханов атындагы Россия экономика университетине үч балабызды окууга жиберүү келишимин түздүк. Аталган окуу жай бизге экономикалык багыттагы журналисттерди тарбиялап берет. Россиялык элдердин достугу университетинин (РЭДУ) магистратурасында үч балабыз окуп жатат. Алар санариптик коммуникация боюнча адистешишет жана кайтып келип өзүбүздүн университетте иштеп, тармактык журналисттерди даярдаганга көмөк
көрсөтүшөт.

– Өткөндө мамлекет уюштурган “Мейкин” сыйлыгына түшкөн материалдарда колго алынарлык, татыктуу материалдар аз экенин айттыңыз. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

– “Алтын калем” сыйлыгынан кийин журналисттерге эч кандай сыйлык болбой калбады беле. Эми минтип “Мейкин” сыйлыгы уюштурулуп, Президент байге фондуна 10 млн. сом бөлүп берди. Бул сыйлыкка бир топ материал түшүп, комиссия мүчөлөрү баарын сыдыргыга салып карап чыктык. Материал жөнөткөн авторлордун 90 пайызын таанып, алардын дараметин, шыгын билгендиктен аларды баалаш оңой болгон жок. Анткен менен биз журналистиканын баалуулуктарын алдыга коюу менен калыс болгонго аракет кылдык. Бирок, сыйлыкка татыктуу делген материалдардын ичинде деле кулагыңдын кычуусу канып, көзүң тоюп, көкүрөгүңө кыттай уюп, аң-сезимиңди ээлеп, толкунданта турган материал бар деп айтыш албетте, кыйын. Ошол материалдарды карап чыккан соң кыргыз журналистикасы бардык багытта өнүкпөй бир жерде туруп калгандай сезилди. Журналистика – дайыма окуп, изденип, ой-чабытыңды кеңейтип, жаңыланып, дайыма трансформацияда болуп турган кесип. Андыктан биз дайыма жаңы нерсени үйрөнүп, алып турушубуз керек жана жаңылануулардан коркпошубуз керек.

Айталы, азыр биз кыйын окутуп жатабыз дегенибиз менен жумуш берүүчүлөрдүн талаптары – жаңылыктарды монетизациялоо, маалыматты ыкчам жеткирүү, ошол эле жасалма интеллект,  ChatGPT болуп жатат. Ушуларды өзүбүздүн окутуу программаларыбызга киргизип жатабыз. Мурда видеону бирөө тартып, экинчиси монтаждап, үчүнчүсү текст жазса эми биз үчөөнү тең идеалдуу жасаган кадрларды тарбиялашыбыз керек болуп калды.

Ушуларды эске алып, бир калыпка салынып калбаган журналисттерди чыгарыш үчүн биз май айында жумуш берүүчүлөр менен жолугуп окутуу программаларыбызды бир кыйла өзгөрттүк.

– Албетте, лекция, теориялар жакшы, бирок журналистика факультетин бүтүрүп чыккандарга практикалык тажрыйба алуу жетишпей жаткандай…

– Ооба, аныңыз туура. Муну да биз эске алганбыз. Азыр институттун Кыргызстандагы бардык ЖМКлар менен байланышы бар. Анын ичинен 35 кол коюлган келишимибиз бар. Бул балдардын практика өтүүсүнө чоң шарт түзүп берип жатат. Андан сырткары азыр дуалдык (эки тараптуу) билим берүү ыкмасы киргизилген. Биз муну эки жыл мурун эле баштаганбыз. Ошол эле УТРКнын студияларында, башка структураларында практикалык сабактарын өтүшөт. “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” гезиттерине чыгармачылык лаборатория ачып балдарга редакция-лык иштерге айкалыштыруу менен сабак өтүп бергиле деген сунуш кылып жатабыз. Кыскасы, баары дебейин бирок биздин балдардын бир бөлүгү азыр 3-курстан тартып эле кесиби боюнча иштешет.

Эгер студент алып баруучу, оператор, режиссёр, режиссёрдун, үн режиссёрунун ассистенти болсо, монтажда отурса, радиолордо диджей болсо, сайттарда, басылмаларда иштесе алардын сабакка келбей калган күндөрүнө индивидуалдык план түзүп берип, көбүрөөк практикага багыттап жатабыз. Башкача айтканда, кечке эле теорияны өтө бербей, кесипке багытталган билим берүү стратегиябызды белгилеп алганбыз. Андан сырткары биз быйыл эл аралык журналистика багытын ачып, бир группага англис тилин 70 пайыз билген балдарды алдык. 2-курстан баштап аларга корей, кытай, түрк тилин өтө баштайбыз. Ошону менен биз буюрса төрт тил эркин сүйлөгөн журналисттерди даярдайбыз. Бул замандын талабы. Себеби, азыр котормочулар аркылуу интервью кылганда жооп берген адам кандай жооп берип, аны котормочу кандай которуп берип жатканын деле түшүнбөй калып жатабыз. Ушуну эске алуу менен төрт жылда төрт тилде түш жоруган журналисттерди чыгаралы деп турабыз.

– Азыр айрым блогерлердин кесепетинен кесипкөй журналисттер жаманатты болгон учурлар аз эмес. Ошол эле кезде айрым блогерлер мыкты иштеп жатышат. Экөөнү айкалыштыруу менен кыргыз журналистикасын көтөрө алабызбы?

– Эми каалайбызбы, каалабайбызбы блогерлик биздин жашообузга келди. Азыр аларсыз жашоо да кыйын, алар менен жашоо да кыйын болгон бир кызыктуудай заман болуп турат. Ошол эле учурда салттуу журналистикага жагымсыз шарттар түзүлүп калып жатат. Ошол эле кезде мурда бизге балдар журналистиканы окутасыңарбы деп келишсе, эми блогерликти да үйрөтөсүңөрбү деп келип жатышат. Айырмасы салттуу журналистика – бул аудиториянын алдында айткан сөздүн жоопкерчилигин толук моюнга алуу, журналистикалык этика, жазылган жана жазылбаган мыйзамдар, мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөргө ийиндеш болуп, кол кабыш кылып, жоопкерчилигин да тартуу.

Блогерлик – бул көбүнчө өзүн өзү реализациялоо, өзүн өзү көрсөтүү. Бирок, бүгүнкү күндө салттуу журналистикага караганда алардын тараткан маалыматтары ыкчам, эффективдүү болуп кетип жатат. Ошол бир блогер жазып, көрсөтүп койгонго анан салттуу журналистика өкүлдөрү реакция кылып жатабыз. Эң кызыгы, илимге кызыккан жаш докторанттар жакында кыргызстандыктар алып жаткан маалыматтардын 70 пайызы негативдүү маалыматтар экенин аныкташты. Эл ошондой маалыматтарга маани берип, ошону каалап жатышат. А бул чоң көйгөй. Бир блогердин жарыялаган негатив маалыматына окурман, көрөрмандар тынымсыз комментарий жазышып, ага дагы кошумчалап өзүнүн көксөөсүн төгүп жатышат. Ошонун эле жанындагы адамгерчилик, улуттук баалуулук жөнүндөгү жакшы материалга, жашоонун кереметин сездирген бир поэзияга, жан дүйнөнү термелткен чакан аңгемеге, сонун постко эч ким реакция жасап, жактыруу баспай жатат. Негативге убакыт бар, жакшы нерсеге пикир жазууга, реакция кылууга убакыт жок. Бул бүгүн бизди ойлонто турган чоң көйгөй.

Мунун себеби эмнеде? Эмнеге биздин мекендештерибиз негативди окуп, ага реакция кылгандан канагат алып жатат? Же ошондон алар жеңилдеп калабы? Же биз ошондой маалыматтарды жайылта берип элдин аң-сезимин ошого көндүрүп, баңгизатка көндүргөндөй “отургузуп” алдыкпы?  Же дайыма эле ошону сунуштай бергендей эл ошого муктажбы? Же элдин муктаждыгынан улам биз ошондой маалыматтарды жайылтып жатабызбы? Жаратмандыкты, аруулукту, жакшылыкты сүйлөгөн, улуулукту, ак эмгекти даңазалаган контентке элди кантип бурабыз? Ушул суроону ЖМКнын теориясын изилдеп жүргөндөргө коюшубуз керек.

(Уландысы бар)

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар