Бүгүн, 17-декабрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйыны өтүүдө.
Анда журналисттердин Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча берген суроосуна, жооп берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду.
«Акылбек Жапаров менен 3 жылдан ашык чогуу иштедим. Ал тажрыйбасы мол, экономика боюнча дасыккан адис. Кыргызстан үчүн көптөгөн жакшы иштерди аткарып кетти. Анын кетиши боюнча президент гана чечим кабыл алат, аны биз талкуулабайбыз», — деди УКМКнын төрагасы.