whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.06.2025
21.2 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү"Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

«Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө» жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР президентинин жана министрлер кабинетинин төрагасы – президентинин администрациясынын жетекчисинин ишин эксперттик-талдоочулук колдоону өркүндөтүү максатында, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын президентинин 2024-жылдын

12-апрелиндеги № 94 “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун уставында:

– 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“15. Директордун эки орун басары болот, алар Улуттук институттун директорунун сунушу боюнча КР министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы өзүнүн демилгеси боюнча Улуттук институттун директорунун орун басарларын сунуштоосуз кызматка дайындоого жана ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.

Директордун бир кеңешчиси болот, аны дайындоо тартиби директор тарабынан аныкталат.”;

– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“17. Директорду жана анын орун басарларын кошпогондо, Улуттук институттун кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болуп саналбайт.

Улуттук институттун директору жана анын орун басарлары саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлейт”.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар