whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.03.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТашиев: "Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок"

Ташиев: «Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок»

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топторго каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат. Ушуга чейин уюшкан кылмыштуу топ Кыргызстанда өтө көбөйүп кеткен. Мындан кийин өлкөдө кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керек.

«Буга чейин Кыргызстанда эң байлар уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери болгон, алар чиновниктерди сатып алып, бизнес кылып келишкен», — деди Ташиев.

Белгиленгендей, укук коргоо органдары тарабынан Камчыбек Асанбек, Кадыр Досонов, Эркин Мамбеталиев жана Чыңгыз Жумагулов сыяктуу уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринен 50 млрд сомго жакын каражат алынган.

«Азыр Кыргызстанда көчө бандиттери гана калды, коркунучтуу бандиттер жок, ишкерлер тынч иштешсе болот»,- деп белгиледи УКМК башчысы.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар