ТИМ билдиргендей, катчылыктын ачылыш аземи Сиань шаарында өтүп, ага Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева катышкан.
Катчылык Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну жакшыртуу, мамилени бекемдөө максатында уюшулган.