whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЭнергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында токтом кабыл алынды

Энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында токтом кабыл алынды

Министрлер Кабинети энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен басма сөз кызматынан билдиришти.

Документ энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ишке ашыруу жана куруу, ошондой эле жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу электр станцияларын куруу үчүн ижара келишиминин шарттары боюнча мамлекеттик жер пайдалануучуларга жер участокторун берүүнүн мөөнөтү 5 жылдан 25 жылга чейин көбөйтүлдү.

Жерди ижарага берүүнүн ар кандай этаптарында инвесторлордун активдүүлүгү жок болгон учурда, жер участокторун кайтарып берүү шарттары төмөнкүдөй учурларда белгиленет:

– жер участогун алгандан кийин 3 айдын ичинде кайра жаралуучу энергиянын субъекттеринен долбоордук документтеринин жоктугу;

– жер участогун алгандан кийин 6 айдын ичинде долбоорду ишке ашыруу үчүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздеменин (ТЭН) жана ырасталган каржылоо булагынын жоктугу;

– жер участогун алгандан кийин 1 жылдын ичинде кайра жаралуучу энергиянын субъекттери тарабынан курулуш иштерин жүргүзбөө.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар