«Акындын ырларынын дагы бир касиети – чынчылдыгы. Ырда учкан куштай уйкаштыктан тышкары, улуттук ар намыс, улуттук уят болуш керек, а бул өзгөчөлүк Тургунбектин ырларынын негизин түзөт».
А.ӨМҮРКАНОВ
Тургунбек байке экөөбүз таанышкан күн борборубуздун Ала-Тоо аянтындагы бийликке нааразылыгын билдирген эл эртели-кеч аянттан кетпей, жашоо кайнап турган кезде болчу. Аянтка кире бериште жолуктук.
Мурда-кийин тааныш болбосок да, кучакташып көрүштүк. “Болот баатыр, сенсиңби?” – деп колун сунду улуулук жолун кылып, мен жооп ордуна жылмайып койдум. Ошентип, бир сааттай өмүр бою бири-бирин тааныган адамдардай, болгондо да ага-инидей сүйлөштүк. Мурда-кийин бири-бирибизди сыртыбыздан билсек да, кезигишкен эмеспиз. Кайран киши айрымдарга окшоп бакылдап сүйлөй бербеген, ичинен кайнаган, менден бетер жоош, түнт окшоду. Анын мүнөзүн жазган ырларына таптакыр окшото албай турдум.
Андан кийин да далай сүйлөштүк, далай жолугуштук. Кыргызым дегенде көздөрүнөн от чачырап кетчү. Жерим, элим дегенде жүрөгүн сууруп берүүдөн кайра тартпай тургандай сезилчү. Аны акын кылган, чыгармачылыкка баш отун сайып ыр жаздырган нерсе да, мына ушул эл тагдыры, жер тагдыры болдубу бейм. Мүмкүн, эл тагдыры кылыч мизинде, найза учунда болбогон тынч мезгил болгондо балким ал чыгармачылыкка жан дилин төшөйт беле, чындык деп чыркыраган ырларды жазат беле, ким билет?!!
Тайкыбы тагдыр?
Такалып калдык жарга биз,
Максатпы бүгүн кыбырап эптеп жан багыш?
Калкыбыз үчүн карууну казык кылалбай,
Көкүрөк бар да, калган жок окшойт ар-намыс…
***
Ооба, ал намысчыл акын болчу. Абийирине, адамдык ар-намысына камчы чаба албаган акын гана мына ушинтип жаза алмак.
Эгемендик жылдарында эл тагдырына, жер тагдырына жаны ачып, күйүп-бышып, акыйкат менен чындыктын ийилип турганы менен макул болбой, ак менен каранын чегин ажыратып, алсыздар жана чындык тарабында туруп ыр жазган акындар көп эле болду. Арийне, алардын көбү андай мекенчил ырларды тийди-качты жазды, калеми менен кагазда күрөштү. Алардан айырмаланып, акыйкат үчүн акыр аягына чейин туруп, туруп эле тим болбой, бийликке каршы нааразылык митингдерине да катышып, карапайым элдин катарында тургандардын алдыңкы сабында тургандардын бири акын Тургунбек Бекболотов эле.
Чыңырат чындык, чыңырат,
Чыкыйга үнү угулат.
Чарчаган окшойт бечара,
Чалынып улам жыгылат.
Жакшылык күткөн кул сымак,
Жалооруп тиктеп умсунат.
Жалгандын торун үзүүгө,
Жардамга колун ким сунат?
***
Анын чыгармачылыгына мүнөздөмө бергендер «Тургунбек Бекболотов Бүгүнкү күндүн күрөө тамырын тыңшап, адилетсиздикке күйүп-жанып, элдин, Атажурттун тагдырына кабатырланат, боор толгойт. Адамгерчиликтин, достуктун, сүйүүнүн изги кунун жүрөктөн сызылта ырдайт» деп жазышканы бекеринен эмес.
Калемдеши Кыргыз эл акыны, Алыкул Осмонов сыйлыгынын ээси Анатай Өмүрканов акындын “Муздак тамчылар” ыр жыйнагына жазган баш сөзүндө: “Акын Тургунбек Бекболотовдун ырлары кандай темада, кандай багытта жазылбасын, өзүнчөлүккө ээ. Көркөм каражаттар менен шөкөттөлүп, ары жугумдуу, ары элестүү, ойлорго бай. Тилинин кимге да болбосун түшүнүктүүлүгү, жөнөкөйлүгү, нукура турмуштуулугу окурмандын кумарын кандырат. Анткени анын ырларында азыркы турмуштун күрөө тамыры Талас дайрасындай күрпүлдөп буркан-шаркан түшүп, лакылдап согот. Акындын ырларынын дагы бир касиети – чынчылдыгы. Ырда учкан куштай уйкаштыктан тышкары, улуттук ар намыс, улуттук уят болуш керек, а бул өзгөчөлүк Тургунбектин ырларынын негизин түзөт” деп өз баасын берген.
Акындын ырын аздектегендердин дагы бири: “Мен үчүн Тургунбек агай учурдагы кыргыз поэзиясынын бирден-бир сыймыктанаар, түздөнөөр, таянаар Таланты, Жылдызы, Тоосу эле. Мурда жаратып койгон ырлары үчүн эмес, мына азыр, учурда жаратып жаткан кереметтүү ырлары үчүн. Мага Тургунбек агай кыргыз поэзиясында дайыма бар болгон сыяктанчу. Бирок, ал акын катары өзүн жар салганына аз гана болуптур. Болгону 17 жыл. Биринчи «Көз караш» деген аталыштагы ыр жыйнагы 1997-жылы, акын 50 деген жашты таяп калганда жарык көргөн экен. Кеч келсе да кандай келди!” деп тамшанып жазган.
Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев: “Тургунбек поэзияга кечирээк киришкен жаш акын. Анын айтаар сөзү али алдыда. Ушул оюмду бекемдегим келип акындын «Кечиккен ырлар» китебин кайрадан бир ирээт окуп чыгып, акын катары азырынча жаш аталганы менен кыйла калыптанып калган, поэзияга чоң урмат жана чоң жоопкерчилик менен киришкен, өтө сергек жана абийирдүү акын экендигине мен дагы бир жолу ынандым. Ырды эркин жазат. Турмушка өзүнчө көз карашы, айтар жаңы сөзү, омоктуу ойлору бар. Бай да, шаңдуу да, жандуу да тили бар. Жакшы иштеп, жакшы изденип жатыптыр” – десе, дагы бир эл акыны Сооронбай Жусуевдин: “Мезгилдин түрдүү орчундуу маселелерине масштабдуу ой жүгүртүү менен караган, мазмун жана көркөмдүк жактан шайкеш келген чыгармаларды жазган, Мекени, эли үчүн жүрөгүн берүүгө даяр, кийинки жылдары намыскөйлүк менен эмгектенип, чыгармачылыктын жогорку деңгээлине көтөрүлө алган Тургунбек Бекболотовду бардык ракурстан карап келип, аны чоң акын деп айта алам. Бул оюма ынана бербегендерди анын поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирип, жакшылап таанышууга кеңеш берем. Тургунбек Бекболотовдун бергенден берээри көп. Дагы чымырканып эмгектенип жеңиштен-жеңишке жетээрине ишенем” – деп чоң ишенич артканы ага берилген жогорку баа эмеспи!
Тургунбек байкени чыгармачылыкка кеч келгенинин себеби төмөнкҮдө окшойт. Ал 26 жашка, же тагыраагы 1974-жылга чейин жардамчы чабан, мектепте мугалим болуп иштесе, 1974-1982-жж. райондук «Октябрь таңы» гезитинин кабарчысы, 1984-1985-жж. партиянын Киров райондук комитетинде инструктор. 1985-жылдан өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин «Кара-Буура кабарлары» («Октябрь таңы») гезитинин башкы редактору болуп иштеген.
Алгачкы “Көз караш” ырлар жыйнагы 49 жашында,1997-жылы жарык көргөн. Кыс-касы 50дөн өтүп, чыгармачылыгы кычап, 1999-жылы «Чарчаган кылым», 2003-жылы «Муздак тамчылар», 2007-жылы «Кечиккен ырлар», 2008-жылы «Махабат-бүтпөс дас-таным» ыр жыйнактары жарыкка чыккан.
Анын чыгармачылыгындагы орчундуу өзгөчөлүк ырларында жарандык пафостун күчтүүлүгү гана эмес, тубаса акындыгы, уйкаштыктардын чебер иштелгендиги, ойлордун күтүүсүздүгү жана курчтугу да эле.
Адатта, мекен, мекенчилдик, эл, калк тагдыры туурасындагы ырларда кенедей эле жасалмалуулук болсо, ал дароо оркоюп көрүнүп, көзгө түшкөн коноктой өйкөй берет. Курулай патетикага айланат. Ушул өңүттөн алганда, Тургунбек Бекболотовдун ырларынан кенедей да жасалмалуулук таба албайсың. Ал карапайым элдин тагдыры менен жашап, ырларында чыныгы турмушту ашырбай да, кемитпей сүрөттөп жазганы, калп эмес, чындап эле санаага батып, убайымга түшкөнү көрүнүп турат.
Журтум бар деп жөлөнүп-таянарга,
Жүрөм, калкым, кыбырап араңарда.
Жакшылыктан үмүттү үзбөсөм да,
Жаным кейийт артымды караганда.
Колум менен өзүмө кылганымды,
Кимден көрөм? Келтирет ыйлагымды.
Кыйраткансып жүрсөм мен эдиреңдеп,
Кырып салган экенмин жылдарымды…
Эмне деген өкүнүч, өкүт. Андай өкүт ар бирибиздин башыбызда бар. Курсак тойгонуна сүйүнүп, убакытты колдон учуруп ийгендерибиз канча? Колдон келип, жасай турган иштерибизди жасабай калганыбыз канча? Алсыздык, арабөктүк кылганыбыз канча? Анын баарын эстеген сайын бут алдыбыздан жер көчүп кетет. Мына ушул баарыбыздын оюбузда эле жүргөн чындыкты, ар бирибиз моюнга алган чындыкты, кайрылгыс өкүттү баарыбыздан озунуп Тургунбек байке айтып салган. Анын акындык калеминин курчтугу, өктөмдүгү мына ушунда.
***
“Акын болбосоң болбо, адам бол” дегендей, акын иралды адам болуу-су абзел. Себеби, бардык элдерде адамдын өнөрү жана таланты, даанышмандыгы, баатырдыгынан мурда аны адамдык касиети жогору бааланат. Улуу орус акыны Некрасов: «Сен акын болбосоң болбо, бирок жаран болууга милдеттүүсүң» деп айткан кашкайган чындык бардык өлкөлөрдө жана элдерде күн тартибинен түшпөйт жана анын мааниси эскирбейт, түбөлүктүү философиясын жоготпойт. Ушул өңүттөн алганда, акын Тургунбек Бекболотов акын болуудан мурда адам катары калыптанып, бу турмуштан өзүнүн жолун жана жашоо философиясын тапкан жана ошондон соң гана поэзия дүйнөсүнө келгендигин белгилеп коюшубуз керек.
Акын, окумуштуу Баяс Турал атуулдукту өзүнүн жарандык принцибине айлантып жашаган акындар аз болуп жатканын баса белгилей келип, Т. Бекболотовдун акын болуудан мурда адамдык мекенчил позициясын белгилей келип, анын “поэзиясынын негизги темасы болуп эл-журт, өмүр-өлүмдүн кармашы, эки жүздүүлүктүн көбөйүшү, элинин тарыхын билбеген падышалар, кыргыз элинин кечээгиси жана бүгүнкүсү, 21-кылым тууралуу ырлар саналат”, – деп баса көрсөткөн.
Андан ары Омор Хаям акындык жолго алтымыштан ашкандан кийин түшкөнүн эскере: “Т. Бекболотов таланттуу акын экенинде эч кимдин шеги жок. Акын быйыл алтымыш жаш куракка келди. Ушул жашына чейин ал болгону эки-үч ырлар жыйнагын чыгарды. Алтымыш китеп жазып, андан алты сап ыры калбаган акындар тарыхта көп эле болгон, алар азыр да бар. Бирок, адабият эч качан ыр китептердин саны менен эмес сапаты менен, жаңылыгы менен, ачылыштары менен, формалык жана мазмундук изденүүлөрү менен бааланып келген. Мына ушул көз караштан алганда акын Т.Бекболотовдун ырлары кыргыз поэзиясында өзүнүн өзгөчө татыктуу ордун ээлейт деп мен ишенем” дегени да акын агабыздын жаркын элесине арналган ойлорду толуктап турат.
Тургунбек Бекболотовдун чыгармачыл өмүрү өлкө тагдыры, эл тагдыры кылыч мизинде турган жылдарга туура келди жана ал мезгил аны акын кылды. Арийне, анын акындык жолу кыска, бирок түшүмдүү болгону менен, өкүнүчтүүсү өкүттүү болду. Бул эми турмуш, андан эч ким эч кайда кача алган эмес.
Өмүр өкүтү
Мен эңсеген жолдор калып капкайда,
Билбейм, бүгүн жүрөм кайсы жактарда.
Атаганат, акылыма келбепмин,
Өзүмдү-өзүм чалып жыгып жатканда.
Эмне көрдүм? Эмне таптым? Өттү өмүр,
Өкүнүчтөн ооруп турат тек көңүл.
Эч мойнума алгым келбей жатпайбы,
Эбак эле базарымдын өткөнүн.
Убагынан, ырас, эрте токтолуп,
Биз жашадык өзүбүзгө чек коюп.
Билинбестен өтүп кетти бүт өмүр,
Күрөшүүдөн моюн сунуу көп болуп.
Жарып чыгып кетүүчүдөй туюлуп,
Жан дүйнөмдө жүрөт өкүт буюгуп.
Акыл кирип алтымыштан ашканда,
Ар бир күндү узатамын кыйылып.