Кыргызстан мал чарбачылыгы өнүккөн тоолуу мамлекеттердин катарына кирет. Ал эми мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө малдын сапаты, б.а. асылдуулугу менен катар эле анын саламаттыгы өтө маанилүү. “Медицина адамды дарылайт, а ветеренария адамзатты дарылайт” – деп бекеринен айтылбайт эмеспи.
Өлкөбүздүн ветеринардык кызматы өткөн жылды кандай жыйынтыкташты жана үстүбүздөгү жылдагы аракеттери тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Ветеринария департаментинин директору Улугбек Кожобергенов маек куруп берди.
– Улугбек Сыргаболотович, Эпизоотияга каршы күрөшүү иштерине кандай көңүл бурулууда?
– Өткөн жылдын 12 айында республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотикага каршы иш-чаралар жалпы 24 762,9 миң малга жүргүзүлдү, анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр (жана башка изилдөөлөр) 1 209,6 миң, алдын ала эмдөөлөр 22 955,4 миң, дегельминтизация 597,9 миң же болбосо 2023-жылга бекитилген план боюнча 100% аткарылды.
– Өлкөдө ылаң оорулары жаз-күз мезгилдеринде күч алса керек?
– Ооба, 2023-жылдын 12 айында респуб-ликанын аймагында 86 жугуштуу ылаңдын очогу катталган, алар: кутурма ылаңы–36, сибирь жарасы – 2, жылкылардын пастереллезу – 1, кээңги ылаңы – 14, кой-эчкилердин сальмонеллезу – 1, брадзоту – 7, листериозу – 4, пастереллезу – 10, бруцеллезу – 4, хламидиоз – 1, энтеротоксемия – 2.
Жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга карантин, чектөөлөр коюлуп, инструкцияга ылайык ветеринардык-санитардык иш чаралар жүргүзүлдү.
Өтө коркунучтуу делген бодо малдардын шарп, кой-эчкилердин күл, кыргын ж.б. ылаңдары катталган жок, республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу сакталды.
Райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын башчыларына биокаражаттарды муздаткычта ветеринардык талаптарга ылайык сактоо, сапаттуу жана коромжусуз пайдалануу боюнча тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынган. Отчеттуулук мезгилинде жеринде эпизоотияга каршы иш-чаралар пландык негизде иш алып барат.
Республика боюнча сибирь жарасынын 566 эски очогу катталып, А/А балансысына өткөрүлүп, жылына малдын сибирь жарасына каршы алдын ала эмдөөлөр жана жазгы санация иштери жүргүзүлүүдө. Жазгы жана күзгү санация иштери үчүн 13800 кг хлор райондук шаардык башкармалыктарга таратылып берилип, санация иштери толугу менен жүргүзүлдү.
– Ветеринардык көзөмөлдөө иштерине токтоло кетсеңиз?
– Бүгүнкү күндө өлкөдө 45 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.Анын ичинен 25и ветеринардык-санитардык талаптарды аткарган. Ал эми, 20 мал базардын ээлерине райондук ветеринардык башкармалык тарабынан көрсөтмөлөр берилген. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыктан 16 мал базарга 160 000 (миң) сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Кыргыз Республикасынын башкы ветеринардык инспектору тарабынан Аламүдүн, Жайыл, Ноокен, Аксы, Кочкор, Чоң-Алай, Тогуз-Торо райондорунун акимдерине, Каракол, Кызыл-Кыя шаарынын мэрине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 токтомунда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жаткандыгы тууралуу кат жана көрсөтмө берилген.
– Улугбек Сыргаболотович, ветеринардык аптекалар кандай иштеп жатат? Дегеним, атайын уруксат кагаздары менен иштешеби же …
– Кыргыз Республикасынын аймагында 246 ветеринардык дарыкана бар, ветеринардык кызматтын бирдиктүү реестринде 243 ветеринардык дарыкана катталган.
ЖИКС маалымат системасы аркылуу ветеринардык дары-дармектердин кыймылын жана колдонулушун көзөмөлдөө боюнча иштер башталып, көзөмөл киргизүү боюнча пилоттук долбоор катары Баткен, Ноокен, Талас, Нарын райондорунда, Бишкек, Ош, Каракол шаарлары өттү.
– Ишканалардын реестри деген эмнени түшүндүрөт?
– Бүгүнкү күндө 354 ишкана Евразиялык экономикалык биримдиктин Бирдиктүү реестрине киргизилген.
Чет өлкөлөрдүн реестрине:
– Кытай Эл Республикасында (КНР) 11 балчылык жана 13 сүттү кайра иштетүүчү ишканалар.
– Бириккен Араб Эмираттары – 2 мал союучу жай.
– Өзбекстан Республикасы – 39 ишкана.
Ветеринардык кызматтын аймактык түзүмдөр тарабынан 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен 3228 пландык жана плансыз текшерүүлөр макулдашылган анын ичинен 2670и текшерилип, 786 көрсөтмө берилип 1504500 сом айып салынган.
– Тамак-аш мониторингине токтоло кетсеңиз?
– 2023-жылдын 22-февралындагы “2023-жылга чийки заттардын жана жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздук көрсөткүчтөрүнө мамлекеттик мониторинг жүргүзүүнүн” № 42 буйругун аткаруу максатында лабораториялык мониторинг жүргүзүү үчүн тамак-аш азыктарынын жана жаныбарлардан алынган чийки заттын үлгүлөрүн алуу боюнча пландын 12 айда жасалган иштери:
Түндүк аймак боюнча 1038 үлгү берилген, анын ичинен 99 үлгү оң жыйынтык аныкталган;
Түштүк аймак боюнча 1259 үлгү берилген, анын ичинен 82синде оң жыйынтык аныкталган;
Тамак-аш азыктарынын жана малдан алынган чийки заттын оң жыйынтык аныкталган үлгүлөрүнө актылар түзүлүп, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык утилизацияланган.
– Чек араларда ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмдөрү канчалык деңгээлде колго алынган?
– Албетте, республиканын аймагында жалпысынан 29 ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмдөрү иштейт, анан ичинен: мамлекеттик чек арада – 18, убактылуу сактоочу жайларында – 4, темир жол станцияларында – 5 жана эл аралык аэропорттордо – 2. Бул бөлүмдөр толук кандуу иш алып барышат.
Өткөн жылдын 12 айында экспорт-импорттун позициялары
Экспорт боюнча бодо – 73905, кой-эчки – 116540, жылкы – 4996, сүт азыктары – 45910,2 тн, колбаса азыктары – 867,6 тн, балык азыктары – 5556,4 тн, бодо малдын териси – 471133 даана, бал – 439 тн. Негизги жыйынтык ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттолгон.
Ал эми импорт боюнча:
Бодо мал – 26292, кой-эчки – 940 баш, жылкы – 7311 баш, балык жана балык азыктары – 8248,3 тонна, тоок эти – 65085,9 тонна, жумуртка – 192644780 даана, сүт азыктары – 14752,7 тонна, бодо малдын териси – 104400 даана, канаттуулар жана жаныбарлар үчүн жем тоюту – 50021 тонна жана балыктар үчүн жем – 12941,5 тонна импорттолгон.
Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында өткөн жылдын 12 айында импорттоодо 70 мыйзам бузуу фактылары катталып, артка кайтаруу актылары түзүлгөн. Анын ичинде: Казакстанга – 54 акты, Өзбекстанга – 15 жана Кытайга – 1 акты.
– Акыркы жылдары өлкөдө жаныбарларды идентификациялоо иштери колго алынууда. Учурда канчалык деңгээлде ишке ашырылууда?
– Өткөн жылы ЖИКС маалыматтык тутумунда 2 125,3 миң бодо мал, 3,7 миң чочко, 518,5 миң жылкы активдүү (тирүү) статусун түзөт. Анын ичинен 2023-жылы республика боюнча төлдөрдү идентификациялоодо 635,4 миң бодо мал, 4,1 миң чочко, 107,6 миң жылкы идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (мындан ары – ЖИКС) каттоого алынды.
Топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасы, 120 үй канаттуулар фермасы, 1429 аары багуучу чарба, 92,7 миң аары бал челектер, 415 чарбада 1743 көлмөлөр идентифика-
циядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.
2023-жылы республика боюнча кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ветеринардык кызматынын буйругу чыгарылып, Араван, Кемин, Түп райондору пилоттук райондор катары аныкталган.
Бүгүнкү күндө пилоттук райондордо 97,3 миң кой-эчкилер идентификациядан өткөрүлүп, план 32% аткарылды. Анын ичинен ЖИКС маалыматтык тутумуна 81,3 миң мал же 27% каттоого алынды.
ЖИКС маалыматтык тутуму менен 92 мал союлуучу жай, 5 чочко союлуучу жай толук кандуу иштеп жатат. 2023-жылы 204,7 миң бодо мал, 17,1 миң жылкы жана 8,2 миң чочко союлуп, ЖИКС маалыматтык тутумунан чыгышталды.
Малдын этине жана субпродуктуларга ветеринардык коштомо форма №2а документи менен азык түлүк базарларга же соода түйүндөргө сатылууга жөнөтүлүп, ал жерде ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториялардан 153 236 малдын эти жана субпродуктулар изилдөөдөн өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен изилдөө протоколу берилди.
ЕАЭБ менен кызматташуу
Видео конференция форматында токсондон ашык отурум өткөрүлдү (жумушчу топтун «вет-сан чаралары», ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр, «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөр, «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөр жана канаттуу-лардын этинин», «Балыктын жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө», Жалпы процесстерди ишке ашыруу, ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу жөнүндө, ЕАЭБде көзөмөлдү ишке ашыруу тартибин иштеп чыгуу, Жогорку деңгээлдеги иш Электрондук коммерция боюнча топ, ЕАЭБ менен КЭР, ЕАЭБ Вьетнам Социалисттик Республикасы менен, ЕАЭБ Индонезия Республикасы менен макулдашуулардын алкагында иш алып баруу, Ветеринардык чаралар боюнча Техникалык жөнгө салуу, санитардык талаптарды колдонуу боюнча консультативдик комитет, Ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, ЕЭК Кеңешинин отурумдарына катышуу.
– Сиз жетектеген ветеринардык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында кандай иштерди аткарды?
– Ветеринардык кызматы 2024-жылдын 1-кварталында, бекитилген бюджети 956 347,2 миң сомду түздү, такталган бюджет 956 468,6 миң сомду түзгөн, анын ичинен 174 404,1 миң сом каржыланды, б.а. бюджеттин аткарылышы 18,2% түздү.
Ветеринардык кызматы белгиленген тапшырмаларды аткаруу максатында мамлекеттик ветеринардык-санитардык системаны жакшыртуу үчүн тємєндєгүдєй укуктук ченемдик актылары боюнча иштерди жүргүздү.
2024-жылдын 1-кварталында
Ушул жылга карата Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын атайын
эсептериндеги каражаттарды көбөйтүү жөнүндө (70 млн.) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19.03.2024 №104-т тескемеси менен бекитилди.
Ошондой эле төмөнкү ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Эпизоотияга каршы иш-чараларга кошумча финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө” тескемесинин долбоору, учурда тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуусунда турат.
Эпизоотиялык абал боюнча айтсам, үстүбүздөгү үч айда республиканын аймагында 23 жугуштуу ылаңдын очогу катталган, алар: кутурма ылаңы – 10, ИММ бруцеллезу – 2, сибирь жарасы – 1, жылкылардын пастереллезу – 1, кээңги ылаңы – 3, кой-эчкилердин пастереллезу –1, бруцеллезу – 3, энтеротоксемиясы – 1, канаттуулардын ньюкасль ылаңы – 1.
Жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга карантин, чектөөлөр коюлуп, инструкцияга ылайык ветеринардык-санитардык иш чаралар жүргүзүлдү.
Өтө коркунучтуу делген бодо малдардын шарп, кой-эчкилердин күл, кыргын ж.б. ылаңдары катталган жок, республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу сакталды.
Райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын башчыларына биокаражаттарды муздаткычта ветеринардык талаптарга ылайык сактоо, сапаттуу жана коромжусуз пайдалануу боюнча тапшырмалар берилди, республика боюнча 1149 жеке ветеринардык адистер менен келишим түзүлүп, жеринде эпизоотияга каршы бекитилген пландын негизинде жазгы эмдөө, диагностикалык иш-чаралар жүрүп
жатат.
Мындан тышкары республикалык бюджеттен биокаражаттарды сатып алууга 102 335,5 миң сом бөлүнүп, тендер өткөрүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө республиканын аймагында эпизоотиялык абал туруктуу.
Ветеринардык көзөмөл
Жалпы республика боюнча ветеринардык көзөмөлгө 73242 объект алынып, катталган, орточо эсеп менен бир инспекторго 75 объект туура келет.
2024-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин №1 Жарлыгы менен ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү боюнча 2024-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялаганына байланыштуу, 2024-жылдын I-кварталында тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү субьектерге пландык текшерүүлөр жүргүзүлгөн жок.
Мал базарлар
Бүгүнкү күндө республикада 46 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген мал базарлардын саны 15, ал эми 31 мал базарда райондук/шаардык ветеринардык башкармалыктардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык келтирүү
боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат, бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтмөлөрдү аткаруу боюнча тиешелүү иштер аткарылбай келет.
Бүгүнкү күндө Баткен шаарында, Сокулук жана Тоң райондорунда типтүү жаңы мал базар куруу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары Ак-Талаа, Лейлек жана Кочкор
райондорунда жергиликтүү бийлик тарабынан жер бөлүнүп берилип, базар курууга тендер жарыяланды.
Мал союучу жайлар
2024-жылдын 1-апрелине карата Ветеринардык кызматтын Реестринде 105 мал союучу жай катталган, анын ичинен 14 мал союучу жайдын убактылуу ишмердүлүүгү токтотулган, 91 мал союучу жай ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
10 мал союулуучу жай ЕАЭБдин бирдиктүү Реестрине катталган (КҮ “Рейна Кенч”, ЖЧК “Торо”, ОАО “Келечек”, ЖЧК “Адал-Азык”, ЖЧК “Ала-Бука Жалал-Абад Кыргыз Эт”, “КФҮ Алмаз”, ИП: Базарбаева. З, ИП: Кучкаров. Ф.Н, ЧП: Эралиев Э., ЖЧК «Восточно-импортноэкспортная компания”).
Мал союучу жайы жок райондорго жана шаарларга мал союучу жай салдыруу боюнча Ветеринардык кызмат тарабынан тапшырма берилип, жыйынтыгы менен Өзгөн, Тоң, Кочкор, Лейлек, Бакай-Ата, Манас жана Москва райондорунда 12 жаңы мал союучу жайлардын курулушу аяктап ишке кирүү алдында турат. Ал эми Ат-Башы, Ак-Талаа, Ноокат, Ысык-Көл, Кадамжай райондорунда мал союучу жайлардын курулушу аяктап ишке берилген.
Ветеринардык аптекалар
Бардыгы республика боюнча 250 ветеринардык аптека бар, алар веткызматтын бирдиктүү реестринде катталган. Райондук ветеринардык башкармалыктар боюнча: Баткен – 16 (реестрде 16), Жалал-Абад – 49 (реестрде 46), Ош-34 (реестрде 33), Чүй-45 (реестрде 41), Нарын – 16 (реестрде 16), Талас – 17 (реестрде 15), Ысык-Көл – 29 (реестрде – 33), Бишкек шары – 33 (реестрде 36), Ош шары – 7 (реестрде 7) катталган.
Лабораториялык изилдөөлөр
2024-жылы 3 айда ветеринардык лабораторияларга бардыгы болуп 184 194 ар кандай биологиялык, патологиялык материалдар келип, 342 508 диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын ичинен 5481 оң белги аныкталган.
Республика боюнча 3 ай ичинде диагностикалык изилдөө үчүн ветеринардык-санитардык экспертизага ар кандай продукциялардан 911үлгү келген (союлган малдын жана канаттуулардын бардык түрлөрүнүн эти, аарычылык азыктары, сүт, жаныбарлардын майлары, балык, канаттуулардын жумурткалары жана субпродуктулар). Изилдөө үчүн продукциянын ар кандай түрлөрүнөн үлгүлөр жеке ишкерлерден, ЖЧКлардан, чарбалардан, көлмө чарбаларынан, жеке чарбалардан тиешелүү коштомо документтер менен келген. Келген продукцияларга 10408 диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Радиология изилдөөлөр боюнча 3993 үлгү 4228 изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Жаныбарларды идентификациялоо
2024-жылдын I кварталында ЖИКС маалыматтык тутумунда 2 141,3 миң баш ири мүйүздүү мал, 2,3 миң баш чочко, 509,8 миң баш жылкы активдүү (тирүү) статусун түзөт. Анын ичинен 2024-жылы республика боюнча төлдөрдү идентификациялоодо 181,3 миң баш ири мүйүздүү мал, 1,3 миң баш чочко, 8,9 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (мындан ары – ЖИКС) каттоого алынды.
Топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасында 142 үй канаттуулар фермасы, 1433 аары багуучу чарбада 94,1 миң аары бал челектер, 415 чарбада 1754 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.
2024-жылы республика боюнча кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ветеринардык кызматынын буйругу чыгарылып, Араван, Кемин, Түп
райондору пилоттук райондор катары аныкталган. Бүгүнкү күндө пилоттук райондордо 112,9 миң баш кой-эчкилер идентификациядан өткөрүлүп, план 37% аткарылды.
Санариптик өнүктүрүү
Импорттук продукциялардын кыймылына байкоо жүргүзүү системасы
Жаныбарлардан алынган азыктардын кыймылына байкоо жүргүзүү маалыматтык системасын иштеп чыгып, ишке киргизүү боюнча тендер өткөрүлүп, «ЛидингТехнолоджиз» IT-компаниясы уткан.
2023-жылдын 8-декабрында аталган компания менен эки тараптуу контракт түзүлгөн. Контракттын жалпы баасы бардык салыктарды жана төлөмдөрдү эске алуу менен
6 965 000 (алты миллион тогуз жүз алтымыш беш миң) сомду түзөт.
Бүгүнкү күндө техникалык тапшырмага ылайык системаны иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө.
2024-жылдын апрель айында Ветеринардык кызматтын тиешелүү кызматкерлерине маалыматтык системанын тесттик версиясы менен колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилет. Маалыматтык системаны толук кандуу ишке киргизүү 2024-жылдын май айына пландалууда.
Электрондук ветеринардык сертификаттарды берүү жагы “Бирдиктүү терезенин “Тулпар” автоматташтырылган маалыматтык системасы
2023-жылдын 1-сентябрынан тартып электрондук ветеринардык сертификаттарды берүү жагы “Бирдиктүү терезенин “Тулпар” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнө № 1, 2, 3 жана 4 формадагы ветеринардык сертификаттарды жазып берүү ишке ашырылды.
Үчүнчү өлкөлөргө жазылып берилүүчү №5a, 5b, 5с, 5d, 5e, 5f формадагы ветеринардык сертификаттар 2023-жылдын 25-декабрынан тартып “Бирдиктүү терезенин “Тулпар” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу бериле баштады.
ЕАЭБ өлкөлөрүнө 2024-жылдын 1-январынан баштап 2-апрелге чейин “Бирдиктүү терезе” аркылуу 1888 ветеринардык сертификат жазылып берилди.
Уруксат документтерин “Бирдиктүү терезенин “Тулпар” автоматташтырылган маалыматтык системасы
2024-жылдын 15-мартынан тартып мамлекеттик ветеринардык текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн контролундагы товарларды импорттоого, экспорттоого жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө уруксат документтерин “Бирдиктүү терезенин “Тулпар” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу бериле баштады. Ишке ашкан күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы 135 уруксат кагаздары берилди. Анын ичинен экспортко 66 жана импортко 69 уруксат кагаздары жазылды.