Среда, 22 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Корпоратив, чыгымы арбын тойлор

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жаңырган жылдын алдында жасаган видео билдирүүсүндө коррупция менен күрөш, уюшкан кылмыштуу топторду биротоло жок кылуу, укук коргоо кызматкерлерине бейкүнөө жарандарды жасалма кылмыш иштери менен бөөдө зарлатпоо сыяктуу маселелер менен катар маанилүү сунуштарды белгиледи.

Коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин айтылган сунуштары  коомдогу чоң проблеманы козгоп турат. Биринчиси, бул корпоративдик кечелер. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кесиптик жана башка майрамдардагы чогулуп алып көңүл ачмай, шапар тепмей өнөкөтү бүгүн башталган жок. Кыргыз кыртышында өнүп, дүркүрөп өскөнүнө көп жыл болду.

Албетте, ар кимдин өз иши деңизчи, бирок чиновниктердин корпоративдик кечелери коомчулукка терс таасири болгондуктан, атайын кызматтын башчысы тегин жеринен көңүл буруп жаткан жок. Тойлор сыяктуу эле эски көйгөй, пайдасынан зыяны арбын көрүнүш. Тойлор демекчи, бул көйгөйдү жөнгө салуу тууралуу коомчулук көптөн бери кеп кылып келет. Биз тойлордун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге гана тиешелүү айрым жагдайларына учкай токтололу деп жатабыз.

Кыргызстанда аш-тойлорду өткөрүү барган сайын татаалдашып, өлкөнүн калкынын көбүнүн социалдык абалына кедергисин тийгизүүдө. Албетте, аш-тойлорду тейлеп, кызмат көрсөткөн субъектилерге (мисалы, ырчы-бийчилер, тамадалар, тойканалар, алып-сатарлар, касаптар ж.б.) пайдасы түшүнүктүү. Бирок, бир ууч топко түшкөн пайда менен жалпы элге тийгизген зыяны тескери пропорция, айырмасы абдан чоң.

Биринчиден, социалдык маселе. Аш-тойлор ыксыз чыгымдар менен коштолууда. Бир кезекте экономисттер бир жылда Кыргызстандын калкы 2 млрд. доллардан ашык каражатты тойлорго жумшаарын тээ 2017-жылдары эсептеп чыгышкан. Насыяга той өткөргөн жарандар ого бетер карызга чөмүлөт. 200-300 кишилик тойго кеткен чыгым 1,5 млн. сомду түзөөрүн 2016-жылы эле өкмөт эсептеп чыккан. Мисалы, басымдуу бөлүгү тойго жумшалуучу керектөө кредити ар жылы 20 млрд. сомдон кем эмес өскөн. Бул банк аркылуу алынган насыялар, ал эми ломбарддан, сүткорлордон, чакан компаниялардан алынган насыялар андан кыйла арбын.

Экинчиден, нравалык маселе. Каатчылык убагында байлар менен бийликтеги айрым кызматкерлер дүңгүрөгөн той берип, ага чиновниктердин агылып барышы элди иренжитет.

Үчүнчүдөн, идеологиялык маселе. Элдик каада-салттар бурмаланууда. Обу жоктор көпчүлүктүн тарыхты, маданиятты жакшы билбегендигинен, билсе да кайдыгерлигинен пайдаланып, тигил же бул жат нерсени салтка такап, легалдаштырып, терс жөрөлгөлөрүн коомчулукка агрессивдүү жайылтууда. Көзү калың топту көрбөй, колу ырыстуу оокатка тийбей өскөн, бирок жапайы капитализм доорунда тез байыган жана мамлекеттик, муниципалдык кызматка кокус аралашкан маргиналдар коомго плебейлик мүнөзүн көрсөтүп, элге өз эрежелерин таңуулоодо.

Төртүнчүдөн, мамлекеттик бийликтин жана кызмат адамдарынын аброюна шек келтирип, элдин купуя нааразычылыгын жаратууда. Бул калктын бийликке ишенимине доо келтирүүчү негизги факторлордун катарын толуктады. Бүгүнкү тойлор кошоматтын, бийликти жана байлыкты демонстрациялоонун формасына, ал тургай көмүскө паракорлуктун ыкмасына айланууда.

Бешинчиден, саясий маселе. Социалдык теңсиздикти, мүлктүк ажырымды даңазалоочу көрүнүшкө айланды. А бул ар кандай саясий инсинуацияга, нааразычылыкка жол ачат. Ар кандай нааразычылыктар ыктуу шартта саясий толкундоого айланышы толук мүмкүн.

Алтынчыдан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер убактысынын көбүн же намазга, же аш-тойлорго кетирет. Тойдо көбү спирт ичимдигин ичет, айрымдары өзүн көзөмөлдөй албай, абийири кетет, эртеси башы ооруйт, демек иштебейт. Ичпегендери же мен сопумун дегендери узакка созулган ызы-чуудан чарчайт, бир топ күнгө иш жөндөмдүүлүгүн жоготот.

Мамлекеттик жана муниципалдык чиновник кызматта болгон соң статусуна жараша чыгым тартат. Орточо чиновниктин эмгек акысы 30 миң сом, бул каражат Бишкек ичинде бир айда төрт жолку орточо тойго барганга жетпейт. Региондорго барса чыгым ого бетер көбөйөт. А тууганчыл, илик-жармасы, катышы арбын кыргыз бир жумада бери дегенде экиден кем эмес тойго чакырылат. Албетте, айлыгынан бир нече көп акчаны тойго короткон кызматкер жел ообойт, демек мыйзамдуу башка кирешеси болбогон соң же карызга батат, же мыйзамсыз кирешеге умтулушу ыктымал.

Албетте, аш-тойлорду мыйзам менен жөнгө салуу оор. Жалпы элге чектөөлөрдүн натыйжасы аз экенин өзүбүздүн жана коңшулардын тажрыйбасы тастыктап турат. Кыргызстанда да өкмөттүк деңгээлде тойлорго кеткен чыгымды азайтуу, жөнгө салуу, тескөө чаралары, ал тургай мыйзам долбоорлору демилгеленип, талкууланып, бирок ишке ашырганга чамабыз келген эмес. Бирок, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин аш-тойлорду өткөрүүгө жана катышууга чектөөлөрдү киргизүүгө болот.

Ошону менен сунушталган иштин изги натыйжасы талашсыз. Бирок тобокелчиликтер да болушу ыктымал:

  1. Кирешеси аш-тойлорду тейлөө менен байланышкан топтор катуу каршылык көрсөтөт;
  2. Маалыматтык-идеологиялык коштоо жетишпей, идея дискредитацияланышы ыктымал.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин аш-тойлорду өткөрүүгө жана катышууга чектөөлөрдү киргизүү аларды ар кандай ашыкча чыгымдардан, ыплас көрүнүштөрдөн сактайт. Демек, бул алардын укугун чектөө эмес, аларга көрүлгөн камкордуктун бир түрү. Албетте, мындай чечим чиновниктин көбүнө жагышы ыктымал. Ансыз деле кыйналып, бирок аргасыз чыгымдан башы арылбаган коомчулук да бийлик элди тыйбай, өзүнөн баштады деп колдоору шексиз.

Мыйзам менен чектесе ишке ашпай калып же бурмаланып, чечимдин да, чечим кабыл алган бийликтин да кадырына доо кетиши ыктымал. Ошондуктан алгач демилге чиновниктердин өзүнөн чыгып, акырындап ишке ашканы туура.

Сыргак ЭСЕНБЕК

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар