Күн мурун Бишкектеги жаңы курулган ипотекалык турак жайлардын өрт коопсуздугу текшерилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Текшерүү иштери Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын борбордогу Скрябина көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу 7 блоктон турган үйлөрдө жүргүзүлдү.
Анда тапшыруу алдында турган 15 кабаттуу үйлөрдүн комплекстүү өрт өчүрүүчү жана коопсуздук шаймандары, гидранттар, эвакуциялык пландары, кырсык катталганда белги берүүчү үн сигналдары жана иш кагаздары текшерилди.
Өрттү көзөмөлдөө кызматынын башчысы белгилегендей, мында унаа кирүүчү жолдору да бардык талапка ылайык салынган.
Белгилей кетсек, бул 7 блоктон турган 15 кабаттуу үйлөр жакында кезекте турган 549 адамга тапшырылат.
Ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев текшерүү иштерине өзү катышып, үйлөрдү өрт коопсуздук эрежелерине ылайык салынып жатканын көрсөттү.