whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБишкекте президенттин катышуусунда III Элдик курултай өтөт

Бишкекте президенттин катышуусунда III Элдик курултай өтөт

20-21-декабрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы, Министрлер Кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышат.

Иш-чараны чагылдыруу үчүн 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү аккредитациядан өткөн.

Курултайды УТРК, республикалык жана облустук телеканалдар, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалар түз алып көрсөтөт.

Түз алып көрсөтүү саат 10:00дө башталат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар