Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Н.Н.К. кармалды. Ал “Таранчы” каймана аты менен белгилүү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына салык салуу аракетин көргөндүгү аныкталды.