Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданы авариялык абалда турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылы чыгарган тиешелүү тыянагында ат майдандын имараттары жана темир курулмалардын техникалык абалы бүгүнкү коопсуздук талаптарына жооп бербейт жана жарандар үчүн кооптуу экендиги тууралуу бүтүм бар. Бир сөз менен айтканда, ат майданга майрамдарда ат оюндарын уюштуруп, адамдарды киргизүүгө болбойт.
Өткөн жылы Президент Садыр Жапаров “Аккула” ат майданында пландан тышкары болуп, анын аянычтуу абалы менен таанышкан учурда, ат майданын шаардын сыртына көчүрүп, анын ордуна мугалимдер жана врачтар, мамлекеттик кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу жана ал үйлөрдү ипотекалык кредиттөө жолу аркылуу берүү идеясы айтылган. Ошону менен бирге мамлекет башчысы жаңы заманбап ат майданды куруу үчүн жер участогун бөлүү тууралуу сунуш киргизүүнү тапшырган.
Жаңы ат майдан курула турганы өткөн жылы октябрь айында Көк бөрү федерациясы өткөргөн жыйында да кабарланып, анда Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын төрагасы аэропорт жактан 210 гектар жер сатылып алынып, 20 миң орундуу заманбап ат майдан салына турганы, анын долбоору чийилип бүткөнү тууралуу билдирген. Жаңы жылга чейин курулуш иштери башталып калса деген ниет айтылган.
1947-жылы курулган “Аккула” ат майданын шаардын сыртына көчүрүү маселеси капкачан эле бышып жетилген. Неге дегенде, 60 гектарды ээлеген ат майдан долбоорлонуп жана курулуп жатканда, ал аймак чындыгында шаардын чет жагында болгон. Арийне, жылдар өтүп, шаар калкынын саны өсүшү жана көп кабаттуу жана жер үйлөр массалык түрдө түшө башташы менен “Аккула” ат майданы орун алган аймак шаардын чок ортосу болуп калды.
Анысынан да кызыгы, Бишкек шаарында иштеген калк үйгө жетпей же үй салуу үчүн жер участогуна жетпей жүргөндө “Аккула” ат майданында жылына бир же эки жолу, майрамдарга карата ат оюндары өтпөсө, калган убакта каңгырап бош жана ат майданга тиешелүү 60 гектардын канча бир гектарын атканалар ээлеп, азыркы байбачалардын аттары багылат. Ошол эле учурда бишкектиктердин үйгө болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн шаардын жака белиндеги айдоо аянттары да өзүмдүк үй салуу үчүн берилип кетти. Адатта, дүйнөлүк шаар куруу маданиятынан алсак, кандай болгондо да айдоо жерлер өзүмдүк үй куруу үчүн четинен кетилип берилбейт. Себеби, азык-түлүк коопсуздугу биринчи орунда турат. Шаар үчүн айдоого жараксыз адырлуу бөксө тоолор ылайыкташтырылат. Боордош Түркияны алсак, Стамбул, Анкара сыяктуу чоң шаарлары адырларда, бөксө тоолордо, дөбөлөрдө орун алган.
Кыскасы, ат майданды шаардын сыртына көчүрүү тууралуу мамлекет башчысынын демилгеси коомчулук тарабынан колдоого алынган. Болгону бул долбоорду ишке ашыруу калды. Биздин оюбузча, жаңы ат майдан Орто-Сай айылынын түштүк капталындагы адырлуу бөксө тоого көчүрүлсө жакшы болмок. Себеби, тоолор ат бакканга да, таптаганга да, шаардыктар барып ат оюндарын көрүп эс алуусу үчүн да абдан ыңгайлуу. Абасы да таза.
Арийне, 23-январда Ленин райондук мамадминистрациясынын башчысы Бишкек шаардык кеңешинин өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында “Аккула” ат майданы бузулуп, анын ордуна жаңысы салына турганын билдирди. Бирок, арадан эки саат өтпөй Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы акимдин маалыматын четке кагып, учурда ат майданды шаардын чегинен сыртка чыгаруу маселеси иштелип жатат деп маалымат таратты. Президент өзү ат майданды шаардын сыртына көчүрүү, аерге врачтар, мугалимдер үчүн көп кабаттуу ипотекалык ыкмада бериле турган көп кабаттуу үйлөрдү демилгелеп жатса, эки ача сөз кайда чыкты деген суроо жаралат?
Эске салсак, эски ат майдандын ордуна жаңысын куруу эски бийликтин идеясы. С.Жээнбеков бийликке келгенден көп өтпөй “Аккула” ат майданынын ордуна жаңысын куруу тууралуу сөз болуп, ат майдандын жаңы эскизин иштеп чыгууга конкурс жарыяланып, жеңүүчү да аныкталган. Жеке тараптарга мамлекет менен бирдикте жаңы ат майдан куруу сунушталган. Эски бийликтин кетиши менен бул долбоор башы ачылбаган бойдон калган.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”