Шарп, сибирь жарасы, кой-эчкилердин кыргын, күл ылаңдарына каршы вакциналар жана жылкылардын маңка ылаңына каршы диагностикумдар жер-жеринде таратылып берилди.
Аталган вакциналар мамлекет тарабынан бекер камсыздалат. Мал ээлери жеке ветеринардык адистин кызмат акысын гана төлөйт. Жеринде эпизоотияга каршы бекитилген пландын негизинде жазгы эмдөө, диагностикалык иш-чаралар жүрүп жатат. Мындан сырткары, зооноздук ылаңдарга каршы калк арасында агартуучулук иштерди жүргүзүү максатында, медициналык кызматкерлер менен биргеликте мектептерде, бала бакчаларда семинарлар, окутуулар жүргүзүлүүдө.