Учурда кыш күчүнө кирип, күн кескин сууктады. Барар жери жок селсаяктар ар кайсы көп кабаттуу мекемелердин жертөлөсүндөгү жылуу түтүктөрдү кучактап жан сакташууда.
Күн сууктаганда башталган көйгөй…
Көчө селсаяктары эзелки жана универсал көйгөй. Алар негизинен таштандыдан желим бөтөлкө, темир жана башка нерселерди терип акча табышат. Өкүнүчтүүсү алар тапкан акчасын курсакты тойгузуу менен арактан башкага сарпташпайт. Кыш келип, күн сууктаганга чейин алар менен эч кимдин иши болбойт. Суук күчөгөндө алар чээнге кирген аюудай жертөлөлөргө житип кетишет.
Минтип жүрүп, денесин үшүккө да алдырып жиберишет. Убагында дарыланбагандыктан, алардын көбү кышкы сууктан улам майып болуп калышат. Андан сырткары суукта көчөдө калып каза болгондор да жок эмес.
Жергиликтүү бийликтин жардамы…
Бишкек шаардык мэриясы салсаяктар үчүн күз-кыш мезгилине карата атайын жайларды ачкан. Анда селсаяктар бир маал ысык тамак ичип, кечкисин жылуу жерде түнөп калууга шарттар түзүлгөн.
Мисалы А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан атайын баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкташтырылган. Керектүү дары-дармектер, жылуу төшөнчүлөр менен камсыздалган.
Ал эми Фере көчөсү 34 а дарегинде 40 адамга ылайыкташкан жай ачылган. Мында дагы селсаяктар бир маал ысык тамак ичүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Атайын баш калкалоочу жайлардын ичинен эң эле таанымалы Жибек-Жолу проспектиси 413 дарегинде жайгашкан “Коломто” муниципалдык мекемеси болуп саналат. Мында 70тен 100гө чейин адам ысык тамак ичип, түнөп кетсе болот. “Коломто” жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
«Коломто» муниципалдык мекемесинин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
убактылуу түнөп кетүү, бир адамга күнүнө 70 сом өлчөмүндө акысыз бир жолку тамак-аш менен камсыздоо;
медициналык кароодон өткөрүү (флюорография, канды РВ жана ВИЧке текшерүү) жана баштапкы санитардык иш-чараларды жүргүзүү (жуунтуу, жараларды дарылоо, кийимдерди алмаштыруу ж.б.);
үй-жайсыз адамдарды гуманитардык кийим-кечек менен камсыздоо;
улгайган курактагы үй-жайсыз адамдарды интернат тибиндеги мекемелерге жайгаштырууга көмөктөшүү.
Бул мекеме жыл сайын турак жайы жок 2000 адамга кызмат көрсөтөт.
Белгилей кетсек, бул баш калкалоочу жайларга үй-жайсыз адамдар өздөрү кайрыла алышат, ошондой эле аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы алып келишет. Эгерде жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция) же 103 (тез жардам) номерлерине чалуу керек.
Селсаяктар жылуу жерден эмнеге качышат?
Селсаяктарга канчалык жакшы мамиле кылган менен алар жылуу жерден качып кетишет. Анын себеби, атайын баш калкалоочу жайда спирт ичимдиктерин ичүүгө уруксат беришпейт. Дайы-ма арак ичип көнүп алган селсаяктар мындайга чыдабай качып кетишип, тапкан акчасына спирт ичимдиктерин ичишет.
Мас болуп көчөдө суукта жатып калган селсаяктарды эчен ирет милиция кызматкерлери атайын баш калкалоочу жайга алып келишет. Бирок, алар баягы адаты боюнча бир аз өзүнө келген соң көчөгө кетип калышат.
Арасында аялдар да бар
Буга чейин көчөдө селсаяктык кылып жүргөн эркектер көп болсо, акыркы жылдары алардын катарын аялдар да толуктап жатканы өкүнүчтүү. Мурда балдары же асырап алчу инсаны жоктор бул жолго барышчу эле. Азыр болсо арактын айынан жаштайынан селсаяктык жолго түшкөн аялдар көбөйүп кетти. Кээ бир энелерибиз балдарынын же келининин айынан үйгө батпай карылар үйүнө же көчөгө чыгып калып жатканы кыргыз коому үчүн уят көрүнүш.
Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”