Эл аралык энергетика адистеринин айтымында, өлкөбүздүн суу энергетикалык потенциалы 142,5 млрд. киловатт-саатты түзөт. Кыргызстан суу ресурстарынын көптүгү боюнча КМШдагы өлкөлөрдүн үчүнчүсү (Россия, Тажикстандан кийин). Демек, бизде гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн келечеги зор болсо да, азырынча Кыргызстан анын 10 пайызын гана колдонуп келет. Келечекте кошумча чакан, орто жана ири ГЭСтер курулса, коңшу мамлекеттерге электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Аракетти да баалайлы
Жашырганда эмне, Кыргызстандын энергетика тармагындагы акыбалы азырынча анча жакшы эмес. Себеби, өлкөдөгү ири жети ГЭСтин (Токтогул, Күрпсай, Шамалдысай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 жана Ат-Башы) жабдыктары 80 пайызга эскирген. Ошондой эле Бишкек, Ош ЖЭБдери да көп жылдан бери толук кандуу капиталдык оңдоодон өтө элек. Өлкө боюнча электр чубалгыларынын жалпы узундугу 64 700 километр болсо, алар да толук жаңыртыла элек. Ошол себептен, электр тармагында жоготуулар көп. Тагыраак айтсак, электр чубалгыларынын көбү 1960-70-жылдары тартылган.
Өлкөдөгү электр энергиясынын 30 пайызын өндүргөн Токтогул ГЭСи суу-нун аздыгынан жана жабдыктарынын эскиргендигинен улам электр энергиясын максималдуу иштеп чыга албай турат. ГЭСтин электр кубаттуулугун жогорулатуу максатында учурда анын №1 гидроагрегаты убактылуу токтотулуп, оңдоо иштери жүрүп жатат. План боюнча оңдоо иштери күзгү-кышкы жылытуу мезгилине чейин аяктайт. Аталган гидроагрегат ишке кирсе ГЭСтин электр кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйөт. Ошондой эле учурда Үч-Коргон ГЭСинин №4 агрегаты реконструкцияланып жатат. Мындан сырткары элди жылытуу мезгилинде жылуулук, жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында “Бишкек электр тармактары ишканасы” да жогорку чыңалуудагы электр подстанцияларын, чубалгыларды оңдоо кампаниясын баштады. Ошол себептен учурда айрым райондордо жарык мезгил-мезгили менен өчүрүлүп жатат. Муну түшүнүү менен кабыл алып, кышка даярдык катары кабыл алышыбыз керек.
Тармактын келечеги жаман эмес
Энергетика тармагы демекчи, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, 2024-жылы бул тармакка мамлекет тарабынан 74,9 млрд. сом бөлүнөт. “Жакынкы жылдарда 7 миң мегаватт кубаттуулуктагы ири долбоорлор ишке ашырылат. Тактап айтканда, Токтогул, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭСтеринде электр энергиясын иштеп чыгуу жогорулап, Казарман, Чаткал, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз каскаддары курулат. Ошондой эле Куланак ГЭСи жана 30 чакан гидроэлектрстанциялар ишке киришет. Биз Бүткүл дүйнөлүк банк менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу келишимине кол койдук. Мындан сырткары шамал, күн электр станциялары курулат. Газдаштыруу иштери да активдүү жүрүп жатат” деп билдирген төрага Жогорку Кеңештеги жыйында. Ал айткандай жакын арада Бүткүл дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 50 жылдык мөөнөт менен 500 млн. доллар үстөк пайызсыз кредит берип калса, курулуш иштери жакынкы убактарда башталып да калат.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө, ал Борбор Азиядагы ири ГЭСтердин бири катары региондогу электр энергиясы менен бирге эле суу маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле өлкө башчы башка ири ГЭСтердин техникалык-экономикалык негиздемелери да даярдалып жатканын кошумчалады. Албетте, бул бүгүн же эртең ишке аша калчу нерсе эмес. Бирок, азыркы бийликтин бул аракети колдоо-го татыйт.
Баса белгилей кетүүчү нерсе, энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан менен “Росатомдун” чакан ГЭСтерди куруу жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу келишимин түзгөнүн билдирди. Акыркы кездеги Москва менен болгон жылуу мамилени эске алсак, бул келишимдердин ишке ашышы да анча алыс эместей.
АЭСтин арты кандай болор экен?
МинКаб минтип жатса, айрым эксперттер ГЭСтердин курулушу Кыргызстанды энергетикалык кризис-тен чыгарбайт деген пикирин айтышуу-да. “Аппликат” стратегиялык чечимдер борборунун аткаруучу директору Кубатбек Рахимовдун айтымында, ири жана чакан ГЭСтерди курууга караганда кичи кубаттуулуктагы атом станцияларын куруп, жашыл энергетиканы өнүктүрүү өлкөгө көбүрөөк утуш берет. Эске салсак 2020-жылы Кыргызстан “Росатом” менен кичи кубаттуулуктагы АЭСти куруу меморандумун түзүп, 2023-жылы 55 МВт кубаттуулуктагы АЭСтин долбоорун сунуштаган. Бирок, Энергетика министрлиги мындай кубаттуулуктагы АЭС энергетикалык көйгөйдү чечүүгө салым кошпой турганын билдирип, курула турган атомдук электр станциянын кубаттуулугу 300 мегаваттан жогору болушу керектигин ортого салган. АЭСтерди куруу планынын алкагында мурдагы бийлик 2019-жылы мораторий киргизилген уранды өндүрүү боюнча кеп кыла баштаган. Мындай мыйзам долбоорун депутаттар тобу демилгелеп, ал кездеги президент ага кол койгон. Бирок, көп өтпөй бул элдин нааразычылыгын туудурган болчу. Митингге чыккандар Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол тобуна кирген “Таш-Булак” кениндеги уран-терианиттик катмарды иштетүүгө каршы чыгышкан.
2024-жылдын февраль айынын аягында аталган мораторийди алып салуу тууралуу кайрадан кеп козголуп, Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл, Нарын облустарынын эли менен жолукту. Ал жолугушууда өлкө башчысы “Кызыл-Омпол” кенин мамлекет өзү экологияга зыян келбегидей кылып иштетерин жана бул иш “жети өлчөнүп, бир кесилерин” билдирди. Эгер Президент айткандай, бул кенди иштетүүнүн жаратылышка, адам саламаттыгына зыяны тийбесе, эмнеге аны иштетүүгө болбосун. Анын үстүнө АЭС курулуп калса, уран кенин баары бир иштетүүгө туура келет.
Саясатты эмес, сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнөлү
Энергетика тармагын кеп кылган соң, эми электр энергиясына болгон тарифке келели. Мурда 1 киловатт-саат электр энергиясынын баасы 70 тыйын болсо, кийин ал бир сомго жогорулаганын баарыбыз билебиз. Эми 1-майдан тарта электр энергиясы 1 сом 11 тыйын болгону турат. Албетте, электр энергиясынын кымбатташына каршы чыккандар четтен табылат. Ал тургай азыртадан эле билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй эле Энергетика министрлигин, бийликти, МинКабды сөгүп, “Токтогул суу сактагычындагы суу сатылып жатат” дегендер да жок эмес.
Кыргызстанда баалар көтөрүлүп жатканда электр энергиясынын кымбаттатуу тууралуу маалымат, албетте, карапайым элге жакпайт. Бирок, ошол эле электр жабдыктары, энергетика тармагына керектелүүчү каражаттар сырттан келип жатканын эске алганда тарифтин жогорулашы мыйзамченемдүү көрүнүш. Анткени, азыр дүйнө жүзүндө баалар жогорулап, Кыргызстан эле эмес өнүккөн өлкөлөрдү инфляция жакалап турат. Бул жагынан алып караганда Кыргызстандагы электр энергиясына тариф анчалык деле кымбат эмес. Ошол эле сууга бай деген Россия, Тажикстанда электр энергиясына тариф биздикинен жогору. Чын-чынына келгенде Кыргызстанда мамлекет узак жылдардан бери электр энергиясын элге өздүк наркынан төмөн сатып келе жатат. Ошол себептен электр энергиясын өндүрүү, аны керектөөчүлөргө жеткирүү өзүн өзү актабай, энергетика тармагы жакшы өнүкпөй келди. Ал аз болгонсуп союз тарагандан тарта электр энергиясын каалашынча уурдап жаккандар да болду. Акылдуу эсептегичтер келгенде гана уурдоолор жоюлду. Азыр да ыңгайы келсе электр энергиясын бекер пайдалангысы келгендер жок эмес. Так ошол бекерге, арзанга көнгөндөр азыр ар кандай кептерди чыгарып, элдин башын маң кылууда.
Башкасын эске албасак да акыркы жылдарда климат өзгөрүп, суу тартыш болуп бара жатат. Андыктан ар бирибиз сууну, электр энергиясын өзүбүздүн аялуу нерсебиздей сарамжалдуу пайдаланганды үйрөнүшүбүз керек. Ушул жерден өлкөдө 75 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө 700 киловатка чейин 50 тыйындан төлөп жатканын да баса белгилей кетүүбүз керек. Бул элге жакканы менен энергосекторду артка тартат.
Ойлонуп иш кылбасак болбойт
Экономисттердин билдирүүсү боюнча энергетика тармагындагы тартыштык 2023-жылы 9 млрд. сомду түзгөн. Эгер азыртан мунун алдын албасак, 2024-жылы ал 11 млрд. сомго чыгып, 2025-жылы 13 млрд. сомго жетиши мүмкүн. Ошол эле кезде энергетикалык мекемелердин жалпы карызы учурда 103,3 млрд. сомду түзөт. Жакынкы жылдарда энергетика тармагы реформаланып, сыртка электр энергиясы экспорттолбосо узак жылдарга энергетикалык кризис уланышы мүмкүн. Муну болтурбас үчүн тарифтик саясат жүргүзүү менен бирге эле күн, шамал энергиясын колдонууну кеңейтип, атомдук станция-ларды курууну колго алышыбыз керек.
Албетте, Кыргызстан шамалдуу өлкө эмес. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу күн да катуу ысыбайт. Бирок, күн, шамал энергиясын пайдалануу Кыргызстадын өзөктүк болгон жылуулук, суу, газ энергетикасына кошумча энергия булагы болуп берет. Азыр МинКаб, Энергетика министрлиги бул багытта жакшы аракеттерди көрүп жатат. Эгер ал аракеттер ишке ашып кетсе, Президент Садыр Жапаров айткандай, электр энергиясын экспорттогон өлкө болорубуздан шек жок. Ага чейин ар бир кыргызстандык бул тармакка канткенде салым кошорун ойлоно жүргөнү да жакшы.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”