Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында америка-кыргыз соода палатасынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Кыргызстан — маданий мурастарга бай, жаратылыш ресурстарына жана стратегиялык географиялык абалга ээ өлкө. Биз чет өлкөлүк инвесторлор жана бизнес-коомчулуктар үчүн туруктуу жана ачык экономиканы түзүүгө умтулабыз”, — деген министрлер кабинетинин төрагасы энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана туризм сыяктуу тармактарга америкалык технологияларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин кошумчалады.