Дүйнөдө өнөр-жайдын өнүгүшү – климаттын өзгөрүшү, глобалдык жылуулук, абанын булганышы жана ресурстардын азайышы сыяктуу көйгөйлөрдү жаратты. Эл аралык уюмдардын жыйындарында талкууланган негизги тема да ушул болууда.
Дүйнөдө жалаң ушуну сүйлөшөт
Мунун себептери албетте көп, бирок жалпылап айта турган болсок, адамзаттын ишмердүүлүгүнүн аркасында пайда болгондугу талашсыз. Албетте, учурунда өнүгүүлөрдүн экологиялык жагы эске алынбагандыгы өкүндүрөт. Азыр эми мындан кийинки көрүлүүчү чараларга басым жасоо зарылдыгы келип чыкты.
Эл аралык энергетикалык агенттик (IEA) энергетика тармагындагы эл аралык кызматташтыкты жайылтуу, экономикалык жана экологиялык жактан туруктуу саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууну көзөмөлдөп, бул жаатта илимий баяндамаларды жасап келет. Аталган уюм дүйнө өлкөлөрү 2050-жылга чейин атмосферага чыккан зыяндуу газдардын көлөмүн түшүрүп, абанын жылуу табын 1,5 градуска чектөөгө белсенүүдө. Бул үчүн жашыл энергетикага басым жасоо керектиги айтылууда.
Негизи эле жашыл энергетика деген эмне, аны өнүктүрүү үчүн кандай шарттар керек токтоло кетели. Жашыл энергетика – кайра жаралуучу энергия булактарынан алынган электр энергиясы: күндүн нуру, шамал, суунун агымы жана геотермалдык энергия. Алардын артыкчылыгы узак мөөнөттүү колдонсо болот, ошондой эле экологияга зыян келтирбейт. Жашыл энергетика дүйнөлүк климаттык өзгөрүүлөрдү, абанын булганышынан улам жаралган ооруларды алдын алууга жардам берет.
Дания, Германия, Исландия жана Коста-Рика жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча дүйнөдөгү лидерлердин катарына кирет. Бул өлкөлөр жашыл энергетиканы колдонуу менен экологиялык туруктуулукту камсыз кылып, энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатышууда.
Жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн, албетте, биринчи кезекте ошол аймактын климаттык абалы, андан кийин инвестицияларды тартуу, илим менен техниканын жаңылыктарын колдоно билүү керектелет.
Кыргызстан деле кылчактап турган жок
Бул жагынан алганда күнөстүү Кыргызстан үчүн жашыл энергетика тармагын өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөрү арбын десек болот. Экинчи тарабынан Кыргызстан энергетикалык ресурстарга бай өлкө болгондугуна карабастан, энергетика тармагы бир катар көйгөйлөргө дуушар болуп келгенин тана албайбыз. Натыйжада экономикалык чыгымдардын жогору болгонун, экологияга терс таасир тийип жаткандыгын эске алганда жашыл энергетиканы өнүктүрүү биз үчүн дагы зарыл чечим.
Жашыл энергетика тармагына басым жасоого дагы бир орчундуу себеп – бул глобалдык тенденция жана эл аралык өз ара аракеттенишүү. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бир Кыргызстан эле эмес, дүйнө жүзү биригип климаттын өзгөрүшү менен күрөшүп, кайра калыбына келүүчү энергия булактарына чоң каражаттарды бөлүп жатат. ªлкөбүз да четте калбай, ушул жаатта эл аралык уюмдар, инвесторлор менен кызматташып, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана экологиялык жактан таза, туруктуу чечимдерди кабыл алышы керек.
Соңку жылдары Кыргызстанда жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан негизги кадамдарды карап көрөлү. Алсак, 2022-жылы жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу сис-темасын түзүү максатында Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлгөн. Аталган уюмга жашыл энергетиканы долбоорлоо жана каржылоо үчүн каражаттарды топтоо сыяктуу чоң милдеттер жүктөлгөн.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча II эл аралык конференцияда өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорго басым жасап: “Биз энергетика тармагында болуп көрбөгөндөй реформаларды ишке ашыра баштадык. Жеке инвестицияларды тартуу үчүн “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлор үчүн жер участокторун берүүнүн бирдиктүү терезеси болуп калган Жашыл энергетика фонду түзүлүп, бир катар кичи жана ири ГЭСтердин курулуштары башталды. Ошондой эле күн энергиясын пайдалануу менен бир катар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо иштери аяктоо алдында турат”, – деп айткан.
Алгачкы олуттуу кадамдар башталды
Жашыл энергетика фонду ушул жылы (2024) 21-октябрда энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү жана генерация-ны көбөйтүү максатында конкурс өткөргөн. Сынакка 31 компания катышып, жыйынтыгында 15 лот жер тилкеси боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, 4 объект Баткенге, 2 объект Чүйгө, 5 объект Ошко, 4 объект Жалал-Абадга берилген. Ошентип жалпысынан жашыл энергетиканы тармагына 53 млрд. 536 млн. 256 миң 804 сом инвестиция салынган.
Аталган фонд ноябрда дагы бир конкурстун жыйынтыгында жашыл экономиканы өнүктүрүүгө 214 млн. сомго жакын инвестиция тартыларын билдирген. Бул долбоорлор ишке ашса, экологиялык дагы, экономикалык да пайда алып келет. Анткени аймактарда ишканалар ачылса, жаңы жумуш орундары түзүлөт.
Ошондой эле электр энергиясын импорттоодон көз карандылыкты кыскартуу максатында чет өлкөлөрдөн инвестиция тартылып жатат. Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычына күн менен иштеген эки калкыма электр станциясы куруларын билдирген. Бул боюнча Германиядагы үч компания менен макулдашууга кол коюлуп, курулуш иштери төрт жылга созулары айтылган.
Кыргызстанда күн энергиясын колдонуу жаңылык эмес. Өлкөбүздө акыркы 10 жылда өзгөчө айылдарда, алыскы аймактарда күн панелдерин колдонуу кеңири жайылган. Бирок күнөстүү делген Кыргызстанда бир дагы күн станциясы жок болчу. Учурда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 мегаватт болгон алгачкы күндөн энергия алуучу станция курулуп жатат. Келишимге ылайык, Евразия өнүктүрүү банкы 40 млн. доллар каржылык колдоо көрсөтөт. Күн станциясы 300 миң тонна СО2нин атмосферага бөлүнүшүн ооздуктап, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзөт.
Кыргызстандагы биринчи жарык өндүргөн шамал электро станциясын куруу долбоору 2024-жылы “Росатом” компаниясы тарабынан Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок – 1 калктуу конушунун аймагында ишке кирген. Шамалдын кубаттуулугу 2025-жылдын февраль айына чейин толук бир жыл ченелип, станцияны куруу иштери башталганы турат.
“Жашыл Борбор Азия” демилгеси
Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Астана шаарында өткөн «Борбор Азия – Германия» саммитинде Германия менен бирге Бишкек шаарында Энергияны натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борбор түзүүнү сунуштаган.
Анда Садыр Жапаров: «Аймактын климаттык туруктуулугун жогорулатуу жана конкреттүү инфраструктуралык “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу менен аз көмүртектүү өнүгүүгө өтүү боюнча биргелешкен кызматташуу маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул жаатта биз немис өкмөтүнүн “Жашыл Борбор Азия” демилгесинин маанисин белгилейбиз», – деди.
Ошондой эле акыркы 70 жылда Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн аянты 16% кыскарганын айтып, XXI кылымдын аягында мөңгүлөрдүн 80% ашууну жок болушу ыктымалдыгын эскерткен. Бул бүтүндөй Борбор Азия аймагында суунун тартыштыгына алып келерин, аймакта калктын туруктуу өсүү жана экономиканын өнүгүү шартында сууга болгон муктаждык азыртадан эле өскөнүн билдирген. Кошумчалай кетсек, жакында эле Президент Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан дүйнөлүк коомчулукту тоолуу өлкөлөрдүн экологиялык көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырган.
Жыйынтыктап айтканда, жогорудагы иш-аракеттер Кыргызстанда жашыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткандыгын айгинелейт. Кыскасы, кайра жаралуучу энергия булактарын куруу бардык экологиялык көйгөйлөрүбүздү чечип жибербесе да, жаратылышты мындан кийинки терс таасирлерден сактоо, экологияны алдын алуу үчүн натыйжалуу чечим деп айта алабыз.