Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Асек ЖУМАБАЕВ: “Вьетнамда Валентина Терешкова менен бильярд ойногом”

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, кезинде кыргыз ырларын чет өлкөлөрдө аткарган атактуу ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Асек Жумабаев тирүү болгондо быйыл 9-майда туура 100 жашка чыкмак. Кыргыз элинин тун гезити “Кыргыз Туусунун” да быйыл 100 жылдыгы болуп жатканына байланыштуу гезитибизге жашташ талантты эскерүүнү эп көрдүк. Замандаштарынын айтымында “сакадай бою сары алтын” Асек ЖУМАБАЕВ уюштургуч, шамалдай жеңил, жүргөн жери күлкүлүү окуяларга бай адам болуптур. Анда бүткүл СССРге таанымал таланттуу инсандын айткандарын Эл артисти Келдибек Ниязовдон жазып алдык.

 

“Мидинди ээрчийм деп иштен чыгып калгам”

– Мени маданият жетекчилиги мунун угуусу, ритми күчтүү, музыканы жакшы түшүнөт, опера ырчысы кылабыз дешип опера-балет театрына жөнөтүштү. Агезде эл опера-балетти жакшы кабыл албагандыктан ал жакка моюнунан байлаган иттей болуп көңүлсүз бардым. Июль айында опера-балет театры кароолчусунан бери отпускага кетет экен. Айла жок Нарынга кеттим. Ал жактан опера-балетке орноштум дегенден уялып, Кудай өзү кечирсин деп “Кыргыз драма театрына ишке кирдим, буюрса, Муратбек Рыскулов менен бир топ ролдорду ойномой болуп жатам” деп мактандым. Ансайын жердештерим мени кызуу куттукташып, коноктошуп, отпуска бүткөндө жарым мүшөк талкан, бир карын сары май, бир баштык курут, бир козу беришти. Кетеримде ат араба менен Кара-Үңкүр капчыгайынын оозуна таштап коюшту. Ал учурда согушка уран керек болуп Кара-Үңкөрдөгү уран кенин жүк ташуучу унаалар Кара-Балтага кумурскадай эле ташып жаткан. Козумду байлап коюп, бир машинеге сүйлөшөйүн деп жатсам эле Мидин байкем эки орус менен бажакташып келе жатат. Учурашсам “Ой, желмогуздай болуп кайдан чыга калдың?” деди. Отпускадан келе жатканымды айтсам эле: “Эй, мээң ордундабы? Кокуй, мунуңду киши укпасын. Отпускадан ишке он беш-жыйырма күн кечигип чыгат. Ал жакка убагында барып алып опера-балет театрын кайтарасыңбы? Андан көрө мен Соң-Көлгө 15 күнгө баратам. Мени менен жүр, ишиңе андан кийин деле барасың” деди.
Биринчи жолу отпускага чыгып жаткандыктан унучуга албай калдым. Чолок көйнөк, бир шым, жаман сандалчан турганымды көрүп Мидин ары басып кетти. Бир кезде кенчилердин шымын, свитерин, купайкесин, каскасын алып келип мага кийгизип койду. “Оокаттарым бар эле” десем, козумду, баштыктарымды бир малчыга “Бул кайтканча жебей, жоготпой карап турасың” деп болгон нерсемди ага табыштады. Ошентип Мидин байке менен барсак Соң-Көл чатырап турган убагы экен. Экөөбүз ээрчишип 12 күн малчыларга концерт койдук. Мидин ырдап, элди күлдүрөт, ортосунда мен ырдайм. Кетерибизде бир жерге он чакты ирик, эки-үч фляга сары май, каймак, курут чогулуп калыптыр. Баарын Мидин байке бир машинеге салдыртып Кара-Үңкүргө түшүп келдик. Чач, сакал-мурут өскөн. Мидикем “Мобу ириктерден каалаганыңы ал” деп туруп эң чоңун мага берди. Калган ирик, сары май, каймак, курутту ал кенчилердин ашканасына өткөрүп бир тутам акча алып чыкты. “Ме, мобул опера-балеттеги сенин алты айлыгыңдын акчасы. Жарым жыл иштебей койсоң да болот” деп мени бир машинеге салып жиберди. Шаарга келип коюмду союп аксакалдардын батасын алдым. Эртеси сакал-мурутумду алып опера балет театрына келсем эле мени орустар ичке киргизбейт. Көрсө, жыйырма күн иштен кечиккеним үчүн иштен чыгып калыпмын. Айлам кетип эч кимге билгизбей эртең менен ишке кетимиш болуп бозого, ордого барып кечинде кайтып жүрдүм.
Бир күнү эле шаарда “Мидин келиптир” деп дуу болуп калды. Чуркап жетип эле Мидинге “Байке мени жумуштан выговор менен чыгарып таштаптыр” деп ыйлап жибердим. Ал кебелбей туруп: “Ушуну көрмөксүң! Сен келесоосуңбу, дейдисиңби, жүрү деген менен эле кете бергидей. Ишти ойлобойсуңбу!” деп кайра мени тилдеп жатпайбы. Шолоктоп ыйлап турсам “Эртең менен опера-балетке саат онго кел” деп койду. Эртеси тогузга барсам Мидин жок. Көрсө ал саат тогузда келип Борбордук комитеттен “Малчыларга концерт коюп келем” деп жаздырып алган кагазын еврей директорубуздун столуна бир чаап, “БКнын чечими менен малчыларды тейлеп келдик. Жанагы Жумабаев деген ырчыңды мен ала кеткем. Сен БКнын чечимине каршы чыгасыңбы? Этти, майды кайдан жеп жатасың? Азыр БКга кайра барып арызданам” деп тигинин жүрөгүн түшүрүп коюптур. Директор жалынып-жалбарып мени кайра ишке алып, баягы жыйырма күндүк акчамды да төлөп берди. Эшикке чыгып экөөбүз кайра пивоканага жөнөдүк. Барсак, Райкан келип экөө аркы-беркини сүйлөшүп калышты. Анан Мидин мени Атай, Мусадан кийинки эле атактуу ырчы деп
тааныштырды. Бир кезде Райкан Талас-ка гастролго кетип жатканын айтып калса “Мобу дейдини да ала кетпейсиңби. Бул жүр деген жакка эле кете берет” десе “Барбайм, эле барбайм” деп так секиргеним эсимде.

 

“Валентина Терешкова менен бильярд ойногом”

– Союз кезинде союздук республикалардан бирден-экиден мыкты аткаруучуларды топтоп СССРдин атынан башка өлкөлөргө чыгарышчу. Ошонун аркасы менен көп өлкөлөрдө болдум. Бир жолу эки ай Европаны кыдырдык. Чехословакияга келгенде орус аялдар жанталашып “Чешский хрусталь” деп айнек идиш-аяктарды талап жатышат. Мен да алардан кем калбай эки чемодан хрусталь алдым. Аны Казань вокзалынын буюмдар сакталчу жайына коюп, калган акчамды алып эми кетейин деп жатсам эле бирөө келип “Жумабаев ким? Сизди “Союз концертке” келсин деп жатат” деди. Барсам “Дагы эки айга Лаос, Комбоджа, Вьетнамга кетесиң” дешти. “Жүгүм бар эле” деп кыйылсам: “Ага эч ким тийбейт, камсанабай кете бер” деп коюшту. Ошентип ансыз да эки ай Кыргызстанды көрбөгөн жаным дагы эки айга кеттим.
Эмнегедир менин “Комузум” деген ырым көпчүлүккө жагат. Ошондонбу, айтор, ушинтип мени улам бир топко кошо беришчү. Вьетнамга барсак токой өсүп отуруп туннель болуп калган жолдор бар экен. Жолдору болсо мизилдейт. Концерт коюп жүрөбүз. Бир күнү эки лөкүйгөн орус кирип келип “Кто у вас Джумабаев?” деди. Агезде сыртка чыгарда “СССРди жамандабагыла, СССР тууралуу жалаң жакшы нерселерди айткыла” деп эскертишчү. Экөөнү көрүп “Жаза тайып ашыкча бирдеме деп ийдимби” деп “Мен Жумабаев” дедим үнүмдү араң чыгарып. Тигил экөө “кеттик” деп мени машинеге салып алып түшүнүксүз бир жакка алып жөнөштү. Бир кезде күндүзгүдөй жапжарык болгон бир жерге келип токтодук. Түшсөм кийиминин аркасында “СССР” деген жазуусу бар дардайган орус жигиттер ары-бери басып жүрүшөт. Бир кезде ары жактан кара каш, кара көз бирөө чыгып эле “Ой байкее!” деп эле мени кучактап калды. Көрсө ал улуту чуваш, Токмоктогу учуучулар окуу жайын бүтүргөн, Советтер Союзунан Юрий Гагаринден кийин үчүнчү болуп космоско учкан Андриян Николаев деген космонавт экен. Ал союздан артисттер келгенин угуп, “Кыргызстандан бар бекен?” деп сурашса мени айтышыптыр. “Анда аны мага алдыртып келгиле” деп мага кишилерин жиберген экен. Аны укканда өзүмө келип жыргай түштүм. Аңгыча Николаев менден “Байке, как по вашему невеста?” деп калды. “Келин” десем, “Сейчас ваш келин придёт” деп калды. Анан эшик ачылып Валентина Терешкова кирип келе жатат күлүп-жайнап. Ошентип алар менен чер жазып, болушунча аларга ырдап бердим. Бир кезде Николаев бильярд ойнойлу деп калды. Мен “Келин менен бир болоюн” деп Терешкова экөөбүз бир болдук. Мен да, Терешкова да мыкты ойнойт экенбиз. Тигилердин оозун ачырдык.

 

“Союздун баатыры Дайыр Асановго бата бергем”

– Кадимки эле Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов майданда баатырлык көрсөткөндө 40 күнгө отпускага жиберишиптир. Согуш болсо катуу жүрүп жатат. Ошондо мага жетекчиликтен “Асек, согуштан баатыр Дайыр Асанов келе жатат. Күнү-түнү ошонун жанында болуп, көңүлүн көтөрөсүң” деген тапшырма болду. Ал келгенде аны жандап алып Ат-Башы, Ак-Сай, Арпаны бүт кыдырдык. А кишиге бардык шарттар түзүлгөн экен, айтканы айткандай аткарылып жатты. Сапарыбыз карып Дайыр Асановдун кетер убагы болуп калды. Аз убакытта экөөбүз бир туугандай болуп калыптырбыз. Кетеринде Дайыр “Асек, эми мен кайра майданга кетип жатам. Ал жактан келемби, келбейминби бир Кудай билет. Кокус келбей калсам, ушул күндөрдү эскере жүр”, деди. Мен тимеле каадалуу аксакалчасынан ага бата берип “Ой Даке, сен кайра келесиң. Баарын талкалап, жеңип туруп келесиң. Мен өзүм комуз менен тосуп алам” дедим. Айтканымдай ал аман-эсен кайтып келип көп жылдар жакшы мамиледе болдук.

 

“Бозочу Жуманын кубалаганы эсимден кетпейт”

– Илгери Төкөлдөштө бою пасыраак, эзели кийимин алмаштырбаган Жума деген бозочу абышка бар болчу. Курсагы чандайып, бооруна болгон неменин баа-
ры төгүлө бергендиктен көкүрөгү жоор аттын тердигиндей эле болуп турчу. Башына жаман малакай кийип, бутуна апкыты айрылган көлөч кийип алар эле. Ага карабай мен артист дегендин баары ага карызга жазылып бозо иччүбүз. Жаздырып иче берип карызымды бере элегиме үч ай болуп кеткен. Аны билип алган артисттер Жуманы тамашалашып “Эртең Москвадан комиссия келип Асекти эки айга алып кеткени жатышат. Акчаңды алып кал. Антпесең үч айлык акчаң оомийин дей бер” дешет. Тигил так секирип: “Ий атаңдын оозун урайын, эми аны кантип табам?” дейт. Анда артисттер “Эртең опера-балет театрына кел. Биз ичке кийирип коёбуз. Сахнага чыкканда эле кубалап кармап калбасаң андан акчаңды өндүрө албайсың” дешиптир.
Ага чейин мен опера-балетте коюлчу “Токтогулдагы” Арзыматтын ырын ырдаганга даярданып жаткам. “Токтогул” даяр болгондо Москвадан комиссия келип бир сыйра көрүп жактырышы керек болчу. Аталган комиссия келип, аны тосуп алып коноктодук. Эртеси “Токтогулду” комиссияга тапшырабыз деп турабыз. Мен сахнага чыгып эми эле “Кагылайын калайык” деп ырдап баштасам эле капталдан бышылдап Жума чыгып “Калайыгыңдын атасын оозун урайын. Эки айлык бозонун акчасын берип коюп анан Маскөөңө кет!” деп таягы менен тап берип качырып сала берсе болобу. Оркестр ойноп жаткандыктан ансамблди айланып ырдаганча качтым. Аңгыча арттагы балдар Жуманы шарт сууруп кетишти. Мен токтобой ырымды бүтүрдүм. Муну жасаган артисттер болсо кыраан каткырып, сулап калышты. Түшүнбөй калган орус комиссия мүчөлөрү унчукпай отурушат. Аягында комиссиянын бир мүчөсү сүйлөп жатып “Баары жакшы болду. Айрыкча жанагы жарды ырчыны байдын кубалаганы чыныгы турмуш болуптур” деп жатпайбы. Көрсө алар аны сценарийдин бир эпизоду экен деп түшүнүшүптүр.

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар