Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Тогуз коргоол – кыргыз шахматы

Ошентип өлбөгөн жанга жаз келип, жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан Нооруз майрамы да келип калды. Бул майрам кыргыз элинде илгертен жакшы маанай менен майрамдалып, бул күнү кыргыздын улуттук оюндары ойнолуп, эзелтен келе жаткан улуттук даамдарынын түрлөрү жасалган. Союз доорунда бул майрамга анчейин маани берилбей келсе, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан тарта Нооруз майрамына жана кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына терең маани бериле баштаган. Эми сөздү көбөйтпөй бул жолу көп жылдык тарыхы бар, кыргыз элинин интеллектуалдык оюну болгон тогуз коргоолго токтололу.

Аталышы эмнеге “тогуз коргоол”?

Коргоол – бул койдун кумалагы. Ал эми тогуз саны илгертен түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда ыйык сан катары эсептелет. Тогуз коргоол тактасында ар бир оюнчу тарапта тогуздан чуңкур, ал чуңкурларда тогуздан таш (коргоол) болот. Анан ар бир оюнчу тарапта бирден казан (таштарды жыйнай турган чөйчөкчө) да бар. Оюндагы таштардын көлөмү койдун коргоолундай болгондуктан ата-бабалар оюнду “Тогуз коргоол” атап коюшкан. Анын үстүнө бул оюн илгери жерге оюлуп, коргоолдор менен да ойнолгондуктан ушинтип аталып калган. Негизинен ар бир коргоол бирден аскерди символдоштурат. Баатыр кыргыз эли тынчтык мезгилдерде тогуз коргоолду ойноо менен өзүнүн аскердик жана стратегиялык ой жүгүртүүсүн
өнүктүргөн.

Тогуз коргоолду ойноо эрежеси

Бул оюнду шахматтагыдай каршы-терши отуруп эки киши ойнойт. Тогуз коргоолдун эки тарабында 9дан 18 чуңкур үйү (уялары), ортосунда жанаша 2 чоң чарасы (казаны, казынасы) бар тактадан жана 162 коргоолдон (ташы) турат. Илгертен ойнолчу таштар катары орточо чоңдуктагы буурчактар, жылма тоголоктолгон табылгы, арча, өрүк жыгачы, кичинекей маш буурчактар, бирдей чоңдуктагы тоголок таштар же болбосо койдун корголу колдонулуп келген. 9 үйдүн солдон оңго карай ар биринин аты бар. 1–куйрук, 2–ат өтпөс (тел үй), 3–жаман үй, 4–текилдек (бүлкүлдөк, бел арты, арткы колтук), 5–бел, 6–далы (бел алды, алдыңкы колтук), 7–эки тишти, 8–көк моюн (кандуу капкан), 9–ооз. Ойноордо ар бир уяга 9дан таш салынат. Ар бир оюнчуга 1ден чара, 9 үй  жана 81 таш таандык. Атаандаштардын ар кимиси тактанын ортосундагы 2 чаранын бирин жана өзүнүн оң колу тарабындагы 9дан үйдү ээлеп, чарага утуп алган таштарын салат. Тутум боюнча оюнду баштаган атаандаш өзүнүн 9 үйүнүн (уясынын) ичинен өзү каалаган бирөөнүн корголдорун бирин ордуна калтырып, калганын солдон оңго ар бир үйгө (уяга) бирден таштап чыгат. Корголдун санына жараша үйлөр «алым» же «так» деп аталат. 2–3 айланып келгенден кийин акыркы коргол түшкөн каршысынын үйү алым болсо таштарды алат, так болсо албайт. Эгерде акыркы таш өзүнүн алым үйүнө түшсө, таштарды албайт, себеби алар көчүүчү же жүрүүчү таштар. Кыскасы, бул оюн абдан кылдаттыкты, так эсептөөнү, стратегияны талап кылгандыктан аны “кыргыз шахматы”, “көчмөн элдердин алгебрасы” деп аташат.

Оюндагы “туздун” мааниси

Алым (ачык) – так сандагы (1, 3, 7, 11, 19, 27, 35) таштары бар үйлөр; так (жабык) – таштары жуп сандуу (2, 4, 6, 10, 14, 20, 32) үйлөр. Жеш (алуу) – акыркы коргол каршысынын алым (ачык) таштуу үйүнө түшкөндө андагы таштар толугу менен алынат. Таш алуу максатында оюнчу атаандашынын үйлөрүнөн бир «туз» күтүүгө укуктуу. 2 таштуу үйгө акыркы таш түшкөндө ал «туз» деп жарыяланат, бирок туз жарыялоо оюнчунун өз эрки. 9-үйдөн (ооз-дон) жана атаандашынын тузуна атташ үйдөн туз жарыяланбайт. «Туз» деп жарыяланган үйгө түшкөн таштын бардыгы туз ээсинин утушу болот. Ошондуктан оюнчулар мерчемдүү жерден (куйрук, ат өтпөс, бел, көк моюн) туз күтүүгө, атаандашына туз бербөөгө аракеттенет. Туздун күчү (орду) оюндун жүрүшүнө, оюнчулардын амал-аракетине чоң таасир тийгизет.

Туз алуунун үч шарты бар: 1) Бир оюнда бир гана туз алынат. 2) Эгер атаандашыңыз туз алган болсо, ал алган номердеги үйдөн туз ала албайсыз, мисалы ал сиздин 7-номердеги үйүңүздөн туз алган болсо, сиз анын 7-номердеги үйүнөн туз ала албайсыз. 3) Атаандашыңыздын акыркы (тогузунчу) үйүнөн туз ала албайсыз.

Утуш кантип аныкталат?

Оюнчулар ар бир жүрүшүндө өз үйлөрүн тактап, каршысынын үйлөрүн алымдап кетүүгө же акыркы коргоолду атаандашынын «алым» үйүнө түшүрүп, андагы коргоолду өз казынасына алууга аракеттенишет. Оюнчу өз үйлөрүнөн эч кандай шартта таш албайт. Көп таш топтолгон үй «бай», ал эми «байды» аргасыздан таратуу «бүктөлүү» деп аталат. «Жыюу» – оюндун акырында өз үйлөрүндөгү таштарды атаандашынын үйлөрүнө өткөрбөй, ооз менен көк моюнга топтоо. Жыюу максатында топтолгон таштарды аргасыздан чачтырып утуу «жыгуу» деп аталат. Тогуз коргоолдун ар кырдаалын чечмелеген «чубатуу», «ат», «бай ат», «ооз ачуу», «таш жалак», «чымчуу» сыяктуу кыргыз терминдери бар. Орто оюнчулар оюнду 30-40 жүрүштө, мыкты оюнчулар 70-80 жүрүштө аяктайт. Алынган таштары 81ден ашкан оюнчу утат, таштын саны барабар болсо – тең чыккан болот.

Так эсептөөгө такшалткан оюн

Тогуз коргоол оюну бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон манкала (жылуу кыймыл) оюндарынын бири. Кыргызстандан тышкары батыш Монголияда “Эсен коргоол” жана Казакстанда “Тогуз кумалак” деген ат менен белгилүү. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнөн башка Ооганстандын түндүк-чыгышында, Алтай, Хакассия, Якутия, Татарстан жана  Тувада, түндүк-батыш Кытайда ойнолот. Тогуз коргоол логиканы өнүктүрүүгө жана так эсептөөгө, стратегдүү ойлонууга, тапкыч болууга жакшы жардам берет. Анткени оюнду ойногон адамдар саналуу мүнөттөрдө кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүүгө мажбур болот. Ошондуктан бул оюн башталгыч класстардын балдарына да абдан пайдалуу. Муну эске алуу менен Билим берүү, илим министрлигинин “Мектептин бардык класс-тагы окуучуларына тогуз коргоол оюнун ойнотулуусу жөнүндө” буйругу чыгарылган. Замандын, интернет технологиянын талабына ылайык оюндун электрондук версиясын кыргыз информатиктери Кубат Картанбаев менен Леонид Улицкий 1999-жылы түзүп чыгышкан. Тарыхчылардын айтымында, бул оюндун 2400 жылдан ашык тарыхы бар. Качандыр бир кезде эл башкаруучулардын, хандардын акылы ушул тогуз коргоол оюну аркылуу текшерилген. Эске салсак, тогуз коргоол оюну 2020-жылы 17-декабрда ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген.

Кызыктын баары кыргыз оюндарында

Учурда бул оюнду 30дан ашык мамлекет ойноп келет. Тогуз коргоол боюнча эң күчтүү мамлекеттер Казакстан менен Кыргызстан. Андан кийинки орундарда Монголия, Чехия, Түркия, Өзбекстан турат. Тогуз коргоолду мыкты ойногондордун айтымдарында, тогуз коргоол оюну чыдамкайлыкты, талыкпаган эмгекти талап кылгандыктан муну ар бир эле адам жогорку деңгээлде өздөштүрүп кете албайт. Бирок, бул оюнду мыкты өздөштүргөн адам өз жашоосунда ыкчам чечим чыгарууга, сабырдуу болуп, кенен ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болуп чыгат. Ошондой эле тогуз коргоолдо адамдын эстутуму жакшырат. Эстутум демекчи, мындан бир нече жылы мурун Чехиядагы жаштар үчүн уюштурулган интеллектуалдык долбоордун жеңүүчүсү Анджей Цаах анын эстутумунун жакшырышына так ушул тогуз коргоол оюну жардам бергенин айткан. Анын айтканын бүт дүйнө жүзү угуп, кийинчерээк тогуз коргоолго кызыккан чет өлкөлүктөр саны көбөйгөн. Баарынан кызыгы, тогуз коргоол оюнунун негизги эрежелеринин бири – оюн учурунда тулку бойду түз кармап отуруу. Бул өз кезегинде адамдын тулку боюнун туура калыптанышына өбөлгө болот. Мындан сырткары, оюнда колдун манжалары тынбай иштеп тургандыктан адамдын буюмдарды көрбөй туруп эле колу менен таануу эстутуму (тактильная память) өөрчүйт. Бул баланын ар кандай кырдаалда кыйынчылыктан чыгып кетүүсүнө шарт түзөт.

Тогуз коргоолдун философиясы

Оюн жүрүшүндө каршылаштар топтогон “байлыгын” (чарадагы таштарын) бир заматта алдырып “жыгылып” калышы ыктымал. Андыктан күчтүү оюнчу таштарын бир жерге чогултпай үйлөргө чачыратып сактайт. Ошонусу менен ал күчтүү болот. Бул өз көмөчүнө гана күл тартып, өзү гана байыгысы келген эл башы же көпөстүн келечеги кыс-ка болот дегенди туюндурат. Демек, тогуз коргоол оюнунда акыл калчоо, так эсептөө, аскердик стратегия менен бирге эле кыргыз элинин каймана нарк-насили катылган десек болот. Ошондой эле жогоруда мисал кылганыбыздай, оюнда эзелтен кадимки турмушта колдонулуп келе жаткан сөздөр, фразеологизмдер колдонулуп жатат. Алардын ар бирин чечмелей келгенде, илгерки ата-бабаларыбыздын көчмөн турмушу алаканга салгандай ачыла түшөт. Андыктан бул оюнду кыргыз элинин шахматы гана дебестен, кыргыз элине тиешелүү үрп-адатты, каада-салтты, тарыхты, улуттук көрөңгөнү камтыган уникалдуу мурасы десек жаңылыштык болбойт. Бул оюн ары уникалдуу, табышмактуу болгон үчүн азыр дүйнө элдери ойноого кызыгып, айрымдары муну изилдеп көрүп жатышканы да чындык.

Венгер окумуштуусу Дьёрдь Алмашинин “Азиянын жүрөгүнө саякат” аттуу китебинде «Тогуз коргоол акыл-эс оюнун кыргыз эли гана ойнойт экен» деп айтканы эле эмнени айтып турат. Андыктан “Тогуз коргоол” оюнун мындан ары да жайылтып, эл аралык оюнга айландырсак да болот.

Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар