Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Бишкекте «Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө

Бүгүн Бишкекте биринчи жолу президенттин медиа жана журналистика жаатында уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, медиа-эксперттер, коомдук ишмерлер, журналисттер, блогерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышууда.

Белгилей кетсек, “Мейкин” сыйлыгынын негизги максаты — өлкөдөгү медиа жана журналистика тармагын өнүктүрүү, кесипкөйлүктү жана чыгармачылык активдүүлүктү көтөрүү. Сыйлык журналисттердин эмгектерин баалап, аларды стимулдаштырууга багытталган.

Бул сыйлык Кыргызстанда журналисттердин жана медиа тармагынын ийгиликтерин белгилеп, жаңы жакшы салтты баштап бере турган маанилүү кадам болуп саналат.

Сыйлыктын байге фонду 10 млн. сомдон ашат. Он номинациянын ар бирине 1 млн. сомдон сый акы тапшырылары күтүлүүдө.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар