whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
34.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Мейкин” сыйлыгынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду

“Мейкин” сыйлыгынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду

Президенттин медиа жана журналистика жаатындагы «Мейкин» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду.

Сыйлык тапшыруу аземи өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында өтүп, ага журналисттер жана жалпы медиа өкүлдөрү катышууда.

Медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында уюштурулган “Мейкин” сыйлыгы төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдү аныктады. Жалпы байге фонду 10 млн. сомду түзүп, төмөнкү журналисттер ар бири 1 млн. сомдон сый акыга ээ болду:

  • «Бир эл – бир түндүк» номинациясы боюнча сыйлыктын ээси УТРКнын кабарчысы Айсулуу Асанбекова;
  • «Керемет Кыргызстан» номинациясы боюнча сыйлыктын ээси ЭлТР телеканалынын кызматкери Аскар Маратов;
  • «Салык – өнүгүүгө салым» номинациясы боюнча сыйлыктын ээси «Акчабар» медиа порталынын башкы редактору Мария Индина;
  • «Таза Мекен» номинациясы боюнча сыйлыктын ээси эркин журналист Улан Эшматов;
  • «Билим – келечек» номинациясы боюнча сыйлыктын ээси «Кут билим» гезитинин жалпы редакциясы;
  • «Куттуу элет» номинациясы боюнча сыйлыктын ээси УТРКнын Ысык-Көл телеканалынын кабарчысы Гүлбарчын Молдоева;
  • «Мекен жана мен» номинациясы боюнча сыйлыктын ээси «МИР» телерадио компаниясынын кабарчысы Аида Аманбекова.;
  • «Мекендештер» номинациясы боюнча сыйлыктын ээси ютуб-блогер Дооронбек Атадаханов;
  • «Кыргызстанда чыгарылган» (Made in KG) номинациясы боюнча сыйлыктын ээси ЭлТР телекомпаниясынын кабарчысы Рахат Кыдыртоктоева.
  • «Сергек жашоо» номинациясы боюнча сыйлыктын ээси «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина.

Талапкерлерди аныктоодо максималдуу объективдүүлүктү жана айкындуулукту камсыз кылган комиссиянын курамына мамлекеттик органдардан 2 өкүл, калган 9 адам көз карандысыз маалымат каражаттарынан жана журналисттик профилдеги окуу жайларынын өкүлдөрү кирген.

Эске салсак, сынакка 10 номинация боюнча 200дөй эмгек келип түшүп, анын ичинен аныкталган 10 жеңүүчүнүн аты бүгүн белгилүү болду. Коомчулуктун жана бүтүндөй өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеген журналисттердин эмгегин колдоо жана баалоодо маанилүү кадам болгон бул сыйлыкты жыл сайын уюштуруу пландалып жатканы маалым болду.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар