– Буга чейин Кыргызстан проф-союздарынын санатордук-курорттук объектилери Президенттин иш башкармалыгына убактылуу алынат деп айтылып келген. Азыр федерация кимдин карамагында, деги эле иш багытыңыздар кандай болууда?
– Профсоюз 100 жылдык тарыхы бар коомдук уюм. Ал 1925-жылы түзүлгөн. Аталышы улам өзгөрүп келип, 1992-жылы Кесиптик бирлик федерациясы деп аталган. Бул азыр да коомдук уюм, мамлекеттик органдардын катарына кирбейт. Көпчүлүк Профсоюздар федерациясы десе эле «путевка» деп түшүнүшөт. Ал – эмгекчилерди социалдык-экономикалык жана укуктук жактан коргоп, эмгек инспекциясын жүргүзүп турган уюм.
Негизи өлкөбүздө жумушчулардын ден-соолугун чыңдоо фонду бар, буга жумуш берүүчүлөр тарабынан социалдык фондго берилген төлөмдөрдүн 0,25 пайызы чогулат. Бул профсоюздун мүчөсү болосуңбу, болбойсуңбу бардык атуулдардын эс алуусуна деп бөлүнгөн каражат. 2023-жылды карасак, фонддон 313 миллион сом каражат бөлүнүп берилген. Учурда Президенттин жарлыгы менен ошол каражат Каржы министрлигинде калды. Ага санатордук-курорттук мекемелерди оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү. Өзүңүздөр билгендей, Президенттин жарлыгы менен эс алууга мораторий жарыя-ланган. Мына ушунун баары каралбай калган жайларды оңдоп-түзөөгө багытталган. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө федерация мурдагыдай путевка бербейт. Бирок, кесиптик бирликтер деп коебуз, жамааттардан түзүлгөн профсоюздар берип келишүүдө. Алар айлык акынын бир пайызы кармалып, чогулган тармактык комитеттерге түшкөн каражаттан. Бул эми анча чоң сумма эмес. Маселен, маданият тармагында 50 000 киши болсо, ар биринен эки сомдон алынса, жылына болгону 100 000 сом чогулат.
– Профсоюз мурда өтө күчтүү уюм эле. Кийин өздөрүндө ырк кетип, өзгөрүү болбогондуктан, баркы төмөндөп кетти. Ошого байланыштуу бул уюмдан чыгабыз дегендер да болуп келген. Азыр канча мүчөсү бар?
– 2009-жылы эң көп мүчө катталып, 1, 6 миллионго чейин жеткен. Андан бери азайып олтуруп 2023-жылы комитеттердин баарын бириктиргенде 700 000 мүчө болуп калган. 2024-жылдын башындагы маалымат боюнча, 564 000 тегерегинде. Азыр инвентаризация жүрүп жатат, дагы такталат. 700 000 мүчө эки сомдон чогултканда, 1,4 млн. сом тегерегинде гана каражат федерацияга келип түшчү. Ошондон маселен, маданият тармагына баш-аягы 300дөй путевка берилчү экен. Азыр тармактык комитеттер чогулган акча менен 200 путевка сатып алып жатышат. Өспүрүмдөргө да жайкы эс алуу лагерлери үчүн ар бир тармак 200дөн алууда. Ошондуктан, путевка толугу менен берилбей калган жок.
Айта кетүүчү нерсе – ден-соолук чыңдоочу фонд аркылуу путевкалар бизде гана берилет. Башка алыс-кы мамлекеттерди айтпай эле коеюн, коңшу өлкөлөрдө мындай иштер жүргүзүлбөйт. Негизи, өлкөбүздө бизден сырткары өзүнчө ишкана, жамааттарда түзүлгөн кесиптин бирликтери да болгону менен, эл аралык деңгээлге чыгып жүргөн бир эле биздин мекеме бар. Ал эми Казакстанда профсоюздар федерациясы эки-үчкө бөлүнүп кеткен.
– Эмгекчилердин укугун коргоо багытында кандай иштер жүрүп жатат?
– Чынын айтсак, бул боюнча аракеттер төмөндөп кеткен экен. Андыктан, ушул ишибизди күчөтүү максатында эмгекчилерди социалдык, укуктук жактан коргоо багытында жаңы кызматкерлер алынып жатат. Андан сырткары, ар кандай окуу, треннингдерди өткөрүп, келген адамдарга консультация берип турууну борбордук комитеттеги эки кызматкерге милдеттендирдик. Ошондой эле, аймактарда өкүлчүлүктөрдү ачып, эки-үчтөн кызматкер алып жатабыз. Алар кайрылгандарга укуктук, эмгек кодекси боюнча консультация беришет. Эмгек келишимдер кандай түзүлүш керек, укуктар бузулуп жатканда эмне кылуу шарт, эмгек өргүүсүн ала албай калганда, жумуштан мыйзамсыз кетиргенде же айлык акысын ала албаган учурда өз укугун кандайча коргой аларын түшүндүрүп беришет.
Азыр көбүнчө формалдуу эмес сектордо иштеп жаткандар эмгек келишим түзбөй жумушка киришет. Алар иш убагында жаракат алганда, жумуш берүүчү компенсацияларын төлөп бербейт. Проф-союздун милдети ошонун баарын карап, анализдеп, аны болтурбоо үчүн алдын алуу иштерин уюштуруу. Эгер укук бузуулар болсо, сотко чейин барып катышып берүүгө даярбыз. Бул боюнча акысыз чалып, кеңеш алууга мүмкүн болгон кыска номер алып жатабыз, жакын арада социалдык тармактарда айтылат. Проф-союздун активисттерин окутуу иштерин жүргүзөлү деп жатабыз.
Бардык жерде эмгек келишимдер түзүлүшү кажет, ал эми жамаат менен жамааттык келишим түзүлөт. Азыр биз үлгү катары жамааттык келишимдерди түзүп жатабыз, ар бир мекеме, ишканаларга барып, ишке ашыруу зарыл болуп турат. Алгач жумушчу менен жамааттын ортосунда жамааттык келишим түзүлсө, анан эмгектик келишим түзүлө баштайт. Анткени, экөө абдан тыгыз байланышкан нерсе. Албетте, дароо эле баарын көндү-рүш кыйын. Себеби, азыр “профсоюз” деген “эски” дегендей көз караш бар. Биз эми аны кайра күчтүү орган катары калыптандырышыбыз зарыл. Ал деңгээлге жетиш бир күндүк иш эмес. Жакынкы эки жылда ишке ашырабыз деген ой бар.
– Акыркы жылы канча арыз түшүптүр?
– Бул жерде арыздарды каттоо жүргөн эмес. Борбордук мекемебизде каттоодон өтүп, кагаздары сакталган 148 арыз бар экен. Бул абдан аз. Тармактык комитеттерден да сурагам, толук маалымат даярдап жатышат. Ушундай алешемдиктер болбош үчүн онлайн кайрылууга электрондук каттоону киргизип жатабыз. Буюрса, 1-май Эмгек күнүнөн кийин кайрылуулар каттоодон өтө баштайт. Чынында, адамдар кайрылалы деп келишип, бизге киргенде эле, айныса керек. Себеби, өзүбүздүн имаратыбыз ичи, сырты менен канча жылдар мурдагы боюнча калып, оңдоо, жаңыртуу иштери жүргөн эмес. Кээси аймактан келгенге мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, өкүлчүлүктөрдү ачып жатабыз. Жакында жарандар кайда, качан келип кайрылса болот, жарыя беребиз.
Андан тышкары социалдык роликтер тартылып жатат. Алар аркылуу маалыматты кеңири тарата алабыз. Айталы, кош бойлуу аялдардын эмгек өргүүсү кандай болуш керек деген маселени, алар зыяндуу жерлерде иштегенге болбой турганын түшүндүрөбүз. Кээ бир кош бойлуулар азыр иштебесем, жумуштан кетирип салат деп кооптонушу мүмкүн, мыйзам боюнча аны иштен кетире албай турганын түшүнүшү кажет. Жаштарыбыз официант болуп иштеп жатышат. Аларды каалаган убакта жөн эле иштен бошотуп коет, ал эми эмгек өргүү таптакыр каралбай калган.
– Борбордук комитетте канча кызматкер бар?
– Азыр саныбыз 50 болду. Буга чейин 27 болчу. Оптималдаштыруу жалаң эле кыскартуу эмес, эффективдүү жумушту уюштуруу болушу керек. 50 кишинин 16сы региондордо жайланышкан. Андан тышкары бул жакка да эмгек инспекторлорун алдык. Эки эле киши экен, алтыга көбөйттүк. Толук кандуу маалымат, билим берип, окутуп аймактарга жөнөтөбүз, жер-жерлерде тренинг, семинарларды өткөрүү зарыл.
Республика боюнча 21 эмгек инспекторлору болсо, анын экөө эле 60 жашка чейинки, калган 17си 60тан жогору жаштагылар. Ошондуктан, кадр даярдоо боюнча окуу-методикалык борбордун негизинде бардык каалоочуларды бекер окуталы деп жатабыз. Экинчиден, коңшу мамлекеттерде эмгек академиясы бар, алардан бюджеттик орундарды сураганга аракет жасайбыз. Себеби, башка өлкөлөрдө профессионал профсоюз кызматкери деген кесип алып чыгышат. Биз да профсоюзда иштейм дегендерге ошондой кесип сунуш кылышыбыз кажет.
– Айлык акыны кайдан аласыздар?
– Буга чейин 3 багытта – биринчиси мүчөлүк взностон келип түшкөн акчадан, мисалы 700 миң киши болсо, 1,5 миллион сом түшчү. Экинчиси, «Кыргызкурорттуризм” башкармалыгы дивиденддерди алып келип, кирешеден түшкөн каражат. Маселен былтыр 5, 3 миллион сом түшүптүр. Үчүнчүсү имараттарды ижарага берүүдөн түшөт. Айта кетүүчү жагдай, бүгүнкү күндө «Кыргызкурорттуризм” башкармалыгы жоюлду. Себеби, анын астында турган санаторий курорттун баары Президенттин иш башкармалыгына убактылуу ижарага берилип жатат.
– Федерациянын кеңешинин мүчөлөрү алган айлыгы тууралуу түшкө кирбеген сандар айтылды эле…
– Буга чейин кандай болгон билбейм. Буга чейин 29 адамдан турчу экен, 20сы тармактык кошуундардан, 5и облустук комитеттерден, анан төрага эки орун басары менен. Азыр 24, анткени облустук комитеттер жолган, 3 орун басарым менен 4 киши киребиз, 20сы тармактык комитеттер.
Тармактык комитеттер айлык акыларын өз тармагынан алышат, 30-40 миң сомдун тегерегинде. Ал эми мен келген учурда төраганын айлыгы 37450 сом экен. Мен март айынан колума алганым 32 000 сомго жеткен жок. Биз 1-апрелден баштап айлыктарды көбөйттүк. Буга чейин орточо айлык акы 13000 сомдун тегереги экен, азыр 25 миңге чейин көтөрдүк. Биринчи августта дагы көтөрөлү деген ой бар. Себеби, биринчиден, 25 миң сомго бүгүнкү күндө жашоо татаал, экинчиден, жакшы адистерди да бул айлыкка алып келе албайсың. Пенсиясын алып, эрмектегенге келгендер гана макул болушу мүмкүн. Жок дегенде 50 миң сомдун тегерегинде айлык маяна коелу деп жатабыз.
– Президент С.Жапаров мыйзамсыз сатылып кеткен мүлктөр, жерлерди иретке келтирүү боюнча катуу талап койду эле. Бул жагынын жылыш болуп жатабы?
– Бул маселе боюнча 3 топ түзүлгөн. Биринчи инвентаризация – кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү тактоо. Экинчиси, юридикалык компаниялар боюнча, себеби, бизде кагаз жүзүндө көп мекемелер менен уюмдаша бериптирбиз, гезитибиз да бар экен. Ал эми, мүлктөр боюнча профсоюздар кеңешинин чечими болушу керек эле, орто жерде президиумдун чечими менен сатылып кеткен мүлктөр бар экен. Кай бирин жергиликтүү бийликтегилер “жер биздики” деп, сатып салган учурлар болгон. Азыр мүлк боюнча эле баш-аягы 120дай сот иштери болуп жатат. Эми жумушчу топ иштеп чыккандан кийин, анын жыйынтыгы менен дагы сот-ко кайрылабыз. Бул багытта абдан чоң иштер жүрүп жатат. Биз нормативдик документтер боюнча да бир катар сунуштарды алып чыгалы деген ойдобуз. Негизи Эмгек кодекси болобу, башка мыйзамдар болобу, демилгелеп чыккан биз болушубуз керек. Азыр заман талабына жараша өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бир топ актыларды карап чыгуу иши турат.
– Өмүр бою иштеп, соцфондго, профсоюзга каражат берип, эч кандай кызмат колдонбогондор да бар…
– Убакыт бат эле өтөт. Буюрса, 2028-жылга эс алуу жайларды дайындап баштайбыз. Мен азыр акыркы 10 жылдык ишти талдап атам. Чынында, эс алып, дарыланууга баргандардын 60-70 пайызы бир эле адамдар болуп калган. Менимче, биз мүчөлөрдү электрондук каттоодон өткөрүп асак, бул маселе чечилет. Азыр ошол жумуштар жүрүп жатат. Ачык-айкын кылып койсок, баары иретке түшөт. Мындайда адамдын катышуусун азайтышыбыз керек.
– Жыргалаң курорту сиздердин баланстан алындыбы?
– Ооба, себеби, 1992-жылдан бери айыл өкмөтү менен талаш болуп келген. Де-факто – аны федерация иштетип жүргөн. 2020-жылы жергиликтүү бийлик сотко берип, соттон утуп, мамлекеттик мүлк фондуна өткөн. Ошондуктан, ал Президенттин иш башкармалыгынын мүлкү болуп эсептелинет. Азыр жакшы ремонттолуп, жаңы түскө ээ болду.