Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев ар кыл тармактын мыктыларына Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана «КР Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалдарын тапшырды.
Сыйлыктар алдыңкы кызматкерлерге өз тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, жигердүү коомдук ишмердиги үчүн ыйгарылды. «Кылган кызматыңыздар ар түрдүү болгон менен баарыңыздардын максатыңыздар бирөө. Ал мүдөөбүз — Кыргызстаныбызды өнүктүрүү. Мекен үчүн кылган эмгегиңиздердин үзүрүн көрүңүздөр», -деген Нурбек Сыдыгалиев сыйлык ээлерине ийгилик каалады.