“Акын болуп төрөлөт, оратор болуп жаралат”
Марк Туллий Цицерон
“Россияда акын – акындан да чоң”
Е.А. Евтушенко
Элибиздин энчилүү уулдарынын бири, атактуу акын, котормочу, таланттуу инженер жана коомдук ишмер Надырбек Алымбеков – 80 жаш кутман курагына келип отурат. Ал 1942-жылы Таластын томуктай болгон Козучак айылында дүйнөгө келген. Өзү теңдүү миңдеген элеттик курбалдаштары сыяктуу, оор балалыкты башынан кечирип, эрте жетилген. 6-7 жашында оорулуу атасынын бир короо коюн коңшулаш жердеши менен биргелешип кайтарышып, “бала чабан” деген атка конгон. Кыштын кыраан чилдесинде калың карда кой издеп жүрүп, бийик белден учуп кетип, Кудайдын колдоосу менен ажалдан аман калган.
Жалпы совет элинин башына түшкөн ошол каат замананы, ал:
“Фашисттер кылбаганды кылганында,
Биз төрөлдүк, согуштун жылдарында.
Илбериңки, күйүмдүү болуп өстүк,
Илинсек да, ач күндөрдүн тырмагына”, – дейт акын бул күндөрдү, өзүнүн ыр саптарында.
Надырбек мектептен кийин Ташкенттеги текстиль институтуна өтүп, тырышып окуп жүрүп, инженер-механик деген кесип боюнча аяктап, турмуш жолуна түшкөн. Бир нече жылдан соң, өлкөнүн жеңил өнөр жайларынын дээрлик ар бир баскычын артка калтырып отуруп, анын туу чокусуна чейинки узак жана түйшүктүү аралыкты ишенимдүү, эрктүү басып өтүп, өзүнүн атын алыска тарата алган.
Алымбековдун бү-түндөй эмгек жолунун гүлдөгөн табы – Оштун пахтадан кездеме токуучу текстиль комбинатынын курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген учурга шайкеш келди. Ушул ири ишканада ал катардагы инженерден-анын башкы директоруна чейинки нары жооптуу, нары татаал, нары түйшүктүү жолду кабагым-кашым дебестен, чыдамкайлык, өжөрлүк, эрктүүлүк менен басып өттү.
1983-жылы Н.Алымбековдун инженердик, өндүрүштүк, уюштуруучулук талантына чоң муктаждык жана зарылчылык туулуп, ал Кыргызстан КП БКнын бюросунун расмий чечими менен, жаңыдан гана курулуп жаткан Кара-Балта килем комбинатынын директорлугуна бекитилет.
“Таланттуу адам – бардык жагынан таланттуу”, – дегендей, Алымбеков дал ушундай инсандардын тизмесинен татыктуу орун ээлеп турат. Ал, эң алды, өзүн иш билги, жаңыча ойлонгон, өндүрүшкө техникалык жана технологиялык жаңычылыктарды киргизе алган таланттуу ойлоп тапкыч, инженер-рационализатор катары тастыктаса,
кийинчерээк – мыкты лирик акын, кара сөздүн каймагын калпыган чебер прозаик
жана котормо өнөрүнүн устаты экендигин даана күбөлөндүрүп берди. Ал өзүнүн поэзия мейкиндигине кандайча баш багып калганын жупуну гана:
“Ооз барбайт, чындыкты – жалган дешке,
Ооз барбайт, чабалды – балбан дешке.
Тагдыр экен, акындыкка мен да келдим,
Китепти эл окубай калган кезде”, –дейт.
Бирок, иш жүзүндө, аны бул майданга кирүүсүнө жүрөгүнүн түпкүрүндө эбактан уялап жаткан тубаса, табигый ышкыбоздук, эгерим, мындан да тагыраак айтсак, тал чыбыктай солкулдап, табына толуп турган, тоолук кыргыз жигитинин ак кайындай буралып, бойго жетип турган өзүбектин татынакай талаа кызына болгон алоолонгон сүйүүсү түрткү берди:
“Айлам куруп, бир кезде, дартка баттым,
Ашык болуп, кызына башка калктын.
“Жүлүнүмө” ошондо, “ок” жаңылып,
Жүрөгүмдү соорутуп, ташка бастым.
Опол тоодой бакыт экен – ошол учур,
Ортосуна жайгашкан каш кабактын”, – деп кылдат сүрөттөйт.
Бирок, поэзияга патриархалдык эски үрп-адаттардын капшабы менен жүзөгө ашпай калган ыйык махабат жетелеп келгендиги кашкайган чындык болчу.
Жамгыры карга айланган жазым кетти,
Жаз менен, ыйга айланган назым кетти.
Сүйкөнүп, дагы кимге ашык болуп,
Сүйөм деп, кантип айтам, асыл кепти?
Инженер – акындык изденүүлөрдүн машакаттуу чыйырына кеч түшсө да, ал артта калган жылдардын “карыздарын” толугу менен кайтарып берди десек, туура болот. Муну – анын 70ге чамалаш китептердин автору болгондугу, мындан көп жыл мурда эле, тандалма ырларынын 10 томдугунун, кийинчирээк 14 томдук чыгармалар жыйнагынын жарык көргөнү, 200дөн ашуун ырларына – Р.Абдыкадыров, К.Тагаев, С.Бакты-гулов, М.Рыскулбеков, К.Эралиева, А.Бөдө-шов, А.Бедияров, А.Жайнаков, Г.Айдо-сова ж.б. сыяктуу белгилүү обончу-композиторлордун музыка жаратканы эле, ачык-айкын айгинелеп турбайбы…
Надырбек – ажынын көптөгөн ырлары өлкөбүздүн чегинен чыгып, орус, англис, казак, өзбек, тажик, түрк, түркмөн, азербайжан, грузин, иран, уйгур, каракалпак тилдеринде өзүнчө топтом болуп басылып чыккан. Ал А.Осмонов, эл аралык Физули, Пшавели, Ахпарзаде атындагы адабий сйлыктардын лауреаты, бир нече акындык фес-тивалдар менен кароо-сынактардын жеңүүчүсү.
Алымбековдун ыр саптары шар, окуганга жеңил, элпек, куюлушкан, ширелүү элдик тил менен жазылганы дароо эле көзгө урунат. Мындан улам, орустун улуу демократ – сынчысы В.Белинскийдин гениалдуу акын А.Пушкиндин поэзиясына карата: “Мыкты ырлар өтө эле жөнөкөй болот. Аны окуган адам, “ой, муну мен деле жазмакмын, оңой эле турбайбы”, –деп, ага өтө катуу берилип кетет”, – деген таамай баасы түздөн-түз Алымбековдун дарегине да тиешелүү-дөй таасир жаратат экен…
Инженер – акын 1996-жылы КР Жазуучулар Союзунун чукул чакырылган пленумунда, андан соң, кезексиз 12-съездинде ушул чыгармачылык маанилүү коомдун төрагасы болуп шайланат. Мамлекеттик каржылоодон караманча сырт калган калемгерлердин бул ыйык уясын ал, негизинен, өз чөнтөгүнөн жана колунда бар ишенимдүү, кайрымдуу, тилектеш досторунун чын пейилден көрсөткөн колдоосу жана көмөгү менен, союздун коломтосундагы касиеттүү отту өчүртпөй, аны күнү бүгүнкүдөй сактап калды.
Алымбеков, ириде, өзүнүн жагымдуу лирикасынын касиети менен поэзия сүйүүчүлөрдүн табитин таап, алардын купулуна толо алды. Муну – анын “Ырдалып бүтпөйт махабат”, – аттуу жыйнагы айкын чагылдырып турат. Өз кезинде, ал жарык көрөөр замат, окурмандар тарабынан мээримдүү кабыл алынып, үстөлдүн үстүндөгү китепке айланып кеткени маалым. Белгилүү композитор Каныкей Эралиева ага музыка жазып, ал улан-кыздардын сүйүктүү ырына б.а. хитке айланып, бүгүнкү күнгө чейин концерт, кечелерде, теле-радиоберүүлөрдө байма-бай аткарылып келүүдө.
“Арзуудан жүрөк тазарат,
Арзуудан өмүр наз алат.
Армандуу дүйнө кимде жок?
Айтылып бүтпөйт, махабат”.
Ооба, бул – кашкайдан талашсыз чындык!
Надырбек – ажы кийинки кездерде диний көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бөлүп, бул багытта калкыбызга бир нече маанилүү жана пайдалуу чыгармаларды сунуштады. Адегенде, Мухаммад (Ага Алланын ырайымы жана саламы болсун) пайгамбардын жүздөгөн хадистерин кыргызчага поэзия тилинде которуп чыкты. Баш көтөрбөй, такай иштеп отуруп, Ыйык Куранды да эне тилибизге оодарууга үлгүрдү. Бул – капиталдык деңгээлдеги чоң эмгек алымча-кошумчасы, орун алган айрым мүчүлүштүктөрдү оңдоп чыгуу жолу менен, туура жети мертебе кайрадан басылып чыкты. Ушул – өткөрө татаал, түйшүктүү жана машакаттуу ишти котормочу:
“Алты миң ашуун аятты,
Жүрөгүмдөн өткөрдүм.
Алты миң жолу толгонуп,
Азаптуу ишке бет келдим.
Которбодум Куранды,
Жок үчүн менин эрмегим.
Талабын окуп Кудайдын
Тазарса дедим, эл-жерим.
Кемчилик кетсе, кечиргин,
Мен деле, сендей пендемин”, – деп ымандай сырын жашырбайт. Өзүнүн мындай аракети менен, ал адамдарды ыйман-ынсапка, абийирдүүлүккө, руханий тазалыкка, Жаратканга ишенүүгө, ата салтын аздектөөгө үндөйт.
Акындын жемиштүү адабий ишмердигиндеги орчундуу орунду – анын “Жеңиш – сабырдан кийин” – деген көлөмдүү (530 бет) мемуардык, даректүү баяндамасы ээлеп турат. Биздин баамыбызда, мемуардын эң башкы артыкчылыктарыны бири – анын тили. Не дегенде, ал жандуу, жатык, бай, элпек, куюлушуп турган ширелүү элдик тил менен иштелип чыккан.
Надырбек – ажы дүйнөтаанымы, көз карашы менен сезими өтө күчтүү инсан катары, бүгүнкү космикалык ылдамдыкта өтүп жаткан учкул мезгилди:
«Кайткан жаш кайрылбаган таанышыңдай,
Кара тоонун карайган камышындай.
Жыты качкан чөптөрдү шуудуратып,
Жыландардын сойлогон дабышындай», – деп сыпаттайт.
Н.Алымбековдун эмгектик ишмердигинин, табигый акындык талантынын акыбети кайтып, биздин улуттук поэзиябызга кошкон салмактуу салымы мамлекет, өкүмөт, коомчулук тарабынан калыс жана акыйкат баага татып, ага «Кыргыз эл акыны» жана «Манас» ордени ыйгарылды. Анын ырлары кыргыз поэзиясынын алтын корунан өзүнүн энчилүү ордун ээлеп, болочок муундар үчүн түбөлүккө сакталып кала бермекчи.
Баса, анын «Жеңиш – сабырдан кийин» темасындагы мемуардык баяндамасы жети ирет кайрадан жарык көрүп, менин котормомдо биринчи сапар орус тилинде, автордун 80 жылдык салтанаттуу мааракесине карата басылып чыккан.
Улуттук интеллигенциябыздын көч башында келе жаткан элибиздин кадырман атуулуна узак өмүр, куунак көңүл, көп кырдуу чыгармачылык, коомдук, тарбиялык ишмердигиндеги күрдөөлдүү жаңы бийиктиктерди чын дилден каалап кетебиз!
Тилектеш ИШЕМКУЛОВ,
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер