Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Мамлекет үй курат, үйсүздөр үйлүү болушат

Белгилүү себептерден улам, акыркы 33 жылда турак-жай рыногунда жеке курулуш компаниялары үстөмдүк кылып, калкты турак-жай менен камсыздап келгени эч кимге жашырын эмес. Рынок экономикасына өтүүнүн оор жылдарындагы жеке компаниялардын калкты турак-жай менен камсыздоодогу ордун жана ролун тана албайбыз. Ошондой болсо да, алар курган турак-жайлар өтө эле кымбат болгондуктан, турак-жайга муктаждардын баары эле ал үйлөрдү алууга мүмкүн болбогонун жана калктын турак-жайга болгон муктаждыгын толугу менен чече албаганын да белгилеп коюуга тийишпиз.

Экинчиден, ошол эле учурда айрым жеке курулуш компанияларынын ишмердиги болуп көрбөгөндөй башаламандыктар, өзүм билемдиктер – мыйзамсыздыктар жана алдамчылыктар менен коштолду. Өзгөчө акыркы он жылда жүздөгөн жарандарыбыз миллиондогон каражаттарын турак жай кооперативдерине, курулуш фирмаларына алдатып, же үйдөн жок, же акчадан жок, үнү Кудайга жете зарлап калганы кадыресе көрүнүшкө айланды.

Ушундан улам, мамлекет жарандарды арзан турак жай менен камсыздоо, ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак жай курулуш секторуна финансылык ресурстарды тартуунун узак мөөнөттүү туруктуу механизмдерин ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниясын түзгөн болчу.

Буга чейин аталган мамлекеттик мекеме тарабынан суммасы 15,8 млрд. сомдук 9346 насыя берилди. “Арзан турак жай 2015-2020” программасы иштеп, анын алкагында 2079 бюджеттик чөйрөнүн, 295 жеке чөйрөнүн, 720 саламаттык сактоо тармагынын, 120 маданият тармагынын, 1536 билим берүү тармагынын, 96 социалдык чөйрөнүн өкүлүнө, 584 жабыркаган кишилерге, жалпысынан 5430 кишиге 6 616 977 873 сом суммада ипотекалык насыялар берилген.

Учурда “Менин үйүм 2021-2026” программасы иштеп жатат. Анын алкагында 3 916 кишиге 9 млрд. сомдон ашуун суммада ипотекалык насыялар берилип, иш уланууда.

Бүгүнкү күндө МИК үч багытта ипотекалык насыяларды берет. Жеңилдетилген ипотека бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине баштапкы төлөмсүз, жылдык 4% менен 25 жылга чейин берилсе, социалдык ипотека: көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жана алардын камкорчуларына, айыл жергесинде жашаган жаш адистерге, жалгыз бой ата-энелерге баштапкы төлөмсүз, жылдык 4% менен 25 жылга чейин берилет. А арзан ипотека жеке чөйрөдө иштеген жарандарга баштапкы төлөм 10%дан кем эмес, жылдык 8% менен 25 жылга чейин берилет.

Жеңилдетилген ипотекага – 13 915, социалдык ипотекага – 1 298, арзан ипотекага – 3 753 киши, жалпысынан 18 966 киши кезекте турат. Бир сөз менен айтканда, МИК ипотека рыногун өнүктүрүү, калктын турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, коомдун өркүндөшү жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашы үчүн турак жай менен камсыздоо жаатындагы социалдык милдеттерди аткара алды.

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-январында кол койгон “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы аталган мекеменин алдына жаңы милдеттерди коет. Мындан ары мамлекет жарандарды турак жай менен камсыз кылуу тармагына активдүү аралашып, массалык түрдө үй кура баштайт. Жарлыкка ылайык, КРнын жаранына, анын ичинде өлкөбүздөн сырткары жерде иштеп жүргөн (мигрант) жарандарга “Үлүштүк куруу” механизми аркылуу турак жай алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Коомчулук тарабынан Президенттин жарлыгы жылуу кабыл алынып, кызуу талкууланып жатканы бекеринен эмес. Себеби, МИКтин кезегинде тургандар социалдык же арзан турак жайга муктаж адамдардын жалпы санын толук чагылдырбай турганы, калк арасында турак жайга муктаж жарандарыбыз алда канча көп экени айтпаса да түшүнүктүү.

Жарлык “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасында турак жай куруунун көлөмүн көбөйтүүгө, анын наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоо, ипотекалык кредит берүү шарттарын жакшыртууга жана өз алдынча турак жай шарттарын жакшыртууга жөндөмдүү жарандардын санын көбөйтүүгө багытталганы белгиленген.

Мамлекет башчысы социалдык баракчасы аркылуу элди социалдык батирлер менен камсыз кылууну жөнгө салууга багытталган жаңы Жарлыктын максаты тууралуу: “Буга чейин батирлерди мамлекеттик кызматкерлерге Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу узак жылдарга берип келген болсок, эми мындан ары бардык жарандарды – мигранттар болобу, базарда иштегендер болобу же башка тармактарда болобу, айтор, бардык катмарды камсыз кылганга аракеттерди баштадык.

Биз азыркы убакта кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге 20-25 жылга
чейинки мөөнөткө ипотекалык үйлөрдү берип жатабыз.

Эми мындан ары мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз үлүштүк катыш менен батир ала алгыдай шарттарды түздүк. Мисалы, жарандар батирдин жарым баасын алдын ала төлөп, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат.

Батирдин жарым баасын төлөгөндөн кийин бир же эң көп дегенде эки жылда өз батирине ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Менин МИКке койгон талабым ушундай!

Бүгүнкү күндө үйлөрдү массалык түрдө курууга мамлекеттин күчү жетпей жатканын ачык айтышым керек. Бир убакта бардык жарандарга: мейли мамкызматкерби, же жөнөкөй жаранбы бирдей шарттар менен 20-25 жылга алдын ала төлөмү жок эле батир берген мезгилге да жетебиз. Сабыр кылып туруңуздар.

Жер там салып туурасынан эмес, көп кабаттуу турак үйлөрдү куруп, бийиктикке карай өсүшүбүз абзел. Кыргызстан – тоолуу өлкө. Ансыз да түздүк жерлерибиз аз. Дүйнөдө адам саны өсүп, жер тарып баратканы баарыбызга маалым.

Тамак-аш коопсуздугубузду жана келечек муунду да ойлойлу” деп түшүндүрмө берди.

Учурда “МИК” ААК программасы боюнча, Бишкек шаарында жалпысынан 6219 батир курулуп жатат. Мындан тышкары, Ош шаарында – 5 178, Жалал-Абадда – 2 миңден ашуун, Нарында – 216, Таласта – 504, Чолпон-Атада – 4986, Караколдо – 4986 батир, Баткенде 76 там курулууда жана жакын арада курулуп башталат. Негизинен 2026-жылга карата 23 миң батир куруу пландалган.

Президенттин жарлыгы турак жайга муктаж жүздөгөн, миңдеген жарандарыбыздын үмүтүнө от жагып, жарандарды турак жай менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү олку-солку абалды толугу менен калыбына келтирет, калктын үйгө болгон муктаждыгын жакынкы жылдарда толугу менен болбосо да, жарым-жартылай чечет деген ойдобуз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар