Буга чейин “Кыргыз Туусу” гезити “Мекендеш”, “Мекендештин күндөлүгү” рубрикаларынын астында сыртта жүргөн мекендештерибиздин кызыктуу окуяларын, кыйынчылык, ийгиликтерин окурмандарга сунуштап келген. Бул жолу Москвада көп жылдан бери эмгектенип, ары кызыктуу, ары татаал окуяларды башынан кечирген Үмүт КЕЛДИБАЕВАны кепке тарттык. Сүйлөп берип жатып, улам көзүнө жаш алган каарманыбыз жети жыл ичинде көргөн окуяларын баяндап берди.
Эл жок жерден ыйлап алчумун
Балалыгым Алай районунун Гүлчө айылында өттү. Кышкысын эртеден кечке күл чыгарып, от жагып кыйналган апамды көргөндө “Кийин мен шаарда кабаттуу үйдө жашасам. Кышкысын кофе ичип, терезеден сыртты карап отурсам” деп кыялданчу элем. Ошол кыялым орундалып дем алыш күндөрү терезеден сыртты карап ойлуу отура берем. Башыман өткөн көп нерселерди эстейм.
Москвага мен 2016-жылы ноябрдын аягында келдим. Улуу кайын агам мени тосуп алып Зеленограддагы алысыраак абысынымдын үйүнө чейин жеткирип койду. Кыргызстанга салыштырмалуу Россия бир топ суук экенин ошондо сездим. Кудай жалгап эки күндөн кийин мага тигүү цехинен иш табылып калды. Футболка тиккен цехте таңгактоочу болуп иштеген кара-кулжалык келин кетип жаткан экен, ордун мага таштап кетти. Иштеген жерим үйдөн эки аялдама алыс жерде экен. Ал жактын аялдамаларынын аралыктары Бишкектин аялдамаларынын аралыгынан бир топ узак. Ошого карабай тыйыныма үнөм болсун деп суукта жөө барып келип иштей баштадым. Бригадирибиз орус аял экен. Ал таңгактаганды көрсөтүп берди. Башында көнө албай жүрүп, кийин шуулдатып калдым.
Иш жок калган учурда мени жарымына иштейсиң дешип үтүктөгөнгө коюшту. Үтүкчү орус аял ишин, акчасын кызганып мени кагып-силке баштады. Үчүнчү күнү чыдабай ал иштен кетип, Москвадан иш издей баштадым. Күнүгө автобус менен шаарга келип, иш бар даректерге жөө, эл азыраак көчөлөр менен барып жүрдүм. Эл жок жерден бугумду чыгара ыйлап-ыйлап алам. Бир күнү жолдон кыргыз келинге жолугуп калып, ага иш издеп жүргөнүмдү айттым. Ал өзү иштеген армяндын дүкөнүндө иш бар экенин айтып, ошол дүкөнгө барып иштеп калдым. Орус тилин жакшы билгендиктен ишти жакшы өздөштүрүп кеттим. Кийин ошол дүкөнгө жакын жерге батирге чыктым. Ошентип жүргөндө апам өтүп кетип Кыргызстанга келип апамды жерге бердик.
Таттууларды көңүлүм калгыча жегем
Кайра келип баягы ишимде иштей баштадым. Кээде апама окшошураак аялдарды көргөндө ыйлап алам. Кыргыз кыргызга душман болуп ошол жерде иштеген бир кыргыз кыз дүкөн ээсине “Бул кардарларды каратып туруп эле ыйлай берет” деп жамандаптыр. Анан мен дүкөн ээсине дайыма эле эмес, кээде гана элге көрсөтпөй ыйларымды айтсам, ал мени түшүндү. Ага болбой эле тигил кыз мени ага жамандай берди. Ошентип жүрүп ооруп калып Кыргызстанга келдим.
Бул жакта беш ай жашап, бир топ кыйынчылыктарга дуушар болдум. Аргам кетип уулумду эжеме таштап кайра Москвага келдим. Бир бөлмө квартирада беш-алты аял менен жашап, офистердин полун жууп иштей баштадым. Кечки саат 11ден жерге жарык киргенге чейин жарыкты күйгүзгөнгө болбогондуктан таңга маал буттун учу менен басып ваннага кирем. Ошол жерден акырын кийинип алып, үн чыгарбай ишке кетмей.
Кыргыз кыргызды алдап, жамандаган, саткан учуруларды көрүп ызаландым. Кийин дагы бир чоң дүкөндүн колбаса, кондитердик бөлүмдөрүндө иштедим. Конфет, печеньелерди таңгактап жүргөндө түрдүү таттууларды көңүлүм калгыча жедим. Колбасаларды граммдап кесип, атайын идиштерге салчу элек. Ал жактан сөөмөйүмдү машинага кестирип алдым. Кыскасы, бир жылдан ашык убакыт ошол жерде жакшы иштедим. Ошол кезде атам каза болуп калып ал ишимен да кетүүгө аргасыз болдум. Кайра келгенде ошол эле дүкөндө, кийин башка дүкөндө да кассада иштедим. Өздөрүнүн карыздарын жабыш үчүн дүкөндөгүлөр күнүгө 200-300 рубль жетпей калды кыла башташты. Минтип отурушса бир айда чоң сумма карыз болуп калгыдаймын деп ишимен кеттим.
Ошентип көп өтпөй эле Президенттин иш башкармалыгына караштуу ооруканада оорулуу кемпир-чалдарды карап иштеп калдым. Ал жакта жүрүп оорулууларга түзүлгөн шартты, алар үчүн жасалган тамактарды, аларга болгон жылуу мамилени көрүп абдан таң калдым. Бул жактын ооруканалары менен биздикин салыштырып арданып да кетесиң. Мындай ооруканаларда батирге акча кетпегендиктен үч-төрт айлап ооруканадан чыкпай иштеген кыргыз, өзбек аялдарды көрдүм. Бирок, оңой көрүнгөн менен оорулууну караган кыйын экен. Бирөөсү төшөктөн тура албаса, дагы бири өтө эле орой, чыдамсыз болушат. Ошол себептен кайра башка иш издөөгө туура келди.
(Уландысы бар)
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”