Элибизде “Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” деген накыл сөз бар, элибиздин карт тарыхынан калган улуу мурас – бул Элдик курултай. Элдик курултай институту элдик башкаруунун бирден бир формасы болгон. Элди мындай формада башкарууга, албетте, кыргыздарга гана таандык уңгулуу тарыхый тажрыйбасы, каада-салт баалуулуктары, башкаруучулардын адилеттүүлүгү жана нарк таянымдары негиз болуп келген. Орто кылымда жашап өткөн залкар, улуу ойчул Жусуп Баласагын бабабыз: “Нарк – коомдун баш мыйзамы”, – деп, таамай-таасын белгилеген. Анткени улуу ойчулдардын акыл-ой насааттары, макал-лакаптары, учкул сөздөрү мамлекет курууда элибиздин келечек багыттарын аныктап берген, ал эми улуулук тартиби болсо эреже катары ыйык саналып, аны эч ким буза албай тургандыгы катуу тутулган.
Элдик курултай институту кыргыз эли менен үзөңгүлөш болуп, кыргыз салтына ылайык, “Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок” деп айтылып келген накыл сөздү туу тутуп, адилет бийлик жүргүзүүнүн үлгүсүн көрсөтө алган.
Буюрса, кезектеги III Элдик Курултай да элдик бийликтин жана адилеттикти орнотуунун тарыхый тастыкталган салтына, азыркы замандын шартына ылайык өзгөчө уюшкандыкта өтөт деген ойдомун. Анткени дүйнөлүк саясатчылардын айтымында, Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы мамлекеттерден Элдик Курултай институтун Баш мыйзамга киргизүү менен атайын Элдик Курултай жөнүндөгү Конституциялык мыйзам кабыл алган өлкө катары таанылды.
III Элдик Курултай өлкөбүздүн учурдагы жетишкен ийгиликтерине, коомдук турмуштун талаптарына, эл-журттун мүдөөсүнө ылайык, Конституцияга, башка укуктук-ченемдик актыларга таянуу менен, мурункулардан кыйла айырмалануу менен өтө турганы айгине. Курултай делегаттары биринчи, экинчи Элдик Курултайдан өзгөчөлөнүп, өткөндөрдүн тажрыйбасын эске алып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн, Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө орчундуу салым кошо турган, эл менен бийликтин мамилесин кеңейтип, байланышын чыңдоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере турган сунуштамаларды берүү менен III Элдик Курултайды салттуу Улуттук улуу жыйынга айландырат деген ишеним чоң.
Өткөндөрдүн демекчи, Кыргыз элинин кылымдарды карытып басып өткөн тарыхында, эгемендүүлүктүн доорунда далай жолу Курултайлар өткөрүлгөн. Элибиздин бай тарыхынан сабак алчу учурлар арбын, бабаларыбыз баскан улуу жолдо үйрөнчү жана кийинки муундарга өткөрүп берүүчү руханий байлыктарыбыз жетиштүү.
Ошондой болсо дагы дүйнөдө болуп жаткан глобалдык көйгөйлөрдүн доорунда эгемендүүлүккө ээ болгон жана андан келип чыккан бардык кесепеттерди али жеңе элек салыштырмалуу жаш мамлекеттер үчүн өзгөчө кыйын. Бул мамлекеттердин арасында көптөгөн мамлекеттик-саясий жана социалдык-экономикалык институттардын калыптанышы дагы эле жүрүп жаткандай, бүгүнкү күндө дүйнөлүк саясий кризистин, маалыматтык технологиялардын тез өнүгүп жаткан шартында кээ бир мамлекеттер өздөрүнүн геосаясий таасирин күчөтүү үчүн өсүп келе жаткан муунга таасир этүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууда. Коомчулуктун аң-сезиминде массалык манипуляциялык таасирдин натыйжасында элибиздин улуттук каада-салттарына жат туруктуу ишенимдер жана баалуулуктар пайда болууда, мына ушундай көйгөйлөр жана чечилбеген маселелер арбын.
Мындай проблемалардын арасында коомдун укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын калыптандыруу проблемасы да өзгөчө орунду ээлейт. Андыктан, өлкөбүздүн жарандарынын укуктук аң-сезимин жана анын коомго натыйжалуу таасирин жогорулатуунун жолдорун илимий талдоо жана түшүнүү маселеси эң курч бойдон калууда. Маселен айрым жарандардын укуктук сабатсыздыгы, укуктук маданияттын деңгээлинин биз күткөндөй бийик эместиги, ошондой эле күчтүү укуктук мамлекет идеологиянын акырындап калыптанып келаткандыгы, укуктук нигилизм ж.б.у.с. көрүнүштөр.
Укуктук аң-сезим, коомдук аң-сезимдин формаларынын бири катары жарандардын мыйзам актыларына болгон мамилесин, сезимдерин, эмоцияларын билдирген туюм. Мындай туюм өз кезегинде мыйзам актыларынын талаптарын ишке ашырууга карата жарандардын оң же терс реакциясынын өнүгүшүнө таасир этүү менен укуктук аң-сезим улуттук ынтымактын өзөгүн түзөт.
Укуктук аң-сезимди калыптандыруу – бул коомдук аң-сезимдин жамааттык акыл парасаттын кандайдыр бир жаңы деңгээлге чейин өнүгүшүнө көмөктөшүүчү процесс. Укуктук аң-сезим коомдук аң-сезимге рационалдуулуктун мүнөзүн, «акыл-эстүүлүктүн» жогорулашына жол ачып берет. Анткени, цивилизациялуу мамлекетти түзүүчү негизги жөнгө салуучу тутум катары укуктун ролу жана баалуулугу өссө, ошого жараша укуктук дүйнө тааным да жакшырып, инсандын да, бүтүндөй коомдун да бакубат жашоо шартына айланат.
Элдик курултай институту Жогорку Кеңешке альтернатива боло ала турган институт эмес, ал эми Жогорку Кеңеш Элдик курултай институту эмес!
Албетте, бардык нерсени салыштырмалуу баалоо – мезгилдин талабы, Элдик курултайга тийиштүү Конституциялык укуктук негиздер аныкталып, башка укуктук-ченемдик актылар кабыл алынды – Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, уюштуруу комитети тарабынан бекитилген Жоболорду жана башка ченемдик-укуктук актыларын эске алып жатам. Болгону мезгилди шаштырып кереги жок.
Элдик курултайдын Улуттук Улуу Жыйын катары наркы канчалык жогору болсо, элибиз Улуу Көчүбүздү улантууну жана иденттүүлүгүбүздү сактоону терең деңгээлде ойлоно алган калк катары Батыш-Чыгыш цивилизациясында бабалардын жолун жолдоп, жашоо кечирүүнү улантат деген ишенимим бар.
Чолпонкул АРАБАЕВ,
Үчүнчү Элдик Курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү, КР УИАсынын вице-президенти, ю.и.д., академик