Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

“Сакадай бою сары алтын” китеп

Жакында Кыргызпатент тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата чыгарылган, жазуучунун карындашы Роза Айтматова менен жээни Асан Ахматовдун “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” аттуу китебинин бет ачары өттү.

Роза эже менен Асан жазган  диалог-эскерүү китебине жазган баш сөзүнө саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков “Биз билген жана билбеген Айтматов” деп  жакшы ат коюптур. (Мен дагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ушундай тема коюп, долбоор баштадым эле).

Ооба, бүгүн бардыгыбыз ушул теманын алдында баш кошушубуз керек деп ойлойм, анткени “Биз билген жана билбеген Айтматовду” ачып берүү деген чоң милдет мойнубузда турат.

24-январда Кыргызпатент китебин чыгарып, бет ачарын өткөргөн Роза Айтматова менен Асан Ахматовдун  китеби бул багыттагы  иш-аракеттердин  алгачкыларынын бири жана эң баалуусу.

Китептин өзгөчөлүгү, артыкчылыгы эмнеде? Окурмандарга таанытуу максатында ушул багытта азыноолак кеп кылайын.

Бул китеп кичинекей, жука болгону менен кыргыздар айтмакчы “сакадай бою сары алтын”. Анткени китептеги эскерүүлөрдү Чыңгыз агабыздын эң жакын  адамдары, бири – бир уяда чоңоюп, өмүр бою жанында жүргөн карачечекей карындашы, экинчиси болсо – кенедейинен  таякесинин тизесинде эркелеп чоңойгон, таякесин ар кыл шартта жакындан көргөн, билген, өзү да таякесиндей чыгармачылык жөндөмгө, аналитикалык акылга эгедер бир тууган жээни, жазуучу Асан Ахматов, дагы тактап айтсак, экөө тең – биринчи  маалымат булактары.

Китеп жайдары маанайда, чай үстүндө маектешип отуруп жазылган. Асан мырза  эжеге  суроолорун берип, таяжесинин эстутумун  ишке  салуунун аракетинде. Кезек-кезеги менен өзү да эсине келген маалыматтарды “ыргытып” коюп, аңгеме-дүкөндүн кызышына “чок” таштайт.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы эң өзөктүү маселелердин бири жана олуттуусу да экология маселеси экендиги бардыгына маалым. Ушуга байланыштуу бул эскерүү китебинде Чыңгыз агай менен анын келини Розалия Жаманкуловна Жээнчороева – чалгынчы геолог (Ильгиз агайдын жубайы) экөөнүн ортосундагы  (СССР кезиндеги) бир маек эскерилет. Анда экспедициядан тоолордогу пайдалуу кендердин жатагын изилдеп, ийгилик менен келген Розалина эжеге:

“ – Ии, ошондо сен картаңа канча чекит койдуң?” деген суроо коет Чыңгыз агай, анан бир саамга ойлонуп туруп: ”Розалин, уксаң, сен ошол белгилериңди картаңа койбой эле коё аласыңбы?” деген суроо берет. Келини антүү мүмкүн эмес  экенин, бул мамлекет үчүн маанилүү иш экенин айтканда: ”Ооба, бул өтө маанилүү жумуш экенин түшүнөм. Бирок силер ал кендерди иштете баштасаңар, мамлекет
баарын казып алып, алтынды Москвага ташып кетет, ал эми жергиликтүү элге зыянынан башка эч нерсе калбайт. Алар биздин тоолорду талкалап таштайт. Элдер ал жерлерде кылымдап жашап, малын багып, абасынан дем алып, суусун ичип келатышат. Ошол тең салмактуулук бузулуп калат да, тоолорду бузганга болмок беле? Канча муун өттү, Ысык-Көл менен биздин көк мелжиген тоолорубуз кийинки муундарга калды го. Дайыма ошондой болуш керек…” (“Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда. Б.: 2023, 14-б.)

Мынакей, Чыңгыз Төрөкуловичтин ишеними. Ал жогорудагы пикири мамлекеттик саясатка каршы келерин түшүнүп жатат, бирок ошол эле мезгилде Адам жана Табият гармониясына чыккынчылык кылгысы жок! Ооба, Чыңгыз Айтматов үчүн экологияны сактоо дайыма №1 орунда турган.

1994-жылы агай Люксембургда элчи болуп иштеп жатканда адабиятчы А.Акматалиевдин жеке демилгеси менен Анкара шаарында “Айтматов жумалыгын” өткөрүп калдык. Агай Люксембургдан келди. Анкара университетинде агайдын чыгармачылыгына арналган илимий конференция өттү. Ошондо агай экология боюнча ой бөлүшүп жатып мындай дегени эсимде: “Европа, Америка мамлекеттеринде экологияга эми гана көңүл бурулуп жатат. Биздин кыргыз элибизде бул маселе абалтан бери эле негизги маселе катары жашап келет. Жаратылышка зыян келтирүү чоң кылмыш катары жазаланган. Биздин элдик эпосторубуз “Кожожаш”, “Карагул ботом” ушул жөнүндө. Анан да элдик “Айтым” ыры бар (агай андан мисал келтирди). “Кыргыз эли бардык тапкан-ташыганын жер макулуктары менен тең бөлүшкөн, жаратылышка эч залал келтиришкен эмес”. Чыңгыз агай азыркы мезгилде жаштар бир аз андай болбой баратканына кейип, минтип айтты эле: “Азыр ар бир дарактын түбүнө кароолчу коё албайсың, кароолчу ар бир адамдын  өзүндө болушу керек”. Чыңгыз агай жогорудагы сөздөрү менен бир эсе байыркы кыргыз элинин акылмандуулугун, гумандуулугун көкөлөтүп дүйнө элине даңазалап жатса, экинчиден, жаратылышка аяр мамиле жасоо ар бир адамга парз экенин эскерткен.

Чыңгыз агай жашоосунда адамдарга, эгемендикке жеткен жаш кыргыз мамлекетине биз билип-билбеген көп эле иштерди жасады, алар тууралуу сөз кылбай келебиз. Айрым бир түркөй замандаштарыбыз көр пенделик кылып, “Чыңгыз Айтматов жазгандан башка элине эмне кылып коюптур” деген көз карашта жүрүшкөнүн  кээде угуп да калып жүрөбүз. Ооба, ал киши айрым бир адамдар сыяктуу эл үчүн кылган эмгегин шардана кылып айта бербесе да, көп эле ишке көмөк көрсөткөн экен.

Аталган китепте Роза эже алардын айрымдарын эскерген. Мисалы, “Бакайдын жайыты” кинофильмин тартууга борбор уруксат бербей Төлөмүш Океев баш болгон бир топ киночуларыбыздын шаабайы сууп келе жатышканда (Москвада) алардын алдыларынан чыккан Ч. Айтматов жагдайды угуп, ошол замат тиешелүү адамдарга айтып, фильмдин тартылуусуна көмөк көрсөтөт. Дагы бир учур. Кыргыз элинин таланттуу уулу С.Чокморовдун ден соолугу начарлап, бөйрөгүндөгү канды тазартууга Кыргызстанда аппарат жок кезде актер гемодиализ үчүн Москвага барып жүргөн экен. Бул жагдайды уккан Чыңгыз агай Турдакун Усубалиевге кирип, гемодиализ аппаратын Кыргызстанга сатып алууну суранат. Ошол учурда кудай жалгап, СССРдин саламаттык сактоо минис-три Чазов (мурда ал Л.И.Брежневдин жеке врачы болгон) Кыргызстанга келип калып, бул маселе оңунан чечилет. Биздин республикага “Гамма”деген швед аппараты сатылып алынып, анын аркасы менен Сүймөнкул Чокморов дагы он жыл, б.а., 1992-жылга чейин жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон экен. Бул ишти Роза эженин эскерүүсү болбосо кайдан билмекпиз…

Эми мен өзүм күбө болгон агайдын дагы бир эмгегин эскере кетейин.

Жогоруда эскерип өткөн Түркия күн­дөрүнүн биринде агайды Түркиянын президенти Сулейман Демирель кабыл алмай болуп калды. Агай келгендигинин урматына бардыгыбызды Анкаранын эски тарыхый мейманканасы “Анкара Паласка” орноштурушкан. Эртең мененки тамактануу маалында ал кездеги Кыргызстандын Түркиядагы  элчиси Төлөмүш Океев “Чыкемди бүгүн кудай жалгап президент кабыл алмай болду. Түркия  Кыргызстанга гумжардам катары берүүнү убада кылган  баланча тонна (азыр эсимде жок) эгинди  ушу убакка  чейин  бербей келет. Алтымышка чыкканда атаңдын алдап-соолап күчүн ал дейт эмеспи. Чыкеме ушул маселени Демирелге айтып, чече келиңиз дейин”  деп каткырып калды. Айтканындай эле агай тамактанууга келгенде жанагы өтүнүчүн айтты. Ошол ошол болду. Чыңгыз агай жолугушуудан келгенде, эгин маселеси жакынкы аралыкта чечилерин айтты. Ошентип Түркия тез арада эле баягы убада кылган гумжардамын бергени тууралуу маалымат уктук. Бул иштин аткарылышынын аркасында Чыңгыз агайдын турганын ал кезде ким билди? Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги тарабынан аткарылган болду да калды.

Албетте, Ч.Айтматовдун бул сыяктуу иштери көп эле болсо керек. Мезгилдин өтүшү менен алар дагы да эскерилээр, айтылаар… Эң башкысы Чыңгыз Төрөкул уулу  өзүнүн улуу таланты менен кыргыздарга эле эмес, дүйнө элине түгөнгүс руханий күлазык калтырып, адамзатты гумандуулукка, абийир-ыйманга, ынтымакка, тынчтыкта өнөктөш болуп  жашоого, күндө кыйын болсо да адам болууга чакырып, кыргыз элинин улуулугун ар бир чыгармасында көкөлөтүп даңазалап өттү го, дагы бизге эмне керек!

“Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” китебинде Чыңгыз Айтматов тууралуу абдан кызыктуу, маанилүү маалыматтар толтура. Алар залкар жазуучубуздун адамдык, жазуучулук бейнесин дагы толуктап, биз билбеген Айтматовдун ачыла элек жаңы барактарын ачат. Жазуучунун балалык, өспүрүм кезиндеги “эл душманынын” баласы болгонунан улам кездешкен кыйын кезеңдери, үй-бүлөсүндөгү оор кырдаал, Нагима апанын залкардыгы ж.б. Ошону менен катар эстен кетпес ал күндөрдүн Ч.Айтматовдун  кайсы чыгармаларында кандайча болуп образга  айланып, окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкандыгы тууралуу да жаңы маалыматтар арбын кездешет. Ошол автобиографиялык  маалыматтардан менин  көңүлүмө бир  нерсе өзгөчө таасир  эткенин айта кетпесем болбос. Ал Ч.Айтматовдун  өмүрүнүн ар кандай жагдайларында жанында болушуп, репрессияланган бир тууганынын үй-бүлөсүнөн, али пайдасы тийбес кызыл чиедей  балдарынан кол үзүп кетишпей (өздөрү үчүн коркунучтуу экенине карабастан) тескерисинче, ар дайым аларга арка-жөлөк  болушуп, бийик адамгерчиликтин үлгүлөрүн  көрсөтүшкөн Төрөкул атанын туугандары: Алымкул, Рыскулбек, Өзүбек, Керимбек, Досаалы жезде, Карагыз апа, Мырзабай, Жапарбек аке, Зина эже ж.б. Роза эже алардын эмгегин, Чыңгыздын адам болуп калыптанышында моралдык-материалдык жактан  көрсөткөн жардамдарын (дегеле  Төрөкулдун үй-бүлөсүнө) бөтөнчө бир жылуулук, мээрим менен эскерет. Көрсө, айтматовдук гуманисттик сезимдердин башаты ошол балалык кезинен башат алган экен да.

…Бекеринен жазуучунун “Саманчынын жолу” повестинде Жайнактын станциядагы бүрүшүп үшүп турган орус балага үстүндөгү   чолок тонун чечип бергенин сүрөттөй келип, баласынын бул жоругуна ыраазы болгон Толгонай эненин сөзү менен “Чын сырымды айтсам, бир кишиге тон чечип берүү менен эле элдин кемтиги толуп, бүтөлүп деле кетпейт, бирок жанагыдай эле бирге – он кошулуп, онго – жүз, миң кошулуп, элчилик, адамгерчилик, боордоштук деген ошондон келип чыгат го деп ишенем. Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт. Жайнактын берип кеткен тону жыртылаар, жок болор, жерге кирсин, сөзгө арзыбаган эле нерсе, бирок кеп анда эмес, ошол кичинекей баланын жүрөгүндө бирөөнүн кылган жакшылыгы жүлүндөй сакталып калса, адам болгон соң башкага жакшылык кылуу милдет экенин жаштайынан сезип калса, Жайнагымдын сооп кылганы ошол (Ч.Айтматов, Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы, 2-т. Бишкек, 162-163 бб).

Баракелде, Ч.Айтматов ошол балалык кезинен улуу адамдардан алган жакшылыктын үрөнүн “жүлүндөй сактап”, аны өзүнүн жыйнаган рух дүйнөсүндө байытып, чыгармалары аркылуу дүйнөдөгү адамзатка адамга жакшылык кылуунун гуманисттик улуу сабагын талыкпай берип өтүшү ушундан экен го деген ойго келесиң!

Китепте аңгемечи Роза эженин олуттуу, жумшак, ар бир турмуштук көрүнүштөн адамзат үчүн маанилүү жыйынтык чыгара билген образы көз алдыга тартылат. Албетте, бу да болсо жазуучу Асандын сүрөткерлик  чеберчилигинен десек болот. Эженин демдеген янтарь түстүү чайын ичип олтуруп таякеси башынан өткөргөн ар түркүн окуяга өзүнчө көркөм жалпылоо берип, керегине жараша комментарийлер менен жабдып эскерүү-баянды кызыктуу, уккулуктуу кылып сүрөттөөгө жетишкен. Менимче, Чыңгыз Айтматовдун эң жакын эки адамынын чыгармачылык тандеминен жаралган эскерүү-баян дагы уланышы керек деп ойлойм, анткени  мага окурман катары бул китепте айтылган сөздөрдөн айтылбаган сөздөр, дагы далай-далай окуялар бардай сезилди. Андыктан авторлорго чыгармачылык эргүү каалоо менен кийинки эскерүү китепти күтөлү.

Лайли ҮКҮБАЕВА,
филология илимдеринин доктору, профессор

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар