Бетүл Кескин – түбү вандык кыргыз, Түркиянын Стамбул шаарында төрөлүп-өскөн. Бетүл кичине кезинен эле кыргыз жерине барсам, кыргыз тилинде эркин сүйлөсөм деп кыялданып келгенин айтат. Ал мектепти бүтүп, паспорту колуна тийээри менен түпкү мекенине –Кыргызстанга ашыгып келген.
– Бетүл, сен Кыргызстанга эмне максат менен келдиң?
– Кичинемден эле алыскы Ала-Тоодо Кыргызстан деген ажайып кооз Ата-Журтубуз бар экенин угуп, ошол жакка барсам деген тилек менен чоңойдум. Кыргызстанга келгениме 5 ай болуп калды. Ачыгын айтканда, ата-энем, бир туугандарымдан алыс жашоодо, бул жактын климатына көнүп кеткиче бир аз кыйналдым. Учурда кыргыз тилин үйрөнүп жатам. Шарт-жагдайга байланыштуу мекенден алыс жакта төрөлүп-өсүп калгандыктан эне тилимди жакшы билбей калгам. Кыргызстанга келип, кыргыз тилин, каада-салтын үйрөнсөм деген максат-тилегим бул жакка жетелеп келди.
– Үй-бүлөң туралуу айта кетсең?
– Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Эжем жана байкем бар. Атымды байкем Бетүл деп койгон экен. Түркчөдөн которгондо “ар намыстуу, адептүү айым” дегенди түшүндүрөт.
Стамбулдагы туризм орто мектебин бүтүрдүм. Түрк жана англис тилдеринде эркин сүйлөйм. Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунда кыргыз тилин үйрөнүп жатам. Күндөн-күнгө эне тилге болгон сүйүүм артып, анын бай жана терең тил экенине ынанып келе жатам.
– Ата-энең, бир туугандарың сенин бул жакка келишиңе каршы болушкан жокпу?
– Жок, тескерисинче абдан кубанышты. Айрыкча атам абдан сүйүнүп, мени колдоду. Негизинен эле көпчүлүк вандык кыргыздардын “Кыргызстанга барсам, жок дегенде бир көрсөм” деген изги тилектери бар. Себеби, мекенден алыс өскөнүбүзгө карабай ата-энелерибиз Кыргызстанга болгон сүйүүнү ойготуп коюшкан.
Буга чейин Вандан Кыргызстанга келип окуган кыздар жокко эсе болчу. Менин бул жакта окуп, билим алып жатканымды уккан вандык кыздар “эми биз да мекенибиз Кыргызстандан билим алсак” деп тилек кылып жатышкандарын угуп, абдан сүйүнүп жатам.
– Бул жакка келгенге чейин кыргыз тилин билчү белең?
– Ооба, бир аз билчүмүн. Себеби, тилибизди унутпайлы деп үйдөн кыргызча сүйлөшкөнгө аракет кылчубуз. Бирок таза кыргыз тилинде өз оюмду эркин жеткире алчу эмесмин. Өз алдымча кирилл тамгаларын үйрөнгөм. Мектептен түрк тилинде билим алып, дайыма түркчө сүйлөшкөндүктөн кыргыз тилин жакшы өздөштүргөнгө мүмкүнчүлүк болбой келген.
Мени түйшөлткөн дагы бир маселе бул жактагылардын көпчүлүгү орус тилинде сүйлөшкөндүгү болуп жатат. Кыргызча кайрылсаң орусча жооп беришет экен. Мен “орусча билбейм” десем, таң калуу менен карашат. Албетте, көп тил билген артыкчылык эмеспи. Буюрса, орус тилин дагы үйрөнөм. Бирок, мен орусча билбейм дегенден эмес, кыргызча билбейм деп айтуудан уялам.
– Бул жак сага жагып жатабы?
– Кыргызстан мага абдан жакты десем болот. Жаратылыштын кооздугу, абанын тазалыгы өзгөчө экен. Анан дагы борбор шаар болгонуна карабай тынч экени мени таң калтырды. Азырынча облустарды кыдыра элекмин. Буюрса, Кыргызстандагы эң кооз жерлерди тизмелеп алып, кыдырып, таанышып чыгам. Баарынан дагы Ысык-Көлдү көргөнгө жана алыскы айыл жериндегилердин турмушу менен жакындан таанышууга кызыкдармын.
– Бул жактан дос күттүңбү?
– Ооба, досторум бар. Кыргызстандык досторум “жардам керек болсо тартынбай бизден сура”,-деп турушат. Алардын мындай колдоосу менин бул жакка көнүп кетишиме да чоң жардам болуп жатат.
– Ванга барып турасыңбы?
– Ооба, ал жакта чоң ата, чоң энем, таята, таенем бар. Майрамдарда үй-бүлөбүз менен дайыма барып турабыз. Ал жактагы азык-түлүктүн бардыгы табигый.
Майрамдар дайыма элибиздин ар кандай салт-санаа, оюн-зооктору менен коштолот.
– Бул жактан дагы эмне менен алексиң?
– Бул жакка келгенге чейин эле комуз үйрөнүүнү эңсеп келгем. Жакындан бери комуз ийримине барып жатам. Кызыгуум күч болгондуктан, тез эле өздөштүрүп алдым. Буюрса, комуз менен 6-7 күү чертип калдым. Комузду колума алганда өзүмдү нукура кыргыз сезип, мекенчилдик сезимим күчөгөнсүп кетет. Буюрса, алдыда кыргыз бийин да үйрөнөм деген пландарым бар.
– Кыргыздын каада-салттары жөнүндө кабарың бар беле?
– Стамбулда жүргөндө көп билбейт элем. Бул жакка келип кыз узатуу, бешик той, тушоо той өндүү салттар тууралуу көп маалымат алдым. Алардын мааниси, чечмелениши да өтө кызыктуу экен. Мага өзгөчө “Кыз узатуу” тоюндагы каада-салттар жакты.
– Бул жактын тойлорунда өзгөчөлүктөр бар бекен?
– Түркияда той өткөргөндө көп деле киши чакырылбайт. Көп киши чакырылган тойлор чанда кездешет. Бул жактагы тойлорго ырчылар көп чакырылат экен.
Кенже ОСМОНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”