1956-1958-жылдарда “Советтик Кыргызстан” гезитинин башкы редактору болгон Асанбек Токомбаевдин туулганына быйыл 15-мартта 100 жыл болот. Кыздары Гүльмира, Айсулуу Токомбаевалардын эскерүүсүндө ал дайыма максаттуу, шайыр жана күчтүү адам болгон.
Асанбек Токомбаев 1924-жылы Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Эпкин айылында төрөлгөн. Бала кезинен эмгекчил, тырышчаак сапаттарын көрсөтүп, анысы менен башка балдардан айырмаланып турган.
Ал убакта айылда орто мектеп болгон эмес, билим алуу үчүн коңшу айылга он чакырым жолду жөө басып каттап окуган. Айылы Чүй каналынын жээгинде жайгашкандыктан теңтуштары менен ага түшүп, сууда сүзүүнү үйрөнгөн. Бул андагы спорттук мүнөздүн түптөлүшүнө таасир этип, келечекте пайдасын абдан тийгизген.
Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарына келип, ал убактагы жалгыз педагогикалык институттун физика-математикалык факультетине тапшырган.
Анын чыгармачыл жөндөмү окуу жайды аяктагандан кийин «Кыргызмамбас» басмаканасына алгач редактор, андан соң директор болуусуна өбөлгө түзгөн. Басмаканада ал убакта акын жана жазуучулар Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Баялинов, Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиев ж.б. китептери чыгып турчу. Аны менен катар «Манас», Гомердин «Илиадасы», М.Лермонтовдун «Мцыри», Ш.Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» сыяктуу чыгармалар да басылган. Булар «Кыргызмамбаста» директор болуп турганда жасалган иштердин бир гана үзүмү.
Ошол убактагы өлкө ар кайсы тармактарды: өнөр жай, экономика, маданиятты башкарууга жөндөмдүү профессионал кадрларды абдан кылдаттык менен тандап, көзөмөлгө алып турган. «Кадрлар баарын чечет» деген ал учурдун өзгөрбөс урааны болчу.
Ошентип, ондогон жылдар бою өз милдеттерин так жана жоопкерчиликтүү аткарган профессионал кесипкөй жетекчилердин тобу өсүп чыккан. Алардын арасында Асанбек Токомбаев да бар.
Ал өз өмүрүн ишине арнап, берилүү жана ак ниеттүүлүк менен кызмат кылып, БКнын пропаганда бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору, партиянын Фрунзе шаардык комитетинин катчысы, БКнын пропаганда жана агитация боюнча катчысы, республиканын Телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитетинин төрагасы кызматтарын аркалады.
Ошол эле убакта Кыргызстандын журналисттер союзунун төрагасы жана СССР журналисттер союзунун мүчөсү болду. Жигердүү ишмердүүлүгү үчүн республиканын Жогорку Советинин депутаты болууга да жетишти.
Кызматынан улам ал бардык маданий жана адабий жаңылыктардан кабардар болуп турууга милдеттүү эле жана аны чын дилинен ырахаттануу менен жасачу.
Анын чыгармачылык дараметин студент кезинде “Мосфильмден” келген режиссердун ассистенти «Алитет тоо таянды » тасмасына башкы каарманга тандап алганынан эле билүүгө болот. Москвага тандап алууга барганда, тасманын режиссеру СССРдин эл артисти Марк Донской жактырып, Алитеттин ролуна бекиткен экен. Бирок, тартуу иштери институттагы диплом жактоо учуруна туш келип калгандыктан, билим алууну актерчулукка караганда маанилүү деп эсептеп, тартылуудан баш тартат.
Кийинчерээк Марк Донской Фрунзеге келгенде, Асанбек Токомбаев менен жолугушуп, ошол окуяны эсине салганда киного тартылуу тагдыры буюрбаганына күлүшкөн экен.
Асанбек Токомбаев Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация боюнча катчысы болуп турган кезде, Казат Акматовго, «Сынган кылыч» романы үчүн Төлөгөн Касымбековго бийлик тарабынан куугунтук башталганда, аларды колдоого аракеттенген, бирок, жыйынтыгында өзү дагы жасабаган «күнөөлөргө» айыпталып, аңдууга кабылган. 1960-жылдары ал Дооронбек Садырбаевдин талантын байкап, ага окуу менен жумушту айкалыштырып, телеканалда иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берген.
Чыңгыз Айтматов Асанбек Токомбаев менен сый-урмат менен мамиледе болгон. Алардын жаш курагында чоң айырмачылык болгон эмес, дээрлик теңтуштардай эле, ошондуктан өмүрлөрүнүн аягына чейин ортодогу достук мамилени сактап келишкен. Ысык-Көлдө үй-бүлөлөр менен эс алышканда, «Чолпон-Ата» санаториясынан «Көгүлтүр Ысык-Көлгө» жана ал жактан кайра «Чолпон-Атага» чейин чогуу сүзүп келишкен.
“Музыкалык мектептен фортепианодо ойноону үйрөнүшүм үчүн корообузда биринчи болуп атам мага аны Москвадан сатып келип берген. Ал убакта сиңдим Гүлмира П.И.Чайковский атындагы Москва консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык мектептин окуучусу эле”, – деп эскерет кызы Айсулуу Токомбаева.
– Кичине чагыбыздан баштап Гүлмира экөөбүз ошол учурдагы интеллигенциянын, жазуучулардын, артисттердин, композиторлордун чөйрөсүндө өсүп, атамдын аларга сый-урмат менен жасаган мамилесине күбө болгонбуз. Балдарын кичинекей кезинен үйүнөн алыс жерде окутууга ар бир эле ата макул боло бербесе керек. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн, өзүнүн жеринин келечегин ойлогон адам болуу керек. Бул атабыз прогрессивдүү ой жүгүрткөн, ички маданияты менен айырмаланган адам болгонун айгинелейт”, – дейт ал.
Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”