– Өткөн жумада байланышканда аэропортто экениңизди жана семинарга кетип жатканыңызды айттыңыз?
– Самарканд мамлекеттик медициналык университети ичеги оорулары боюнча чоң семинар уюштурду. Мен гастроэнтерология секциясы боюнча катышып келдим. Ага чейин Астанада болдум. Ал жерде “Гастроэнтерология – 2024” V эл аралык конгресси болуп өтүп, гастрит боюнча доклад жасадым.
– Адатта ашказан оорулары ачка-ток жүрө бергенден жана туу-ра эмес тамактангандан улам пайда болот деп түшүнөбүз. Биз билбеген дагы кандай себептери бар?
– Эң биринчи кезекте туура эмес тамактануу, ашыкча тынчсыздануу, сезгенүүгө каршы дары-дармектерди узак убакытка ичүү (диклофенак, индометацин, аспирин, триназол деген сыяктуу дарыларды дарыгердин көзөмөлүсүз) ашказан ооруларын пайда кылат. Ошондой эле, хеликобактер пилори бактериясы дагы буга себепчи болот. Гастрит, ашказан жарасы, 12 эли ичегинин жарасы дал ушул хеликобактер пилори бактериясы менен байланыштуу.
– Стресске кабылган адамдардын ашказан ооруларын дарылоо кыйынга турат деген маалымат бар экен…
– Ооба, чындыгында стресске түшкөн адамдардын ашказан ооруларын дарылоо кыйынга турат жана алда канча узак убакыт керек болот. Андай адамдарды биз психотроптук дарылар менен дарылайбыз. Себеби, катардагы дарылар жардам бербейт. Сөзсүз түрдө нерв системаларын тынчтандырган препараттарды колдонобуз. Адамдын ашказаны абдан сезимтал келет. Адамдын ашыкча тынчы кеткенде да чел кабык жешилет. Ашказан көп катмарлуу мүшөк сыяктуу. Катмарлуу ашказан булчуңдарынын арасынан кан тамырлар өтөт. Адам ачууланган сайын булчуңдар кысылып ашказанга кан барбай калат. Ошондуктан, стресске кабылган адамдардын ашказан оорусун дарылоо кыйын. Ошондой эле, фунционалдык диспепсия деген бар. Мындай учурда эч кандай гастрит же хеликобактер пилори бактериясы жок болсо деле, ашказан аз өлчөмдөгү тамакты дагы сиңире албай, керилип-чоюла албай, тырышкан абалда болуп оорута берет.
– Ашказан оорусу дароо байкалабы же убакыттын өтүшү менен сезилеби?
– Ар бир адамдыкы ар кандай. Мисалы, кичинекей балдарда хеликобактер бактериясы билинбей жүрө берет. Ал эми жашы улгайгандар бир күн туура эмес тамак жеп алса, эртеси оорунун белгилери сезилет.
– Тамак-аштын ашказанга канчалык таасири бар?
– Ашказан уникалдуу орган. Ал кислота бөлүп чыгаргандыктан баарын эритет. Ашказанда агрессивдүү факторлордон тышкары коргоочу факторлор да бар. Аларга былжыр чел кирет. Ашказан катмары кан менен камсыздалат, эгер кан жакшы барбай калса анын былжыр чели бузулат. Баары бири-бирине байланыштуу. Ашказандын компенсатордук мүмкүнчүлүгү азык-түлүктөр менен камсыздалат. Ага витаминдер жардам берет. Витаминдер жетишпесе кан оорусу гана пайда болбостон ашказан ичегисинин былжыр челдери да жешилип, кайра калыбына келбей атрофия боло баштайт. Оорусу бар адам базалык изилдөөлөрдөн өтүп адистин көзөмөлүндө дарыланышы керек.
– Гастрит менен жаранын айырмаларына токтолсоңуз?
– Экөөнүн айырмасы бар. Жаранын ооруганы тамак ичкенден кийин басылып калат да, ачка болгондо кайра күчөйт. Гас-трит болсо тамак ичсең да, ичпесең да баары бир ооруй берет. Экөөндө тең адамдын жүрөгү айланып, кусат. Кээде оозго кычкыл даам келиши мүмкүн. Ашказанда канчалык кислота көбүрөөк болсо, ошончолук ич катат. Кээде адам абдан арыктап кетет. Айрымдар гастроскопиядан коркуп «жөн эле дары жазып берип койгулачы» деп келишет. Андай болбойт да, анын эмне менен ооруп жатканын, себебин, механизмдерин тактап туруп анан дары жазып бересиң. Азыр технология абдан өнүктү, мурдагыдай эмес. Гастроскопияны уктатып коюп деле жасап беришет.
– Бүгүнкү күндө идиш-аяктарды жуучу каражаттар ооруну көбөйтүп жатышы мүмкүнбү? Анткени, ал каражаттарды канчалык жууп чайкаба баары бир кетпейт деген пикирлер айтылып келет?
– Азырынча андай иликтөөлөр боло элек. Бирок, изилдеп көрүш керек деп ойлойм. Ал химиялык каражаттардын кандай технологиялар менен жасалып жатканы, зыяндуулугу жана зыянсыздыгы жөнүндө далил жок болгондуктан, так жооп берүү мүмкүн эмес.
– Ашказан ооруларын толук айыктыруу мүмкүнбү? Же ооруга кабылгандардыкы өнө-көт болуп кайталана береби?
– Эгерде бейтап дарыгерге өз учурунда келсе жана ага туура диагноз коюлса, туура дарыласа анда 3 – 6 ай аралыгында толук айыктырууга болот. Мурда кандай болгон? 10 күн стационарда жатышкан, андан кийин поликлиниканын деңгээлине өтүшкөн. Андан соң санатория, курорттордо улантышкан. Азыркы учурда ошондогудай үзгүлтүксүз дарылоо жоголду. Мага кайрылган бейтаптарды 10-15 күн так дарылайбыз. Андан кийин амбулатордук дарылоодон өтүшөт. Минералдык сууларды ичүүнү, курорттук дарылоону сунуштайбыз. Жарым жыл биздин көзөмөлдө болуп, туура дарыланса жакшы натыйжа алабыз. Бирок, тилекке каршы көпчүлүгү антпейт. 10 күн дары-дармектерди ичишет, 10 күн диета кармашат. Кайра эле каалаган тамак ашын жеп, мурдагы жашоо образына кайтып келе беришет.
– Ашказан ооруларын алдын алуу үчүн кандай эрежелерди адат кылып алышыбыз керек?
– Эң биринчи эреже – гигиена. Хеликобактер пилори бактериясы табылса бейтаптын үй-бүлө мүчөлөрүн да текшерүү керек. Анткени, дарылангандан кийин кайра жугузуп алышы мүмкүн. Ошол эле учурда өтө муздак же өтө ысык тамактын да кесепети тиет. Алкоголь болбойт. Айрымдар ашказан жарасын ичимдик менен дарылай турганын айтышат. Ал ашказандын сезгичтигин азайтканы менен ооруну курчутушу мүмкүн. Мында жара жарылып, башка ооруну чакырат. Стресстен алыс болгонго аракет кылыш керек. Ошондой эле, көчөдө басып-туруп, кургак тамак-аштар менен шам-шум эткенден алыс болуш керек. Шашып, же болбосо ар нерсени ойлонуп жатып тамактануу ден соолукка зыяндуу. Илгери ата-энелерибиз: “Тамак ичип атканда өмүр токтоп турат”, – деп айтчу эмес беле. Ошол сыяктуу үйдө, жай баракат, жакшы маанайда отуруп тамактанууну адат кылыш керек. Ошондой эле тамакты жай жеген жакшы.