whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүТашиев: "Президенттике талапкерлигимди койбойм. Садыр Жапаровду толук колдойм"

Ташиев: «Президенттике талапкерлигимди койбойм. Садыр Жапаровду толук колдойм»

Келе жаткан президенттик шайлоодо талапкерлигимди койбойм. Садыр Жапаровду толук колдойм. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров эки жолу президенттикке талапкерлигин койгонго укугу бар.

«Азыркы конституция боюнча Садыр Жапаров президенттик мөөнөтү бүткөн соң, дагы эки жолу президенттикке талапкерлигин койгонго укуктуу. Мен президенттик шайлоого талапкерлигимди койбойм. Андыктан президентти толук колдойм. Эл дагы бул чечимди колдойт деп ойлойм”, — деди Ташиев.

Ал ошондой эле башка татыктуу талапкер жок экенин эске салды.

«Андан башка кимди колдойбуз? Бекназаровбу же Равшан Жээнбековбу? Же Атамбаевди кайрадан президент кылып коюшубуз керекпи? Биз буга чейин алардын баарын көргөнбүз», — деди УКМКнын төрагасы.

Ташиев Садыр Жапаров эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мега долбоорлорду пландап, ишке ашырып жаткан жалгыз президент экенин белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар