Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Садыр Жапаров: «Элибизге таза, чын жүрөктөн ак ниет иштеп берели»

Мурунку бийликтегилердин тушунда премьер-министр кызматтан кеткенде, ар бир саясий партия өзүнүн адамдарын бул кызматка отургузуш үчүн президент менен соодалашып, саясатташтырып, коомдо ар кандай көз караштарды пайда кылып, өлкөдөгү абалды толкундатып жиберишчи. Бүгүн болсо заман башка, башка эрежелер калыптанып калган. Министрлер Кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кеткенден кийин өлкөдөгү саясий кырдаал мурункудай эле туруктуу абалда. Ошондой болсо дагы, коомчулукта айтылган жоромолдорго жана суроолорго президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин жаңы башчысы жана өкмөттүн мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде чекит койду.

«Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин саясатташтыруунун кажети жок. Бирок, өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр барыбызды кейишке салды. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык ситемасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле. Салык кызматынын жетекчилеринин кармалышы боюнча окуя тергелип жаткандыктан, бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн Акылбек Үсөнбековичти кызматтан четтетүүгө мажбур болдум”,- деди президент.

Кыргызстандын бүгүнкү экономикалык көрсөткүчтөргө жетишине Министрлер Кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун салымы бар деп белгилеген Садыр Жапаров.

Азыр башка заман. Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда. Мамлекеттин ички-тышкы саясатында көрүнүктүү жакшы жылыштар бар. Мурда чоң көйгөй болуп келген чек ара маселелери оң жагына чечилип, коңшу мамлекеттер менен ынтымагыбыз бекемделип жатат. Россия, Кытай, Европа мамлекеттери, Түркия, Корея, Япония сындуу өлкөлөр менен алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өз ара кызматташуу чыңдалууда. Ал эми, өлкө ичиндеги болуп жаткан өзгөрүүлөр, экономикалык өсүштөр, ачылып жаткан социалдык-экономикалык обьектилер, бир катар тармактарды реформалоого жасалган аракеттер элдин купулуна толуп турган мезгил.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын кызматына келген Адыл Касымалиев да ашыкча суроолорду жараткан жок. Садыр Жапаров Касымалиевди бул кызматка сунуштоодон мурун, анын эмгек жолун дыкат изилдеп, аброюна көлөкө түшүргөн ыплас иштерге катыштыгы жок экенине ынанган. Себеби, президент ар дайым жакшы жетишкендиктерге жетиш үчүн таза иштеш керек деп, чоң кызматка таза инсандардын келишин каалайт жана талап кылат.

“Мекенибизге – сүйүктүү Кыргызстаныбызга, кылым кыйырынан бери нарк күтүп, сакталып келаткан элибизге кызмат кылалы, таза, чын жүрөктөн ак ниет иштеп берели. Мурдагы заманды унуткула. Ар бир жетекчи мейли кайсы тармакта болбосун өз тармагыңарды ирээтке келтиргиле. Коррупциялык элементтерди, уурулуктарды түп тамыры менен жок кылгыла. Таза иштегиле. Таза, адилет иштегенге көзүңөр жепесе, эртелеп эле арыз жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы болот,”- деди Садыр Жапаров.

Жаңы бекитилген Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев таза жана ачык иштеп берем деп убада кылды.

Министрлер Кабинетинин жаңы башчысына мурунку төрага Акылбек Жапаровдун тушунда белгиленген экономиканы өнүктүрүүдөгү жогорку көрсөткүчтөрдү сактап кала алабы деген суроону узатышты депутаттар. Анткени, өлкөдө ИДПнын өсүшү 9% пайызды түзүүдө, акыркы 3 жылда бюджеттин эки эсеге көбөйүшү – бул өтө бийик чек. Мындан сырткары, 2030-жылга чейин ички дүң продукцияны 30 миллиард долларга жеткирүү милдети коюлган.

«Аткарабыз. Салыктын түрлөрүн жана көлөмүн көбөйтпөйбүз. Биз башкаруу маселелерине көбүрөк көңүл бурабыз. Мен абдан жооптуу кызматка келип отурам. Мен сиздерге ак ниеттүүлүк менен иштөөгө убада берем. Бул менин максатым. Мен буга чейин таза иштегем, мындан ары да ушундай болот», — деди Адылбек Касымалиев депутаттарга.

Ал инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аймактарда кичи жана орто ишканаларды ачуу, калктын аз камсыз болгон катмары менен социалдык келишимдерди түзүү долбоорун улантуу жана кассалык машиналарды киргизүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү көздөгөн багыт боюнча иш алып барарын белгиледи.

Кыргызстандын МинКабдын жаңы жетекчиси Адылбек Касымалиев менен бирге экономика жана коммерция министри болуп Бакыт Сыдыков, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп Данияр Амангелдиев өттү.

Жаңы кызматка отургандар ант бергенден кийин Садыр Жапаров: “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” дейт кыргыз эли. Биз да кетебиз, мөөнөтүңөр аяктагандан кийин сиздер да кетесиздер. Мамлекетибиз, элибиз гана түбөлүк калат. Бийлик алмашат, жаңылары келет-кетет, турмуш өзү ушундай. Эң башкысы эл кызматына татыктуулар, чынчылдар, мекенчилдер келип, жалпы журтубузга ак кызмат кылып беришсе болгону”,- деди президент.

Акыркы үч жылда өкмөт, бийлик өкүлдөрү абдан натыйжалуу иштеп, жалпы республика боюнча бир топ алгылыктуу жумуштар жасалганын белгилейт экономика илимдеринин кандидаты, доцент Кеңшбек Алимбеков.

“Бирок кырдаалга жараша азыркы учурда Министрлер Кабинетинин төрагасы алмашты. Жаңы келген төрага буга чейин аткарылып жаткан программаларды, пландарды ишке ашырыш керек. Ири долбоорлор түзүлгөн, ошолорду улантуусу керек. Комплекстүү түрдө өнүгүү пландарын 2030 — жылдарга чейин түзүп, республиканын экономикасын бардык тармактарын тең баланстуу, интенсивдүү өнүктүрүүгө аракеттенүүсү зарыл. Өзгөчө энергетиканы, себеби, бардык тармактарга электроэнергия керек. Камбар-Ата 1, чакан ГЭСтерди жана ири долбоорлорду ишке ашыруу зарыл. Ошол эле учурда, транспорттук инфраструктурага көнүл буруш керек, себеби бул тармак экономиканын кан тамырын түзөт. Азыркы айтылып жаткан Кыргызстан – Кытай — Өзбекстан темир жолун бүтүрүүнү ылдамдатыш керек.

Айыл чарба, тоо кен тармактары келечектүү, ушул тармактарды өнүктүрүп, ошонун негизинде республиканын экономикасын бат көтөрүүгө аракеттенсе жакшы болот,”- дейт Кеңешбек Алимбеков.

Кыргызстандын жаңыланган Министрлер Кабинети Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында биринчи жыйынын өткөргөнү маалым болду. Анда өкмөт башчы Кыргызстандын аймактарында кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, аларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрүн дагы бир жолу баса белгиледи. Демек, жакшы иштер башталып, мурункулар уланат экен.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар