Бишкек шаарынын көп көчөлөрүнүн биринде башка курулуштардан анча айырмаланбаган узун дубалдар менен торсулган жай бар. Ичине кирсең, бак-шактуу короосу, иреттүү чарбалуу имараттар жайгашкан. Бул “Үмүт” үйү- улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар байырлаган жай.
Мында жакынын күткөн көздөр жанып, жалгыз жаны ушул жерге келип байырлагандар, өз балдарына алданып, үйүнөн чыгарылгандар, өмүр бою иштебей, ичкилик татып жүрө бергендер, абактан чыккандар, жакындарына түйшүк жараткысы келбей, түйүнчөгүн түйүп баса бергендер жана башкалар жашайт. Көбү ушул жерде акыркы күнүн өткөрүшөт.
“Үмүт” үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаева: “Апасы же атасы каза болгондо, балдарына телефон чалып, сөөктү алып кете алар-албасын сурасаң, көбүнчө баш тартууну угасың. Айрымдары акыркы сапарга узатуу үчүн үйү да жок экенин айтышат. Үйүн, бала-чакасын акыркы жолу көрүүнү сурангандар да көп”, – деп билдирди.
“Мында келгендерге жашоо үчүн болгон шарт түзүлгөн. Арт-терапия кабинетинде кол өнөрчүлүк менен алектенишет. «Добуш» деген вокалдык группа уюшулган. Концерт коюп, ар кандай иш-чараларга катышабыз. Жаратылышка, “Ата Бейитке”, жайкысын көлгө алып барабыз. Китепкана, шахмат, теннис, бильярд ойногонго мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок, канчалык аракет кылбайлы, аны өз үйүбүздөгү жашоо менен салыштырып болбосо керек. Алар менен баарлашканымда көп нерсени угам –терезеден сыртты карап, бала-чакасын, туугандарын күтүп, жакшылыктан үмүтүн үзүшпөйт”, – дейт ал.
“Кээде булардын балдарын күнөөлөй албайсың”, – деп улантты сөзүн директор: – Жашында балдарын таштап кеткендер кайтып келип, тынч жашабай, арак ичип тажатышкан учурлар жок эмес. Айтор, 208 адам – ошончо тагдыр. Туура, кээ бир учурда балдары пенсиясын ээлеп алып бакпай, карабай, көк ала болуп балдарынан таяк жеп келгендер да бар. Алар башка.
Жогорку Кеңеште ата-энесин таштап кеткен балдарга айып пул салып, мамлекеттик кызматка албоо жана башка тууралуу ойлорду айтып жатышат. Анда тандоо жолу керек болуп калат. Себеби, эмнеге 20 жыл мурда таштап кеткен ата үчүн бала жооп бериши керек? Буга кылдат мамиле кылуу зарыл. Маселен, ошондой айыптоодон коркуп, ата-энесин үйүндө кармап, зомбулук көрсөтсө кандай болот? Ал жагын да ойлонуш керек.
Бул жерге биринчи келгенде баары эле ыйламсырап, балдарын же жакындарын жамандашат, бирок, байкасаң, алар келгенде, пенсиясын карматып узатышат. Мына, бүгүн, эртең пенсия алчу күн. Ушул күндөрү балдары же жакындары, же кошуналары келе башташат. Кээде “Сени бакпаса эмнеге пенсияңды бересиң, андан көрө дары-дармек ал”, – десем, “Пенсиямды бербесем, алар келбей коет да”, – дешет. Пенсияны рычаг катары кармап алгандар бар. Ал тургай байпак, кийим-кече таратсак, өздөрү кийбей катып коюшат. Балам же неберем келип калса, кантип куру кетирем деп, таттуу-тарапа таратсак, момпосуйларды жаздыктын астына жашырышат. Эне деген эне экен. Өкүнүчтүүсү, кыргыздар көбөйүп жатат. Мындан 10-15 жыл мурда 30 кыргыз эле болчу”, – дедижетекчи.
Учурда мында бардыгы болуп 208 киши жашаса, алардын 39у төшөктөн тура албайт. Инсульт, паралич, кан тамырларынан жабыркагандар, үй-жайсыз болуп жүрүп, буту-колун үшүккө алдырып ийгендер кызматкерлердин багуусунда. 208 адамдын көбү эркектер. Анан жаштар да бар. Балдар үйүндөгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер 18 жаштан кийин бул жакка келет. Учурда мында ак сакал, байбичелерден сырткары 22 жаштан 30 жашка чейинки 12 адам жашайт.
“Мен аларга тоскоол болгум келбейт”
Ошентип, жашоочулар менен тааныша баштадык. Алгач бул үйдүн эң улуусу, ак жуумал, сулуучумак байбичеге жолуктук. Алиева Гүлүпа апа 86 жашта, жашоочулардын “Ынтымак” коомдук кеңешинин төрайымы экен.
Жеңил өнөр жай техникумун аяктаган соң, союздун планын аткарабыз деп күжүрмөн, тың иштеген ал тейлөө комбинатында бат эле өндүрүш участкасындагы иш башкаруучу (мастер), цехтин башчысы, инженер, склад башчысы болуп, кийин Туристтик базада эмгек өтөгөн экен. Бул жерге 2007-жылы келиптир. “Анда бул жайдын абалы абдан начар эле. Азыр таптакыр башкача”, – деп эскерет ал.
Келгенине 9 ай болгон соң, аны жашоочулардын “Ынтымак” коомдук кеңе-шинин төрайымы кылып шайлашкан. Ар жылы шайлоо болгон менен, мындагылар аны ар дайым төрайымдыкка тандашат. Ошентип, 17 жылдан бери иштеп келет. Тамаша кыла: “Түшпөс хан турбайсызбы”, – деп койдум. Апа өзү да жыргап күлүп калды. “Жылыга эле башкаңар иштегиле дегенге болбой көпчүлүк көрсөтүп коюшту”, – дейт актана. Анан эмне, ал да бир түйшүктүү иш го өзүнчө. Апа болсо, ишин так аткарат экен. Ар бир жаңы келген адам менен сүйлөшүп, анын эмнеге жөндөмдүү экенин билип, ошого карай иш уюштурат. Туулган күндөрдү унутта калтырбай, куттуктоо, чакан белек уюштурат. Жашоочулардын тазалыгын, тартибин карайт. Маданияттуулукка чакырат.
“Жолдошум экөөбүздүн 3 бөлмөлүү үйүбүз бар эле. 3 балалуу болгондо, ажырашып кеттик. Бат эле жылдар өтүп, балдар чоңойду, эки уулум катар үйлөнүп калды. Эки келиним бир үйдө батпай, үйдү сатып, эки балама бир бөлмөдөн болсо да эки үй алып берейин деп ойлогом. Бирине алып берип, экинчи уулума үй издеп жүргөн убакта, аны машина коюп кетип, жол кырсыктан каза болду. Ыйлап-сыктап аны узатып, ары-бери караганча эле бир жарым ай өтүп кетиптир. Ошондо доллар тез көтөрүлүп, ал акчага эч нерсе келбей калды. Кызымдыкында туруп, квартира издей баштадым. Күйөө балам абдан жакшы жигит эле, бирок, кудагый менен батыша албай койдум. Анан мурда иштешип калган аял жолугуп калып, “Коломто” деген үй-жайсыздар жашаган жерге алып барды. Жакшыраак бөлмөгө жайгаштым. Анан бул жерди угуп, мында келдим.
Турмуш ушундай экен, биринчи балам 39 жашында каза болду, баласы 6 жашта болчу, неберемди келиним Казакстанга алып кеткен. Байланыша алган жокмун. Кийинки балам балалуу болгон жок. Кыз багып алды эле, ага мен сатып берген комнатаны бергем, эки баласы менен турат. Кызым болсо 4 баласы бар, жашоосу Кудайга шүгүр. Мен аларга тоскоол болгум келбейт. Директорго айтып, ушул жерде мени көмөсүз дедим. Мында менин жашоом үчүн бардык шарт бар”.
“Англис, немец тилдеринен сабак берчүмүн”
Ысык-Көл облусунун Кашат айылынан келген 63 жаштагы Таттыбаева Майрам эже өмүр бою мугалим болуп иштеген экен. Ата-энеси, бир туугандары каза болуп, кичүү инисинин аялы “биздин үйдө эле тура бериңиз” дегенине болбой кете берген. Кесиби англис, немец тилдеринен мугалим, өмүрүн балдарга арнаган. Өзү балалуу болбосо да, окуучуларынын ар бирине өзүнчө мамиле жасап, аларга терең билим берүүгө аракетин кылган. “Үч жолу турмушка чыктым. Жашоо эч убакта сен ойлогондой болбойт экен. Бир жолу турмуш бузулган соң, кайра курбайм дечүмүн. Биринчимден кийин көпкө жалгыз жүрдүм, экинчиси менен деле көп жашаган жокпуз. Анан карыганда өзүмдөн улуу бир адамга баш коштум. Жакшы киши эле, буту ооруп жүрүп, акыры тизесинен өйдө кесилди. Эки жарым жыл аны бактым, анан ал каза болуп калды. Уул-келини шаарда жашачу. Мени кетирбегенге аракет кылышты. “Кыркына чейин жүрөм, андан кийин кетейин. Үйдө жалгыз жүрө беремби” дедим. Байкасам, ден-соолугум начарлап баратат. Өзүмдүн да бутум ооруйт. Баспаган адамды багуу кандай оор экенин өз көзүм менен көрдүм. Бул жерге келгенимдин себеби да ошол болду. Же менин балам, же сиңдим, эжем болбосо деп, келиниме, бир туугандарымдын балдарына жүгүмдү артпайын дедим. Бутума Түркиядан операция жасатса болот экен, бирок, ага жок дегенде 4 миң доллар керек болот дейт. Менде болсо андай каражат жок. Айылымда кичинекей жерим бар эле, аны мурдарак жол кырсыгына кабылып, дарыланууга сатып жибергем. Кыялымда азыр да балдарга сабак бергим келет. Айла жок, бутума турган оор болуп кетет. Бул жерде иштегендерге ыраазымын. Баладай карашат. Келгениме бир жылдан ашты. Жарым жылча кыйналдым, көнө албай, азыр бул жер үйүмдөй болуп калды”, – деди эже.
Майрам эже мындан мурда видеого тартылып, ютуб каналдан көрсөтүлгөндө, бир топ окуучулары таанып, жакшы сөздөрүн арнаган экен, балким, бутуна да каражат чогулуп калар?
“Армияда Путин менен кызмат кылгам»
Эжеден соң Илиясов Эсенгул деген ата менен да жолуктук. Журналист келди десе жасанып алганбы, башына тебетей, үстүнө кооз чапан кийип алыптыр. Баладай баарын бапырап сүйлөй берген ак сакалга бир боорум ооруп, бир аны менен бирге кыялданып маектештик. Ата бул үйдүн молдосу экен. Куран окуш керек болсо, кыраатка салып аяттарды окуп, ар кандай иш-чараларда ак батасы дайын. Жетимишке таяп калган ата өзүн “Кудайдын сүйгөн пендеси” деп билет, себеби, тагдыры татаал. Оң көзү көрбөйт, өзү Нарында өскөн. Орто кесиптик билимге ээ болуп, тракторист, ширетүүчү болуп, кийин Бишкек шаарындагы бир нече базарларда тачка сүйрөп, базар тазалап иштеген.
– “Эски толчокто” иштеп жүргөндө, түнкү саат 12ден кийин үйүлүп жыйналган тактайлардын үстүнө чыгып, жылдыздарды караганды жактырчумун. Учкундарын карап суктанар элем. Ошондой күндөрдүн биринде асмандан пайгамбарымды көргөм,– дейт, – Айтып берсем, эч ким деле ишенген жок, өздөрүнүн иши, – деп койду нааразы боло.
– Мен турмушта дайыма кыйналып жашап келдим. Ошого көнгөм. Канчалык жан кыйнап иштесем, ошончолук өзүмдү жакшы алып жүрөм. Жалаң жумушу оор, акчасы аз жерлерде жүрдүм. Чоң территорияларды, булганыч жерлерди тазаладым. “Жараткан Эгем, мага күч бер” деп күч сурайм. “Элге жүзүм жарык болсун” деп тилейм. Жумушум бүткөндөн кийин чарчаганымды сезчүмүн. Жетекчилер менин ишиме ар дайым ыраазы болчу. Жаш кезде Кочкордо малга тоют даярдаган жерде иштедим, тракторист болдум, сыйлык алабыз деп жанталашчу элек. Эл сыяктуу жыргал жашоо көргөн жокмун, эс албадым. Эртең мененки саат 6дан түнкү 4-5ке чейин иштеген күндөр болду. Акыркы 7 жыл контейнерде жашадым”.
Карыя чөнтөгүнөн эски “Нокия” телефонду алып чыгып, сүрөт көргөздү. Баласы менен небереси экен. “Менин неберелеримдин баары мага окшош”, деп койду ыраазы боло. 2 баласы, бир кызы бар экен. “Улуу баламдын балдары бар, бир комнатада тыгылышып жашайт. Кээде барып турам, кичүү уулум үйлөнө элек. Жаратканым “Адамга жамандык жасаба, алсыздарды көрсөң, жардам бер, корго” деген. Мен ошону жасап келе жатам. Намаз окуп жүрдүм. Ден-соолугума байланыштуу акыркы жылдары окубай калдым. Хадистерди , шариятты окуйм, тарыхты жакшы көрөм”.
Анан дагы ал жашоодо күтүп жүргөн кишиси бар экенин айтты: “1975-77-жылы Иркутскиде аскер шаарчасында Владимир Путин менен бирге кызмат өтөгөм. Жашыруун кызматта иштегенбиз, көп нерсени ачык айта албайм. Путинге жолуксам дейм. Муну уккандар мени жинди болуп калды деп ойлосо керек. Мейли, ишенбесе ишенбесин. Бирок, Жараткан Эгемен сурап жүрөм, Путиндин эсине мен жөнүндө салып кой деп, мени эстеп, өзү издейт го деп ойлойм”.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА,“Кыргыз Туусу”