Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Бир жумада 19 мас айдоочу кармалган

Бишкекте 1нен 7-апрелге чейинки аралыкта 7 миң 139 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, анын ичинде:

  • мас абалында унаа башкаруу – 19;
  • унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаруу – 70;
  • тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 5;
  • жол белгилеринин талаптарын аткарбоо – 4462;
  • автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 27;
  • мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу – 940;
  • башка эреже бузуулар – 1616;

Ал эми 489 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар