Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Азирет АКИМОВ менен маек.
– Азирет Дөөлөтбекович, Бишкек шаары 3 эсеге кеңейди, Чүйдүн бир топ айылдары шаарга кошулду деп жатабыз. Ушундан улам Бишкектин Башкы планы кайра түзүлүп жатабы?
– Шаарыбыздын мурдагы планы 1997-жылы түзүлүп башталып, 2006-жылы 2025-жылга чейин деп бекиген. Мында шаар кайсы багытта, кайсы тарапка, кандай өнүгүшү керектиги камтылган. Негизи, эсептер элдин өсүшүнө байланыштуу болот. 2025-жылга чейинки башкы пландын негизинде Бишкек шаарынын калкы 1 миллион 200 000 кишини түзүшү керек болчу. Улуттук статис-тика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь айында калктын саны 1 миллион 130 000 адамды түзгөн, башкача айтканда, өсүш 4 жылга озуп кеткен. Бул демографиялык, табигый жолдон сырткары ички миграция, утурумдук миграциянын натыйжасы десек болот.
Борбор калаабыздын четинде 47 калктуу конуш бар. Булар 2005-2010, 2019-жана 2020-жылкы саясый өзгөрүүлөргө байланыштуу пайда болду. Мамлекеттик долбоорлоо институту, чет элдик экономисттер менен бирге иштелип чыккан 1997-жылдагы башкы планда аталган саясый окуялар болуп кетери эсепке алынган эмес. Эгерде алар болбогондо, Бишкек шаарынын өнүгүшү башкача нукта кетер эле. Өзгөчө, 2005-жылы биринчи революция болгондо, жер басып алуулар абдан көп болгон.
Маселен, Арча-Бешик Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары турган жерлер, Ахунбаев көчөсүнүн уландысында көп кабаттуу үйлөр курууга пландалган болчу. Коомдук турак-жайлар, социалдык объекттер курулчу жерлер жеке сектор болуп бүгүнкү абалына келип калды. 2022-жылы Президентибиздин жарлыгы менен жер мунапысы чыгып, анын негизинде кызыл китептер берилди. Трансформация болбой мыйзамсыз делип келген жерлер мыйзамдаштырылды. Себеби, ал жерлерде бүтүндөй айылдар пайда болгон. Ошого удаа экинчи жарлык кабыл алынып, мындан кийин мыйзам бузгандар жоопко тартылары белгиленди.
Учурда административдик территориялык реформа пилоттук режимде болуп жатат.
47 конуштан сырткары Сокулук менен Аламүдүн райондорунун кай бир айыл өкмөттөрү шаардын аймагына кошулду. Бул боюнча Президентибиздин жарлыгы, мэрдин токтому да чыкты. Анын алкагында реформага чейин Бишкектин территориясы 12 000 гектарды түзсө, кийин 40 000 гектарга чукул болуп көбөйөт. Бардык керектүү иш кагаздары ушул жылдын июль айына чейин мыйзамдуу толук кандуу өткөрүлүп берилет.
Ар бир жумуштун убакыт, сааты болот экен. Биз бул жумушту 2019-жылы баштаганбыз. 2025-жылга чейин башкы план менен иштөө сунушун тийиштүү мекемелерге бергенбиз. Аны этап-этап менен ишке ашыруу, ал үчүн каражат бөлүп пландай берүү сунушу боюнча каттар жазылган. 2020-жылы натыйжалуу жыйынтыкка келе албай, 2021-жылы ошол убактагы мэрдин буйругу менен жумушчу топ түзүлгөн, башкы планды жаңыртуу боюнча техникалык тапшырма жасалган.
Негизи, башкы планды түзүү үчүн топографиялык чиймеси керек. Буга чейинки бекитилген башкы пландын топографиялык чиймеси Советтер Союзу убагында жасалган. Андан бери шаардын аймагы ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болду. 2023-жылы Кыргыз мамлекеттик топография институту менен келишим түзүлүп, жаңы башкы пландын топографиясы иштелип башталды. Ушул жылдын май айында эл аралык конкурс жарыялоо боюнча Министрлер Кабинетинин башчысы, мэр тарабынан тапшырма берилген.
Борбор Азиядагы беш мамлекетти ала турган болсок, Казакстандын Астана шаарынын башкы планын япон архитекторлору, Ташкентти англичандар чийген. Башкалары да ошондой. Кыргызстанда да эл аралык конкурс өткөрүлүп, кооз архитектурадагы заманбап курулуштар пландалууда. Негизи бул 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын өнүгүшүнүн чоң стратегиялык документи. Андыктан, жеке эле Кыргызстандын институттары эмес, чет элдиктер менен бирге илимий негиз менен иштелип чыкканы дурус болот.
Башкы план боюнча жалпылап айтсам, Бишкек шаарынын түндүк-түштүк багытта өнүгүүсү катаал. Түндүк жагында Казакстан менен чектешпиз. Түштүк жакта – тоолор. Анын үстүнө, бул жактар сейсмикалык жактан активдүү зона болуп эсептелет. Ошондуктан, шаарды чыгыш-батыш тарапка өстүрүү, Сокулук, Кара Балта, Кант, Токмок менен бирге өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгышы керек. Дүйнөлүк тажрыйбадагыдай шаарларды урбанизация кылып жибербестен, борбордон ажыратуу (децентрилизация) ыкма менен майда шаарларды өнүктүрүү багытында иштешибиз зарыл. Анда ар бир сектор каралат. Балким, Спутник шаарчасын куруу дейбизби, айтор, бир нечелеген концепциялар салыштырылып, жакшы жактары алынат. Башкы план талапка ылайык, ар бир иштин мөөнөтүнө жараша бардык баскычтар менен 4 жылда бүтөт. Мында суу тартыштыгы, экология сыяктуу маселелердин баары каралат. Албетте, ачык айтылбай турчу маалыматтар да бар.
– Шаарыбыздын борборунда имараттарды куруу үчүн жерлер калдыбы?
– Борбордук бөлүктө эски өндүрүштүк зона, иштебей турган административдик имараттар, №1 СИЗОнун территориясы сыяктуу жерлер бар. Ошол жерлерде салынчу курулуштарга жаңы дем берип, жаңы багытта өнүктүрүү документтерин иштеп беришибиз кажет. Дүйнөлүк тажрыйбаны деле карасак, мындай мекемелер шаардын четине көчүрүлөт.
– Былтыртан бери калаабызда кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды алуу боюнча иштер жүрүп жатат…
– Кызыл сызыктарды шарттуу сызыктар деп койсок болот. Андан сырткары жашыл, көк, сары сызыктар да бар. Булардын ар бири өз багытына ээ. Кызыл сызыктар курулушту контролдосо, көк – сууну, жашыл – парктык аймакты тескейт. Бишкектеги шарттуу сызыктын баары 1980-жылы сызылган. Эң акыркысы – Жал, Учкун, 3,-4,-12-кичи райондорун долбоорлору иштелген. Элестетип көрүңүз, азыр ошол жылдагы сызыктарды колдонуп келебиз. 2006-жылы Башкы план кабыл алынгандан кийин 4 жыл аралыгында кечиктирилбестен жолдун категориялары аныкталып, ошого жараша кызыл жана башка сызыктар жаңыланышы керек болчу. Ал эми 2019-жылы бул багытта план иштелип чыккан менен четке кагылып калган. Айтор, ошол сызыктарды колдонуп келебиз. Ошондуктан, көбү азыркы замандын талабына толук жооп бербейт.
Бул нерсени мындай түшүнүү керек – сызыктар имараттардын үстүнөн коюлуп кете берет. Ал сызылганда, дароо аны бузуш керек эмес, эксплуатациялык мөөнөтү бүткөндө бузулат. Маселен, 1980-жылы коюлган сызыктар боюнча жол кеңейсе, ал территорияга салынган турак-жайлар бузулат. Эгерде сызыктар коюлуп калганга чейинки курулуштар болсо, компенсация берилет. Жеке турак жай эскирип, жаңы үй салса, эскертүү берилип, Башкы пландын негизинде ошол жерге жол салуу иши башталса, жери сатылып алынып, үйү бузулат. Мисалы, жаңы планда 80 метрлик жолдор кийинки муун кыйналбагыдай 100 метрге чейин кеңейиши керек. Территориялардын баарында резерв болушу шарт.
– Азыр шаардагы бир катар уруксат кагаздары жок курулуштар бузулганы турат деген маалымат бар. Булар кандайча салынган? Ким уруксат берген?
– Ооба. Тилекке каршы, мыйзамсыз курулган эки курулуш боюнча сот иштери алып барылууда. Бул “Элит Хаус” фирмасынын бир үйү жана Орто-Сай базарынын жанындагы соода борбору деп салынып, турак үй катары колдонулуп кеткен объект. Биз мыйзам талаасында жашашыбыз керек. Эгер мыйзам бузуу менен курулса, ал алынышы шарт. Албетте, ал маселеге сот органдары чекит коет.
Маселен, Орто-Сайдагы имаратты алсак, ал соода борбору болушу керек болчу. Архитектура турак үй салууга уруксат берген эмес. Ким күнөөлүү? Ал эми “Элит Хаустун” үйүнүн уруксат кагаздары толук бүтө электе курулуш иштерин баштап салышкан. Негизи, көп кабаттуу турак ¿й курганда, бир нече мекемелердин макулдугу суралат. Архитектура тарабынан документтери берилген менен экспертиза чыккан эмес. Экспертизасы, инженердик-инфраструктуралары боюнча уруксат жок. Бул ишке карата комиссия түзүлгөн. Өкүнүчтүүсү, бул жерде турак жай сатып алган карапайым калк жапа чегип жатат. Балким, нормаларга туура келген болсо, амнистия берүү боюнча да маселе каралар, аны сот органдары чечет. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматы боюнча, учурда шаарыбызда мыйзамсыз курулган ар кайсы баскычтагы 37 көп кабаттуу курулуш бар. Ал эми менчик турак жайлар, тилекке каршы, өтө көп.
– Ош базары жайгашкан жерде эмнелер болот?
– Базар бошотулат, бирок, анын территориясын кандай багытта колдонуу боюнча чечим чыга элек. Ар кандай сунуштар бар. Сквер, маданий жайлар, админитративдик борбор, дүйнөлүк соо-да борбору салынсын деген сунуштар айтылууда. Базар, автовокзалдар, ири өндүрүштүк аймактар шаардын четине чыгышы керек. Учурда аны четке чыгарууну долбоорлоо жумуштары жүрүп жатат.