Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Кыргызстанда жөнгө салуучу өчүрүүлөр болобу?

Учурда бизде электр энергиясынын жетишсиздиги бар. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, трансформаторлор ашыкча жүктөөгө туруштук бере албагандыктан, белгилүү чектер коюлган. Чектен ашкан жерлерде гана жөнгө салуу чаралары жүргүзүлүп, ошол маалда гана электр энергиясы аталган аймакта үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

«Кыштын келиши менен абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу калк электр энергиясын нормадан ашык пайдалана баштады. Мисалы, кечээ алынган маалымат боюнча электр энергиясынын суткалык керектөөсү 3612 МВт болсо, иш жүзүндө 78 млн. 931 миң кВт колдонулган. Кыргызстандын тарыхында мындай көрсөткүч болгон эмес», — деп белгиледи министр.

Ибраев кошумчалагандай, электр энергиясын керектөө боюнча акыркы рекорд 2023-жылдын 14-декабрында катталган. Суткалык керектөө кубаттуулугу 3401 МВт, болсо, иш жүзүндө 73,370 млн. кВтка жеткен. Бирок, анда абанын температурасы -8…-20 градус болчу, ал эми ушул жылдын 11-12-декабрында абанын температурасы болгону -5…-14 градус гана болгон.

Эске салсак, Кыргызстанда 11-12-декабрда электр энергиясын пайдалануу рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар